ЧУЙ ОБЛУСУ

Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. жана батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалал-Абад, Нарын, чыгышынан Ысык-Көл облустары менен чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ- нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу.

Колдонулган адабияттар: © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004

Category:География

Макаланын темалары кичине тамга менен болот. түзөтүү

Саламатсызбы Нагима Еркинбекова! Сиз жайгаштырып жаткан макалалардын темалары бүт чоң тамгалар менен жазылууда. Макаланы киргизүүдө теманын баштамгасын гана чоң, калганын кичине тамгалар менен жазууңузду өтүнөм. Бул оор деле эмес - Экрандын оң жак жогорусунда, Издөө орунунун жанындагы үч бурчтук сымал белгиге келип, Аталышын өзгөртсөңүз, эки убара болбойбуз деген ойдомун. Иштериңизге ийгилик! Kgbek