Кокуй тикен (лат. Cousinia) — өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, чанда эки жылдык чөп. Сабагы түз, көп бутактуу, жалбырагы кезектешип жайгашкан, жээги тегиз же бир, эки, үч ирет тилкелүү, катуу, тикендүү, чандасы гана тикенсиз. Жалбырактары негизинен тамыр моюнчасына топтолгон, сабагында жогорулаган сайын майдараак. Гүлү ар кандай санда, кош жыныстуу, ар бир сабактын учунда жалгыздан же калемчедей, шыпыргыдай, калканчадай топ гүлдү түзөт. Гүлү түтүкчөдөй, желекчелери мала же көгүш кызыл, мала көк, сары. Аталыгы 5, энелиги бирөө, мөмөсү — урукча, ак же саргыч үпүлүү. Жер жүзүндө 600 түрү Чыгыш Азияда, Жуңгар, Кашкар, Гималайда таралган, Кыргызстанда 80ге жакын түрү өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейин таралган. Айрымдары — шалбаадагы, айдоодогу зыяндуу отоо чөп. Кээ биринде пайдалуу микрожана макроэлементтер, кант жана башкалар заттар көп.

Cousinia pterocaulos.

Колдонулган адабияттар түзөтүү