2016 Топ-Лига түзөтүү

Саламатсызбы, урматтуу Dr.atakulov!
Сизидин Уикипедияга салым кошуп жатканыызга ыраазычылык билдирем.
Менин өзгөртүүлөрдү алганымдын себеби бар:

Ошондуктан:

  1. 2016 Топ-Лига деген аталыш өзгөрүүсүз калат.
  2. 2016 Кыргызстан футбол чемпиондугу барагынан 2016 Топ-Лига барагына багыттама коюлат.

Өзгөртүүлөр түзөтүү

Урматтуу Dr.atakulov!
Салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.

Эмне үчүн кылган салымыңызды алып салдым, түшүндүрүп кетейин:

  • сиз машыктыруучулардын алмашканын жазыптырсыз, бирок, сизге суроо: ал алмашуу 2016-жылы болдубу?
  • аймак картасынын өлчөмүн кеңейттиңиз, жыйынтыгында карта "мелдеш жадыбалы" менен бир катарда туруп калды, экөө бир катарда турганы - макаланын ошол бөлүмүнө тиешелүү дегенди билдирет. Ал эми аймак картасы "Командалар" бөлүмүнө тиешелүү.

Сизди урматтап --Askar Nazyrov (баарлашуу) 18:06, 27 январь 2017 (UTC)Жооп берүү

Англис тилинде жазылган 2015-16 мезгилиндеги Ла Лига, Бундеслига жана АПЛде да жылдызча да, кызыл жебе да жок. Орус тилиндегисин да карап көрсөңүз болот.
Ал эми кызыл жебени чемпиондуктун өзү тууралуу макалада (Мисалы: Кыргызстан футбол чемпиондугу) колдонуу туура деп эсептейм. Муну да салыштырып көрсөңүз болот.
Машыктыруучулар боюнча:
Аскар Ахметов менен Владимир Даниленко 2017 Топ-Лигада машыктыруучу катары ишке киришет. 2016 Топ-Лигада алар машыктыруучу эмес болчу.

--Askar Nazyrov (баарлашуу) 18:56, 27 январь 2017 (UTC)Жооп берүү

Голдордун санын азыр өзүм бирден калькуляторго салып эсептеп чыктым - 241. Туура.

--Askar Nazyrov (баарлашуу) 19:01, 27 январь 2017 (UTC)Жооп берүү

2016 Кыргызстан кубогу түзөтүү

Саламатсызбы Dr.atakulov !

Сиз баштаган макаланы жасалагалап, шилтемелерди берип койдум.
Мага капа болбоңуз, артымдан аңдып жүрөт деп. Биздин максатыбыз сапаттуу Уикипедияны түзүү.
Мен сиздин гана эмес, башка колдонуучулардын да катасын таап, же болбосо макаласын жакшыртып келем (колдон келишинче).
Дагы да кызыктуу макалаларды жарата бериңиз!
Салымдарыңызга чоң рахмат!

Ишиңизге ийгилик каалап, Кыргыз Уикипедиясынын администратору --Askar Nazyrov (баарлашуу) 14:15, 29 январь 2017 (UTC)Жооп берүү

Саламатсызбы урматтуу Askar Nazyrov ....Кыргыз Уикипедиясында макалалардын аталышы ар дайым көйгөй жаратып келет.Андыктан бир ирээтке келтирүү үчүн жалпы колдонуучулар менен талкуу жасап көрсөк жакшы болмок.Мисалы: 2016 Кыргызстан кубогу макаласынын бул аталышы негизги маңызга ээ эмес деп ойлойм..Себеби кубок - деген сөз бир эле футболдо колдонулбайт, ошону менен бирге эле бул сөз спорттун көп түрүндө баса белгиленип келет.андыктан макаланын аталышы эң чоң мааниге ээ болгондуктан.. бул макаланын да аталышына футбол сөзүн кошуп койсок түшүнүктүүрөөк болот..ишиңизге ийгилик!!! Урматтым менен Абдырашит Сатылганов (баарлашуу)


Кыргызстанда - Топ-Лига, Биринчи Лига жана Экинчи лига бар. http://flk.kg/ru/node/1740.
Шилтеме боюнча: мен жеке өзүм макала которуп жатып англис тилдүү Уикипедиядан ушундайды байкадым, Алга-2 болсо - Алгага шилтеме, Абдыш-Ата-2 болсо - Абдыш-Атага. Себебин түшүндүрөйүн. Бизде атактуу клубдардын экинчи курамы (дубль) эмес, негизиги курамы жөнүндө да макала жазылбай жатат. Эгерде алар тууралуу интернетте так маалымат болгондо англис уикипедиясы эчак эле жазып коймок, ошондуктан, мисалы Дордой-2 Дордойдун экинчи курамы (дубль) болгондуктан шилтеме Дордойго кетип жатат.
Алдиер клубу Куршабдан болуп жатса, Алдиер-2 кантип башка жерден болушу мүмкүн? Кыргызстан футбол лигасынын сайтына таянып айтып атканыңызды түшүндүм. Куршаб айылы Өзгөн районуна карайт.
Түшүндүрө алдым деген ойдомун. --Askar Nazyrov (баарлашуу) 18:10, 29 январь 2017 (UTC)Жооп берүү


WhatsAppтан сүйлөшүүгө кошулам. Жакшы идея. --Askar Nazyrov (баарлашуу) 18:14, 29 январь 2017 (UTC)Жооп берүү