Кожо-Ашкан өрөөнү - Алай кырка тоосу менен Кулдук-Тоонун аралыгында. Баткен районунун аймагында. Аянты 120 км2, узундугу 42 км, туурасы 12-30 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1800-4000 м. Батышы кууш, тармактанган тик капчыгайлардан турат, чыгышы жазы. Өрөөндүн таманы антропоген мезгилинин аллювий, пролювий жана делювий сыяктуу борпоң тектеринен түзүлүп, капталдарында палеозойдун сланец, акиташ тектеринин зоокалары чыгып жатат. Кожо-Ашкан өрөөнү — тектоникалык-эрозиялык өрөөн.

Климаты континенттик. Июлдун орточо температурасы 18°С, январдыкы -10...-15°Сге чейин; жылдык жаан-чачыны 350-500 мм. Суулары: Жылуу-Суу, Уялуу-Суу, Кулп. Курчаган тоолордун өрөөн жак беттеринде 20дан ашык майда мөңгү бар. Ирилери: Уялуу-Суу, Кулп. Жылуу-Суу жана Уялуу-Суу сууларынын алабында (3000 м бийикте) 18ден ашык ысык (температурасы 50°Сден жогору, курамында күкүрт басымдуу) булак чыгат. Таманын маданий ландшафт ээлейт; андан жогору талаа (1800-2500 м), токой (2500-3200 м) субальп, альп шалбаалуу талаа жана кар-мөңгү (3500 мден жогору) жатат. Шалы эгилет; жайлоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү