Койсан (бушмен, кап) расасы — африкалык раса. Мурда бул раса негроид расанын бир бөлүгү деп эсептелген. 1962 жылы америкалык антрополог Карлтон Кун тарабынан кичи раса катары сунушталган.
Азыркы мезгилде койсан расасы өзүнчө чоң раса катары каралууда.


Бушмен мергенчиси.


РАСАНЫН ЖАЙЫЛЫШЫ

Түштүк Африкада таралган. Койсан расанын өкүлдөрү — бушмендер, готтентоттор жана Түштүк Африкадагы кээ бир банту тилдеринде сүйлөгөн этникалык топтор.


МҮНӨЗДҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • Башка негроиддерден айырмаланып, койсаниддер тери күрөң же саргыч-күрөң түсүнө ээ.
  • Бою негроиддерге (пигмейлерден башка) караганда төмөн.
  • Жүзү кичинекей, жалпак.
  • Кең мурун.
  • Көздөрү негроиддерге караганда кичине, үстүңкү кабактын бүктөмү жакшы өнүккөн. Эпикантус кездешет.
  • Беттеги жана денедеги чачтын сейрек өсүшү.
  • Башындагы чачтар спираль түрүндө тармал.
  • Бел лордозу олуттуу стеатопигия (жамбаштагы май) менен айкалышат. Аялдарда кездешет (эркектерде азыраак).
  • Чоңдордун терисине эрте бырыш түшөт.

Айрым өзгөчөлүктөрү монголоидге окшош.
Койсан расасынын курамында кээде эки антропологиялык тип — бушмен жана готтентот болуп бөлүнөт. Готтентот тиби чекесинин эңкейиши, өнүккөн каш рельефи, баш сөөгүнүн чоңдугу жана чоң бою менен мүнөздөлөт.


КЕЛИП ЧЫГЫШЫ

Койсан расасы Түштүк жарым шардагы байыркы расанын калдыгы деп эсептелет. Байыркы убакта ал раса кеңири таралган, анын ичинде экватордун түндүгүндө. Бул фактыларды палеолит жана мезолит табылгалары (байыркы расанын белгилери менен) тастыктайт.
Кийинчерээк, түндүктөн жана батыштан келген негроиддер байыркы расаны сүрүп чыгарышкан.

Булактар

түзөтүү