Нирджи Бханот түзөтүү

Нирджи Бханот 1963-жылы, 7-сентябрда Индиянын Чандигарх шаарында жарык дүйнөгө келген. Нирджа “Ыйык жүрөк” орто мектебин аяктаган. Андан соң, Мумбайда билимин уланткан. Бир убактарда моделдик жаатта эмгектенип, 16 жашында бир нече белгилүү бренддердин жүзү болгонго жетишкен. 1986-жылдын март айында Нирджаны ата-энелер макулдашуусу менен күйөөгө узаткан. Бирок, күйөөсү берилген калыңына нааразы болуп, бир нече жумадан кийин Нирджаны төркүнүнө кайрадан жеткирип берген. Ажырашкан соң, Нирджа өз бакытын дагы бир ирет сынап, "Стюардесса" болуп иштөөнү көздөп, Pan America авия компаниясына ишке орношот. Өзүн мыкты ишкер катары көрсөтө алгандыгынан улам, көп узабай ага “Башкы стюардесса” наамы берилет. Адаттагыдай эле жумушка киришип, “PA 73” каттамына башкы стюардесса болгон. Ал учак Мумбайдан Пакистандын Карачи шаарына конуп, андан ары Франкфуртка, ал жактан кайра сапар улай Нью-Йоркко баш бакмак. Учак Карачи шаарына 05:00 убакыт чамасында конгондо 4 курал-жарак көтөргөн террористер учакты басып алган. Учакта 2 учак айдоочусу жана учак инжинери болгон. Кооптондуруу белгилерин Нирджи өз убагында бергендиктен, алар качууга үлгүргөн. Ал эми, Нирджа башкы стюардесса болгондуктан, учакты башкарууну өз мойнуна алган. Террористтер Абу Нидал уямунан болгон жана алар “Мен америкалыкмын” дегендердин баарын аткан. Андан кийин америкалыктарды табуу үчүн, Нирджа Бханотко бүт жүргүнчүлөрдүн паспортторун чогултууга буйрук берген. Нирджи 19 америкалык жүргүнчүлөрдүн паспортторун жашырган. 17 сааттан кийин, террористер ок ата баштаган. Ошол заматта Нирджа коопсуздук эшигин ачып, элдерди коё берип, бир топ элдин өмүрүн аман алып калган. Андан соң, окко өзүнүн төшүн тосуп, үч жаш баланын өмүрүн сактап калды. Азыркы убакта ошол балдардын бири, учак айдоочусу болуп эмгектенет. Нирджи Бханотко “Ашок Чакра” наамы, жана башка көптөгөн сыйлыктар ыйгарылып, каза болгонуна карабай, “Баатыр” деген титул берилген. Ал бул жарыкчылыкта бар болгону 22 жыл гана жашады. Анын акыркы күнү 1986-жылдын, 5-сентябры болду.

Нирджи Бханот тууралуу кыскача эскермелер: - Нирджа бүтүн үй-бүлөнүн сүйүктүү кызы эле. Үй-бүлөдө аны мээрим менен эркелетишип, “Ладо” деп атап коюшкан. Ал Чандигарда туулуп-өсүп, кийинчерээк ата-энесинин чечими менен Мумбайга көчүп келишкен; - Анын атасы Хариш Бханот убагында журналист болгон. Бул тармакта туура 30 жыл эмгектенген. Ал 2008-жылдын 1-январында, 86 жаш курагында курман болгон;

- Нирджа бала курагынан тарта моделдик кесипти аркалаган. Ал бир нече жарнамалардын жана бренддердин жүзү болууга жетишкен; - 21 жаш курагында турмушка чыгып, тилекке каршы эки айдан соң, жолдошу экөө эки ажырым жолго түшүшкөн; - Ал өзүнүн туулган күнүнө болгону эки күн калганда дүйнө салды. “Биз анын 23 жаш курагын белгилөөгө катуу даярданып жатканбыз” дейт бул туурасында анын күйүткө баткан атасы; - Анын урматына Мумбай шаарынын эс алуу аянтына анын ысымы ыйгарылган; - 2004-жылдан тарта Индия почта кызматы анын атынан кызмат кыла баштаган. - 259 адамдын өмүрүн сактап, "Үч жаш баланы коргойм" деп, окко төшүн тосуп, ажалга моюн сунган Нирджа Бханоттун өмүр таржымалын чагылдырган "Нирджа" тасмасы тартылган. Бул тасма тарыхый тасмалардын катарын толуктай алды.Жасалгаланбоочу тексти бул жерге киргиз

Жүрөктүн коронардык (ишемиялык) оорусу түзөтүү

Жүрөк - күнүнө 100000 ирет, айына 3 миллион жолу кагылып, суткасына 100 литр кандын бүткүл организм боюнча айланышын камсыз кылган уникалдуу орган болуп эсептелет. Орточо салмагы 300 граммды түзгөн адам жүрөгү кан тамыр системасындагы эн башкы звено. Жүрөк жыйрылганда анын оң тарабынан кан өпкөлөргө жетип, ал жерде кислород менен азыктанат да, андан сон жүрөктүн сол бөлүкчөлөрүн кыйгап өтүп бүткүл организмге таркайт. Ал эми жүрөктүн кислород менен үзгүлтүксүз азыктанышын аортадан таралган коронардык тамырлар камсыздайт. Жүрөк оорусу ар түрдүү. Ошентсе да алардын ичинен эң көп таралганы – жүрөк коронардык (ишемиялык) оорусу (КБС). КБСтын пайда болушуна негизи коронардык артериялардын тарышы жана атеросклеротикалык бүртүкчөлөр менен бүтөлүп калышы башкы себептердин бири. Натыйжада жүрөк булчуңдарынын кислородго болгон муктаждыгынын тең салмактуулугу бузулат.

Көп сандаган илимий изилдөөлөр КБСтин өнүгүшүно жана күчөшүнө шарт түзүүчү факторлорду аныктоого мүмүундүк берди. Алар опурталдуу факторлор деп аталат.

КБСтин калк арасында кеңири таркалган жана ушул оору менен байланышкан негизги факторлорунун катарына төмөнкүлөрдү кошсо болот:

· Майлуу азыктарды сиңирүүнүн бузулушу (кандагы холестериндин ашыкчалыгы);

· Артериалдык кан басымдын көтөрүлүшү;

· Тамеки чегүү;

· Кант диабети, ширин азыктардын канда көбөйүшү;

· Дененин ашыкча салмагы, семирип кетүү;

· Кыймыл аракеттин азайышы (гиподинамия);

· Психоэмоционалдык таасирленүү, депрессия; · Стресс.

Бирок, дарылоо жолу менен жөнгө салуу колдон келбеген:

· Жыныстык;

· Жаш курак;

· Тукум куучулук сыяктуу факторлор бар.

КБСтин пайда болушуна жана күчөшүнө шарт түзгөн опурталдуу факторлорду коррекциялап туруу, тактап айтканда көзөмөлдөө бул дартты алдын алуунун өзөгүн түзөт. КБС ар кандай формада пайда болушу мүмкүн. Эң негизгилери – стенокардия менен миокардын инфаркты экендигин айтыш керек.

Стенокардиянын башкы белгилери бул көкүрөк капталда же жүрөк тушта ооруксунун, салмактануу, кысылуу, ачышуу байкалат. Ооруксунуу адата моюнга, ичинге, колго, көбүнесе сол тарабына берилип узактыгы 3-5 минутага созулат.

Негизинен күчүркөнүүнү токтоткондо же нитроглицерин таблеткасын кабыл алганда 2-3 минутадан кийин ооруксунуу жоголот. Стенокардиянын тез-тез кармаган стабилдүү агымын туруксуз абалдан, өзгөчө миокардын инфарктысынан айрымалоо учун ото маанилүү. Ооруксунун тынч олтурганда да пайда болот. Нитроглицериндин демейдеги дозасы жардам

бербесе жана аны көбөйтүү зарылдыгы пайда болгон жагдайда миокард инфарктысы менен башка оорулардын да илешүү коркунучу күчөйт.

Эгер ооруксунун күчөгөндөн күчөп, узактыгы 20 минутадан ашса, тынч абалда деле толкун сымал кайталанса, ага ныксыроо жана коркунуч сезими кошулса, жүрөктүн согушу тездеп жана артериялдык кан басым кескин термелсе тезинен врачтын кеңеши же тез жардам чакыруу зарыл. Мындай учурда баардыгынан мурда миокардын инфаркты болдубу деп шектенүү туура. КБС кыстаган кырдаалда озүңүздөргө жана жакын адамдарыңыздарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча эң зарыл маалыматтар менен бирге бир нече жөнөкөй кеңештерди бергибиз келет.

Албетте, ден соолук үчүн эң башкысы – эмгектенүү менен эс алуу, рационалдуу режимди сактоо зарыл. Ден соолукту сактоодо туура бөлүштүрүлгөн күн тартиптин мааниси зор. Дайыма бир убакта жатып, бир убакта турууга аракет жасоо зарыл. Уйку жетишээрлик, 8 саатан кем эмес жана терең болушу керек.

Диетаны сактоо керек, башкача айтканда тамакты ылгап жеш абдан керек. Орчундуу дегендерин санап берейин: кара нан, жаңы жашылча, жемиш (күнүнө 400 граммдан кем эмес), буурчак жана анын түрлөрү, жаңгак, уй канаттулардын ак эти, балык, майсыз сүт азыктар.

Ал эми, төмөндөгү тамак аштар менен азыктанууну чектөө керек: майлуу эт, малдын ич эти, куурулган жана ышталган тамактар, сары май, майлуу сут азыктары, жумуртка, кант, таттуу, кондитер азыктары, тузду кунуно 5 граммга чейин гана жеш керек, алкоголь ичүүнү чектөө зарыл. Жогорудагы факторлордон тышкары дене салмагына да көңүл буруу зарыл. Нормалдуу салмакты аныкташ үчүн бой (см) – 100см формуласын колдонсоңор болот. Мисалы: 180см-100см=80кг. Салмактын көрсөткүчү катары сиздин белгиниз да кызмат кылат. Эркектердин бел курчоосу 102см, аялдардыкы 89см ашпоосу керек. Өзүнөрдүн белиңер менен жамбашыңарды ченеп көргүлө. Эркектердики < 0,90, аялдар учун < 0,85 < > нормалдуу.

ИБС жана артериялдык гипертония менен ооругандар үчүн көкүрөк тушка жана семирүүнүн абдоминалдык (жогору) тиби курсакка (эркектерге мүңөздүү) топтолгон май алда канча жагымсыз экендигин билүү маанилүү.

Бүгүнкү күндө көбүнесе шаардыктар транспортту, лифтини көп колдонуп, үйгө келсе телевизордун жанынан чыкпай же китеп тиктешет.

Оорулуулар өзүлөрүн сергек сезиши жана ден соолуктарын чындаш үчүн кыймыл аракеттердин ылайыктуу режимин сактап, дарылоочу физкультуранын атайын комплекстерин аткаруулары керек. Дене тарбиялык көнүгүлөр катары биз эртең мененки гигиеналык гимнастиканы, дарылоочу физкультуранын комплекстерин, ченемдүү басыкты, айрымдарга чуркоону, велосипедде жүрүүнү, лыжа, коньки тээп, сууда сүзүүнү сунуш кылабыз. Физикалык көнүгүүлөр ИБС менен ооругандарды реабилитациялоонун натыйжалуу куралы болгон менен, кээде аны ашкере колдонуунун кооптуу жактары да бар. Ошондуктан физикалык көнүгүүлөрдүн коопсуз деңгээлин аныктап алуу өтө маанилүү.

Тамеки чегүүнүн зыяндуулугун баарыбыз билебиз. Никотин – жүрөк кан тамыр системасынын эң башкы душмандарынын бири. Кан басымды көтөрөт, тамырларды тарытат, аритмияны пайда кылып, кан тамырлардын капталдарында жаман холестериндердин топтолушуна себепчи болот, канды коюлтуп, кандагы кислородду азайтат. Ушунун баары биригип ИБС дарттуулардын жүрөк кан тамырларына күч келтирет. Ошондуктан тамеки чегүүдөн баш тарткан соң. Ал эми алкоголь туурасында ар кандай көз караштар бар. Айрым илимпоздор азыраак ченемде (30 мл спирт, 60 мл арак, 240 мл вино же 355 мл пиво) күнүнө ичсе ден соолукка зыянсыз деп эсептешет.

Бирок, канткен күндө да мындай өлчөмдөгү алкоголду ичүүгө болбойт. Анткени, врачтар айтты деген менен адам өзүн карманалбай ашыкча ичиши мүмкүн.

Диспансердик текшерилүү жана алдын ала дарылануу-дарттын күчөп кетишине жол бербейт, ден соолуктун жана ишке жарамдуулуктун сакталышына өбөлгө болот. Ошондуктан маал маалы менен текшерилүүнү, врач жазып берген дарыларды узак убакыт, зарыл учурда туруктуу кабыл алып турууну, медикаментоздук эмес дарылануу жана сергек жашоо боюнча врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуш кылабыз. Сакаюу врач менен бейтаптын биргелешкен аракетине жараша болот.

Эгер көкүрөктө ооруксунуу пайда болуп, стенокардия кармаса өзүңүзгө төмөндөгүдөй жардам берсеңиз болот:

1. Тынчтанып, бош карманыңыз.

2. Буттарыңызды жайып олтуруңуз (жүрөктүн иштеши оңолот).

3. 1 таблетка нитроглицеринди тилиңиздин алдына салыңыз (5 минутадан кийин кайталаңыз).

4. Кан басым көтөрүлгөндө 12,5-25 мг капотенден 1 таблетка ичиңиз.

5. Тез жардам чакырыңыз.

Эң жакшысы – эч убакта оорубаңыз!

Ал өзүңүздүн колуңузда.

Гепатит деген эмне? түзөтүү

- Гепатит – боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп 5 түргө бөлүнөт. Бул – жугуштуу ооруулар, боорду уулантуучу дары-дармектер, нерселер, мите курт микроорганизмдери, боордун иштебей калышы, иммундук системанын ишинин бузулушуна алып келет. Бул факторлор гепатиттин ар бир түрүнүн аталышын аныктайт: • Вирустук (Жугуштуу); • Ууландыруучу (алкоголдон, дары-дармектерден); • Нур гепатити (нур оору компоненти); Клетканын жабырлануу даражасы боюнча аныкташат: • Оорунун жеӊил формасы; • Анча оор эмес абал; • Өтүшүп кеткен, оор форма. Бул бир караганда таӊ калычтуу көрүнүшү мүмкүн, бирок – гепатит термини медициналык практикада жакынкы аралыкта эле пайда болгон. Тактап айтканда 1973-жылы Б гепатитине байланыштуу. Мында боор ооруулары адамзаттын цивилизациясы менен кошо жашап келе жатат десек да туура болот. Гепаптит мурдагы мезгилдерде (айрым жерлерде азыр деле) «сарык» деген ат менен белгилүү болгон. Грекче icterus – саргыч тери. Теринин саргыч тартып калышынын себебинен «Сарык» деп аталып калган. Ооба, сарык – бул жабыркаган боордун бирден-бир белгиси болуп эсептелет, бирок ал бир гана түрү катары каралбайт. Саргаюнун өзү сепсисте дагы,өпкөгө суук тийгенде дагы, ич келте ооруусунда болушу мүмкүн. Бирок, сарык кээде эч кандай саргаюу жана башка белгилерсиз өтөт, бул дарт аныктоодо кыйынчылык алып келет: мындай ачык көзгө көрүнгөн белгилерсиз олуттуу жана коркунучтуу дартты оӊой эле өткөрүп жиберүүгө болот. Көпчүлүк учурда сарыктын пайда болуусу вирустарда алар боордун клеткаларында жайгашып, ал органдын нормалдуу иштешин бузуп, жаӊы вирустардын пайда болуусуна шарт түзөт. A(Боткин оорусу HAV), B(HBV), C(HCV), D(сарык дельтасы HDV), E(HEV), F(HF), G(HGV, GBV-C), TTV, SEN – сарык вирустарынын түрү. Андан тышкары сарыктын түрлөрү бар, алардын 20дан ашууну белгилүү. Оорунун курч, жабык өнөкөт түрү же так белгисиз өткөн учуру болот. Сарыктын экинчи аты «жароокер өлтүргүч». Минтип аталып калышынын себеби, оору инкубациялык мезгилинде билинбей өтөт. Сарыктын өнөкөт оорусу өтө коркунучтуу. Көптөгөн жылдар боюу олуттуу ооруп жатканын адам билбей жүрө бериши мүмкүн. Жугуштуу гепатит бизге Боткин оорусу катары белгилүү. Мындай аттоону сарыктын А түрүнө колдонот, аны толук айыктырууга мүмкүн. Саргаюу- сарыктын бул түрүнүн көзгө көрүнгөн белгилеринин бири. Е түрүндөгү сарыктын симптомдору А түрүнө окшош. Убагында дарыланса толук айыгат. В, С, D жана G түрлөрү – оорлоп, көпчүлүк учурда өнөкөт баскычка өтөт жана адамдын организмине олуттуу зыян алып келиши ыктымал.

Гепатиттин жугуу жолдору

- Мунун негизги бир нече жолдору бар: 

• А гепатити: Заӊ – ооз аркылуу жугуу: Кайнатылбаган, ичүүчү суу, жуулбаган колдор аркылуу вирустун курч ичеги жарасы пайда болот. Бул ооруну кир колдордун оорусу деп дагы аташат. • B гепатити: Кан аркылуу жугат. Эненин организминде өөрчүп жаткан оору жаӊы төрөгөн балага; жыныстык жол менен (сейрек). • С гепатити: Организмге вирусу бар кан аркылуу; ооруну алып жүрүүчү жыныстык өнөктөштөн (4% көп эмес) жугат. • D гепатити: В сарыгынын коштоп жүрүүчүсү. Булганган кан менен байланышта болгондо жугат, жыныстык мамиледен азыраак жугат, ымыркай апасынын каны аркылуу жугузуу менен төрөлөт. • E гепатити: Эгер адам дааратканага баргандан кийин колун жуубаса, арыктан же ачык суу сактагычтардагы вирус менен булганган сууну кайнатпай колдонгондо организмге кирет. Эгер аял кош бойлуу кезинде сарыктын Е түрүнө чалдыкканын аныктаса, бала өлүмгө дуушар болот. • G гепатити: Сарыктын коркунучтуу С түрү менен аябай окшош. Вирус жуккан кан аркылуу тарашы мүмкүн, жыныстык катнаш аркылуу азыраак жугат. Ымыркай төрөт учурунда вирусту жуктурушу мүмкүн. • TT жана SEN вирустары: аз изилденген вирустар, жеке аларга таандык кебетеси жок. Негизги жугуу жолу кан аркылуу. Кооптуу топтор – оору башкаларга салыштырмалуу тез өөрчүгөн адамдардын чөйрөсү. Кошумчалай кетсем, гепатиттин А түрү башка оорулардан айырмаланып өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок, дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса, анда ал өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Ал эми гепатиттин С түрүнө кабылган адамдын оорусу көпчүлүк учурда билинбей жүрө берип ал цирроз, рак илдетине айланып кетет. Башкача айтканда, С түрүндөгү гепатитти аныктоо бир аз кыйын, кийинчерээк аны айыктыруу татаал болуп калат. В, С, D түрүндөгү гепатиттерди айыктыруу андан да оор.

Алгачкы белгилери

- Гепатит оорусуна кабылган адамдын алы кетет, анализдери нормадан бузулат, заара, көздүн кареги да саргара баштайт.

Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?


- Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн жашылча-жемишти сөзсүз таза жууп жеп, арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек. Үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо шарт. Анан да ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы ж.б.). Ошондой эле, убагында эмдөөдөн өтүү керек. Ал эми оорунун В, С түрлөрүнөн оолак болуу үчүн кокустук жыныстык катнаштан качуу, айымдардын татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктары таза болушу керек. Жана да бирөөнүн тиш щеткасын, тарагын, устарасын колдонуудан баш тартыӊыз.; Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп туруусу менен ар түрдүү оорунун алдын алат!