Кожо Насир ад-Дин Туси — Ирандык белгилүү математик, астроном, философ жана саясатчы. Ал XIII кылымда 1201- жылдын 28-февралында Ирандын Хорасан аймагына караштуу Тус шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын доору монгол империясынын чабуулу менен бүткүл элди чаң тополоңго түшүрүп, кайгы муңга бөлөп, үй-бүлөө, эл-журт бүлгүнгө учурап, калайык калк башпаанек издеп, дүйнөнүн айласы куруп, илимдин деңгээли түшүп турган каардуу заманга дал келген. Ходжа Насир ад-Дин Туси карапайым элге өзүнүн акыл насаатын айтып, аларга күч кубат берип турган, так ошол каардуу замандын жаркырап жанган жылдызы болгон. Ал жаш кезинен эле Куранды жана хадистерди, шийиттер агымынын юридикалык бөлүмүн, философия, математика, медицина жана астрономия илимдерин кызыгуу менен окуп баштаган. Кийинчерээк Масул шаарындагы Камал ад-Дин Ибн Юнисден математика жана астрономия илимдерин тереңирээк өздөштүргөн. Насир ад-Дин Тусинин ахлак жана астрономия боюнча көптөгөн китептери жазылган. Анын макалалары латын тилинде 1652-жылы Лондондо кээ бирлери Египетте, Индияда, Иранда жарык көргөн. Анын саясий-укук, социалдык-философиялык жана коомдогу көз карашы, аны терең талдап, кылдаттык менен изилдеп, жазгандыгында. Ал 1235-жылдары Аламут сепилинде исмаилит-низарит резиденциясында жашаган. Ал монгол элдик революциялык партиясынын жетекчилеринин бири болуп, 1256-жылы Аламуттун Монголдорго өткөрүлүп беришине өз салымын кошкон. Ханзада Хулагу ага ыраазычылыгын билдирип, аны өзүнүн астрологу кылып шайлаган. 1258-жылы Ханзаада Хулагунун Багдадка болгон чабуулуна катышып, халифтер менен аладын өз ыктыярлары менен багынып берүүсү жөнүндө жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал көп жылдары Хулагунун каражат маселелери боюнча кеңешчиси болуп, натыйжада салык реформасы тууралуу эң алгачкы долбоорлордун бирин түзгөн.

Насир ад-Дин Тусинин эмгектери түзөтүү

Насир ад-Дин Тусинин тарыхта калган изи болуп Марага аймагындагы ислам дүйнөсүндөгү эң белгилүү жана алгачкы илимий обсерваториянын ачылышы болгон. Ал обсерваториянын жанына илимпоздор үчүн Багдад, Сирия, Бейрут жана Алжирден алынып келген төрт жүздөн ашык томдон турган чоң китепкана жайгашкан. Андан тышкары Насир ад-Дин Тусинин резиденциясында атайы астрономдор тобуна арналган жана аларды окутуу үчүн илимий мектеп жайгашкан. Ал өмүрү бою обсерваториянын имердүүлүгү үчүн өз салымын кошуп келген. Анын дагы бир эмгеги “Насирдин ахлагы” болуп эсептелет. Анда тарбия жана адеп-ахлакка басым жасап, тарбиянын баалуулугу жана көп тараптуу билим алуу, адамдын тиричиликтеги ар тараптуулугу, адамдын коомдогу акыл ойу жана баалуулугу боюнча көз караштары камтылган. Ходжа Наср ад-Дин Туси 1274-жылы бир нече өзүнүн шакирттери менен Багдад шаарына, ал жактагы сакталган китептерди жана илимий изилдөөлөрдү алып келүү үчүн барган, бирок шум ажал кай жерде болбогун, эмне кылбагын өзүнүн тилегине жетет тура. Тилекке каршы ошол эле жылдын 2-июлда ал жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын сөөгү Багдаддан аль-Казимайнга алып келинип жерге берилген.

Математика түзөтүү

Тусинин математика тармагындагы эмгектеринин маанилүүсү “Толук төрт бурчтук жөнүндө трактат (башкача которулушу “Кесүүчү сызык фигурасы жөнүндө трактат). Аталган трактат фарсы тилинде Туси Аламатка барган заманда жана араб тилинде бир канча кыскартылган вариантында Марагеде (1260-жылы) жазылган. Өзүнүн иши жана окуусу менен ага жол көрсөтүп кеткен устаты катары аль-Бирунини “Астрономия илиминин ачкычтары жана анын айланасында болуп жаткан нерселер” аттуу китеби менен көрсөткөн. Анын трактатында ас-Салардын трактаты так эле ушул маселе менен айтылган, анын себеби Хулагу башкарып турган заманда ат-Туси менен ас-Салардын ортосунда кандайдыр бир келишпестиктер болушу мүмкүн болгон. Ат-Тусинин бул эмгеги Региомонтана (1436-1476) негизги булак болуп эсептелип, тригонометрия тарыхындагы жаңы этаптын башталышы менен байланышкан. Тусинин тарктаты 5 томдон (китептен) турат. 1-китепте курамдуу мамилелерлердин теориясы камтылган. Ат-Туси Омар Хайям менен Сабит ибн Корранын ой-толгоолорун изилдеп аны өркүндөтүп, мамилелердин рационалдуу жана иррационалдуулугун аныктаган сандардын кеңири түшүнүгүн киргизген. 2-китепте жалпак төрт бурчтукка карата Менелая теоремасына карата ар кандай тастыктоолор менен окуяларды камтыган. 3-китепте синус, косинус жөнүндө түшүндүрмөлөр берилип, жалпак тригонометрия теоремаларын тастыктаган. Ал жалпак үч бурчтуктардын эрежелерин изилдеп отуруп, синустардын жалпак теоремасына тастыктоо тапкан. Ал эми акыркы 5-китебинде спецификалык тригонометриянын теоремалардын “Кесүүчү сызык фигуралардын” жардамы менен чечилген – тангенс теоремасы менен синус теоремасы сыяктуу бир канча маселелер каралган. Ушул эле 5-китепте жыйынтык катары спецификалык үч бурчтуктарды чыгаруу боюнча бир нече эрежелер берилген. Ат-Тусинин кошкон зор илимий салымынын натыйжасында Тригонометрия астрономиядан бөлүнүп өзүнчө илим болуп калган. Ат-Тусиге параллель жөнүндө окуу тууралуу көптөгөн макалалар таандык. Биринчиден бул теория Евклид жазуусу катары ат-Тусиге таандык деп изилденип келет. Бул эмгектин чыгарылыштарынын бири 1594-жылы Римде латын тилине которулуп чыккан. Ал эми бул постулатты тастыктоо иретинде кийинчерээк Жон Валлис тарабынан 1693-жылы кайрадан жарыкка чыккан. Туси өзүнүн изилдөөлөрүндө кинематикалык элестерди бир канча жолу келтирген. Архимедке удаа эле Туси шар, тегерек цилиндр жана конус фигураларын аныктаган. Ал кыйшак жана түз сызыктарды анын үстүн салыштыруу үчүн серпилүү кыймылын тапкан.

Механика түзөтүү

Насир ад-дин Тусинин механика тармагындагы жетишкендиги кинематикага байланыштуу. Анын аталган тармактагы өзгөчө көзгө көрүнөөрлүк салымы болуп “Лема Туси” эсептелет. Эгерде R жана 2R радиусундагы эки тегерек берилген болсо жана кийинекей тегерек чоң тегекетин ички беттерине тийип эч тоскоолсуз айланса, анда кичинекей тегеректин негизги М точкасы түз сызыктуу термелүүчү кыймыл чоң тегеректин диаметринин бардыгына тийет. Насир ад-Дин Туси аталган леманы тастыктап кичинекей тегеректин кыймылын эки тегерете айланган эки тегеректин биригүүсүн көрсөткөн. Азыркы заманбап көз караш менен караганда сөз абсолюттук катуу телалардын “татаал кыймылы” жөнүндө болуп жатат. Тусинин Лемасын аш-Ширази, Ибн-аш-Шарит, кийинчерээк Коперник жана башкалар да колдонушкан. Тусинин теоретикалык ачылыштары механика үчүн абдан маанилүү болгон, анткени Аристотелдин убагынан бери келе жаткан эки кыймылдын карама каршылыгын жеңип чыгууга мүмкүндүк берген.

Астрономия түзөтүү

Туси 1259-жылы ошол доордун эң ири обсеваториясы деп эсептелген Марагин обсерваториясын Тебриз шаарынан анча алыс эмес жерде ачкан. Туси Хулагуга барып обсерватория куруу максатын айтканында ага кете турган каражат абдан көптөй сезилген жана Туси Хулагуга түн ичинде анын армиясы эс алып аткан учурда асмандан жез идишти түшүрүүнү сунуш кылган. Жез идиш асмандан түшүп келе жатканда алай дүлөй баш аламан үндөр угулат, ага айран таң калган аскерлер эмне экенин билбей ден дароо болушат. Ошондо Туси “Биз бул алай дүлөй үндөрдүн себеби эмнеде экенин билебиз, ал эми аскерлер билбейт; биз бейкапарбыз, ал эми аскерлер тынсызданууда; ушундай эле, эгер биз асмандагы болуп жаткан нерселерди билип турсак, жерде тынчтыкта жашайбыз” деген экен. Тусинин мындай сөздөрү Хулагуну ынандырып обсерватория курууга 20 миң динар бөлүп берген экен. Хулагу Тусинин өтүнүчү менен анын аскерлерине туткунга түшкөн илимпоздордун баарын өлтүрбөй Марагиге алып келүүсүн буйруйт. Ал эми Марагуга монголдор колдоруна тийген кол жазмаларды менен астрономиялык аспаптарды алып барып турушкан. Ошентип обсерватория көптөгөн жаңы жасалган шаймандар менен толтурулган. Анын кызматчылары ас-Самарканди, ал-Казвини, ал-Магриби, аш-Ширази жана башка көптөгөн илимпоздор болгон. Аталган обсерватория Чыгыш өлкөлөрүндөгү көптөгөн обсерваторияларга өзгөчө Пекиндеги обсерваторияга өтө чоң таасирин тийгизген. Астрономдордун 1259-жылдан 1271-жылга чейинки 12 жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында “Ильхан жадыбалы” (“Зиж Ильхан”) болгон. Аталган зижде Күндүн жана планеталардын жайгашкан ордун далилдеген жадыбалдар, жылдыздар тизмеси жана синус жана тангенс 1 аралыктарынын алгачкы алты сандуу жадыбалы болгон.

Үй бүлөсү түзөтүү

Насир ад-Дин Тусинин үч уулу болгон: улуу баласы Садр ад-Дин Али атасынын жанында болуп философия, математика илимдерин жетишээрлик деңгээлде өздөштүргөн. Анын экинчи уулу Асил ад-Дин Хасан илимге жакын адам болгон жана өмүрүнүн көбүн саясатка аралашып өткөргөн. Ал эми эң кичүү үчүнчү уулу Кожо Фахр ад-Дин Мухаммад Ислам өлкөлөрүнө төбөлу көрүнгөн ишбилги инсан болгон. =Окшош издөөлөр=

  • Ирандын маданий жана руханий мурастары
  • Мараге обсерваториясы

Шилтемелер булагы түзөтүү

  • Насир ад-Дин Тусинин өмүр баяны
  • Насир ад-Дин Туси
  • Насир ад-Дин Туси Иран китепканасын өнүктүрүү уюму 1389
  • Mirchandani, Vinnie (2010). The New Polymath: Profiles in Compound-Technology Innovations (in انگلیسی). John Wiley & Sons. p. 300. ISBN 978-0-470-76845-7. Nasir. al-Din. al-Tusi: Stay. Humble. Nasir al-Din al-Tusi, the Persian polymath, talked about humility: “Anyone who does not know and does not know that he does not know is stuck forever in double ...[[Category:]]
  • CHRONOLOGY OF IRANIAN HISTORY PART 1 iranicaonline.org
  • "Tusi, Nasir al-Din al-." Encyclopædia Britannica. 2007. Encyclopædia Britannica Online. 27 December 2007 <http://www.britannica.com/eb/article-9073899>.
  • Arthur Goldschmidt, Lawrence Davidson. "A Concise History of the Middle East", Westview Press, 2005. Eighth edition, pg 136
  • Rodney Collomb, "The rise and fall of the Arab Empire and the founding of Western pre-eminence", Published by Spellmount, 2006. pg 127: "..Nasr ed-Din Tusi, the Persian, Khorasani, former chief scholar and scientist of "
  • Nanne Pieter George Joosse, Bar Hebraeus, "A Syriac encyclopaedia of Aristotelian philosophy: Barhebraeus (13th c.), Butyrum sapientiae, books of ethics, economy, and politics: a critical edition, with introduction, translation, commentary, and glossaries", Published by Brill, 2004. excerpt: " the famous Persian scholar Naslr al-Dln al-Tusi
  • Seyyed Hossein Nasr," Title Islamic philosophy from its origin to the present: philosophy in the land of prophecy",Publisher SUNY Press, 2006. pp 167: “In fact it was common among Persian Islamic philosophers to write few quatrains on the side often in the spirit of some of the poems of Khayyam singing about the impermanence of the world and its transience and similar themes. One needs to only recall the names of Ibn Sina, Suhrawardi, Nasir al-Din Tusi and Mulla Sadra, who wrote poems alongs with extensive prose works”
  • James Winston Morris, "An Arab Machiavelli? Rhetoric, Philosophy and Politics in Ibn Khaldun’s Critique of Sufism", Harvard Middle Eastern and Islamic Review 8 (2009), pp 242–291. [۱]excerpt from page 286 (footnote 39): "Ibn Khaldun’s own personal opinion is no doubt summarized in his pointed remark (Q 3: 274) that Tusi was better than any other later Iranian scholar". Original Arabic: Muqaddimat Ibn Khaldūn: dirāsah usūlīyah tārīkhīyah / li-Aḥmad Ṣubḥī Manṣūr-al-Qāhirah: Markaz Ibn Khaldūn: Dār al-Amīn, 1998. ISBN: 977-19-6070-9. Excerpt from Ibn Khaldun is found in the section: الفصل الثالث و الأربعون: فی أن حملة العلم فی الإسلام أکثرهم العجم (On how the majority who carried knowledge forward in Islam were Persians) In this section, see the sentence sentence where he mentions Tusi as more knowledgeable than other later Persian ('Ajam) scholars: . و أما غیره من العجم فلم نر لهم من بعد الإمام ابن الخطیب و نصیر الدین الطوسی کلاما یعول علی نهایته فی الإصابة. فاعتیر ذلک و تأمله تر عجبا فی أحوال الخلیقة؛ و الله یخلق ما بشاء لا شریک له الملک و له الحمد و هو علی کل شیء قدیر و حسبنا الله و نعم الوکیل و الحمد لله.
  • Seyyed H. Badakhchani. Contemplation and Action: The Spiritual Autobiography of a Muslim Scholar: Nasir al-Din Tusi (In Association With the Institute of Ismaili Studies. I. B. Tauris (December 3, 1999). ISBN: 1-86064-523-2. page.1: ""Nasir al-Din Abu Ja`far Muhammad b. Muhammad b. Hasan al-Tusi:, the renowned Persian astronomer, philosopher and theologian"
  • Насир ад-Дин Тусинин даншымандыгы Эттелаат
  • سید حسین نصر و الیور لیمان در کتاب History of Islamic Philosophy. جلد اول. ISBN: 0-415-25934-7. ۱۹۹۳. ص۵۴۲
  • خواجه نصیرالدین طوسی و نقش او در گسترش تشیّع و حفظ آثار اسلامی
  • سید حسین نصر و الیور لیمان در کتاب History of Islamic Philosophy. جلد اول. ISBN: 0-415-25934-7. ۱۹۹۳. ص۵۴۳
  • سید حسین نصر و الیور لیمان در کتاب History of Islamic Philosophy. جلد اول. ISBN: 0-415-25934-7. ۱۹۹۳. ص۵۳۱–۵۳۲
  • سید حسین نصر و الیور لیمان در کتاب History of Islamic Philosophy. جلد اول. ISBN: 0-415-25934-7. ۱۹۹۳. ص۵۳۳
  • Насир ад-Дин Тусинин Мустафа Бадкубе 1369 биринчи чыгарылыш
  • 2003ASPC..289..157B Page 157
  • http://books.google.com/books?q=10269+tusi&hl=lt
  • "Nasir al-Din al-Tusi's 812th Birthday". Google. Retrieved 19 February 2013.
  • "In Persian نگاه عربی به خواجه نصیرالدین طوسی در گوگل". 19 February 2013. Retrieved 19 February 2013.
  • http://aftabnews.ir/fa/news/147011/روز-مهندس-مبارک
  • سید حسین نصر و الیور لیمان در کتاب History of Islamic Philosophy. جلد اول. ISBN: 0-415-25934-7. 1993. ص۵۳۸–۵۳۹
  • Ansari, Hassan and Sabine Schmidtke, The Transmission of Abū l-Ḥusayn al-Baṣrī’sThought and Writings,
  • Насир ад-Дин Тусинин өмүр баяны
  • “Насир ад-Дин Туси” Малек Мекан Хамид
  • Насир ад-Дин Тусинин чыгармалары Разави Мухаммад таги 1418 ар.ж.
  • https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%AE%D9%88%D8%A7%D8%AC%D9%87_%D9%86%D8%B5%DB%8C%D8%B1%D8%A7%D9%84%D8%AF%DB%8C%D9%86_%D8%B7%D9%88%D8%B3%DB%8C

Астрономия, Математика, Философия, Маданият, Адабият