Койбуурчак (лат. Cicer) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруу. Бир, көп жылдык чөп, айрым түрлөрү чала бадалча. Бүт өсүмдүк жөнөкөй же безчелүү түктүү. Сабагы тик, түз (бир жылдыктар) же түп жагы жантык (көп жылдыктар, чала бадалдар). Сабакка жабышып өскөн жан жалбырактуу. Жуп же так сандуу канаттай, катуу жалбырактуу. Гүлдөрү 1-3 (5), алар саптуу жалбырак колтугунда жайгашкан. Желекчелери ак, күлгүн, көгүш, кызыл, мөмөсү бышканда өзү ачылат, формасы сүйрү, жумуру; үлпүлдөк же безчелүү түктүү, 1-3 уруктуу. К-тын 20 түрү белгилүү, алар Жер ортолук деңиздин чыгыш ждагында, Борбордук Азияда, Кытайда жана Түндүк Америкада кездешет. Атайы өстүрүлүүчү (кадимки К.) түрү бар. Кургакка, суукка чыдамдуу. Уругу буурчак катары тамак-ашка кеңири колдонулат. Анда белок заты көп. Кыргызстанда 2 түрү Талас, Чаткал, Фергана, Алай, Туркестан тоолорунун кургак беттеринде, таштактуу адырда өсөт. Колдо айдалган түрү жок.

Cicer arietinum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү