Чыр-чатакты талдоо бул – чатактын айрым жактарын, касиеттерин, курамдык бөлүктөрүн караштыруу аркылуу аны иликтөөнүн жана түшүнүүнүн практикалык процесси. Ал бир жолку эле иш-чара эмес, ал туруктуу процесс болууга тийиш. Талдоо чыр-чатактын тараптарын, эмнеден чыккандыгын, тараптардын позициясын аныктоого, убакыт аралыгында чыр-чатак кандай өнүккөнүнө, чыр-чатактын чыгышына кимдер жана эмнелер түрткү болгонуна көз са лууга, чыр-чатак эмнеден келип чыкканын ж. у. с. аныктоого мүмкүндүк берет.


Колдонулган адабияттар: Чыр-чатаксыз келечекке карай. 9–11-класстар: Америкалык Юристтер Ассоциациясы, Укуктун Үстөмдүгү Программасы (ABA ROLI). Окуу куралы. – Б., 2011. – 130 б.



ЭКОНОМИКА


Социалдык саясатты респ-нын улуттук экон-нын абалынан ажыратууга болбойт. Эко- номиканын деңгээли мамлекеттин социалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн чен-өлчөмүн аныктайт. Респ-нын экон-нын өнүгүшүндөгү белгилүү бир кыйынчылыктарга карабастан соци- алдык чөйрө мурдагыдай эле артыкчылык берилген тармак бойдон калууда. Социал- дык муктаждыктарга мамл. бюджеттен жумшалган сарптоолор кыйла жогору — (50%тен ашуун) бойдон калууда. Респ-да жүргүзүлгөн социалдык-экон. багыт социалдык баку- баттуу мамлекеттин экон. өнүгүшүнүн зарыл негизи экендигинен улам келип чыгат. К а л к т ы с о ц и а л д ы к ж а к т а н к о р г о о. Совет мезгилинде балдарга, энеге, кары-картаңдарга ж-а майыптарга социалдык колдоо көрсөтүү б-ча мамл. иш-чаралар системасы социалдык камсыздандыруу деп аталчу. Мамл. бюджеттен көз каранды эмес, өзүнчө институт катары эсептелген социалдык камсыздандыруу иш жүзүндө болгон эмес. Ошол мезгилде социалдык камсыз кылуу м-н социалдык камсыздандыруунун иш-милдетте- ри чындыгында айырмаланбаган. Социалдык камсыз кылуу эмгек акыдан ж-а салыктардан чегерүүлөрдүн эсебинен чогултулуучу, атайын түзүлгөн коомдук керектөө фонддорунун эсе- бинен жүргүзүлгөн. Мамлекет төмөнкү деңгээлде эмгек акы төлөө м-н бардыгын ишке ор- ноштурууну кепилдикке алып, турак-жай ж-а коммуналык ж. б. тейлөөлөр үчүн арзан та- рифтер, акысыз билим берүү ж-а саламаттык сактоо, коомдун керектөө фонддорунан посо- биелер, пенсиялар, стипендиялар төлөө системасы аркылуу калыбына келтирүү ж-а турмуштук тобокелдиктерге жумшалчу ыгым-чыгымдарды төлөп келген. Социалдык кам- сыз кылуу жөнүндөгү мыйзамдар пенсия, компенсация, ай сайын ж-а бир жолку берилүүчү пособиелерди берүүнү жөнгө салган. Жеңилдиктер м-н социалдык тейлөөлөр: дарылык тамак-аш берүү ж-а социалдык-ти- ричиликтик тейлөө, бирөөнүн жардамына муктаж болгон эмгекке жарамсыз адамдарды багуу, санаторийлик-курорттук дарылоо ж-а медициналык тейлөө, майыптарды эмгекке даярдоо ж-а ишке орноштуруу, балдарды багуу ж-а тарбиялоо, протез жасоо социалдык камсыз кылуунун өз алдынча түрлөрү болгон. Базар экономикасына өтүү жумушсуздук, инфляция, мамлекеттин көмөгүнө муктаж болгон жармач-жарандардын санынын өсүшү ж-а ошол эле учурда мындай көмөк көрсөтүү үчүн мамл. ресурстардын жетишсиздиги м-н коштолду. Социалдык коргоо жагында түп- тамырынан бери чечкиндүү өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы келип чыкты. Кырг-ндын көз каранды эместигинин жылдарында анын укуктук базасы чыңдалды, төмөнкүдөй мыйзам- дар кабыл алынды: — «Согуш, Куралдуу күчтөр ардагерлери ж-а оору эмгекчилер жөнүндө»; «Кыргыз Респ-сындагы мамл. пособиелер жөнүндө»; «Чернобыль алааматынан жапа чеккен Кыргыз Респ-нын жарандарын социалдык коргоо жөнүндө»; «Бийик тоолуу шартта жашаган ж-а иштеген адамдар үчүн мамл. кепилдиктер ж-а компенсациялар жөнүндө»; «Саясий ж-а диний ынанымдары үчүн, социалдык, улуттук ж. б. белгилери б- ча саясий репрессиялардын натыйжасында запкы көргөн, реабилитацияланган жаран- дардын укуктары м-н кепилдиктери жөнүндө».


Колдонулган адабияттар: КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ


[Category:экономика]




Географиялык изилдоолор:Кыргызстандын табияты м-н таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң байыркы убактан ал- гачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр м-н эзелки тургун жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңир- тоону байыртадан эле мекендегенинин далили. Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын, климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-а жапыз өрөөндөр гана эмес, бийик тоолуу аймактарды да (Акчуңкур, Аксай, Арпа, Саймалыташ ж. б.) пайдалан- гандыгын айгинелейт. Археологиялык маалыматтар мустье мезгилинен берки палеогеогра- фиялык көрүнүштөрдү кандайдыр бир өлчөмдө көз алдыга элестетүүгө мүмкүндүк берет.

 Батыш м-н Чыгыштын байыркы элдеринин жазуу эстеликтеринен Кырг-ндын айма-

гына тиешелүү геогр. түшүнүктөрдүн өнүгүү тарыхын баамдоого болот. Орто Азияга, анын ичинде Памир м-н Теңиртоого тиешелүү эң эзелки маалыматтар зороастра дининин «ыйык китеби» – «Авестада» кездешет. Орто Азия, Жакынкы Чыгыш, Жерортолук деңиз жээги, Кытай, Индия элдеринин ортосунда б. з. ч. 1-миң жылдыкта болгон соода-сатык, согуштар ж. б. окуялар саясий ж-а экон. байланыштарды түзүүгө, аймактык ж-а геогр. түшүнүктөрдүн кеңейишине алып келген. Грек (Геродот), рим (Страбон, Птолемей ж. б.), кытай (Чжан Цянь ж. б.) авторлорунун чыгармаларында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө, Кыргызстандын аймагына тийиштүү айрым маалыматтар кездешет: өлкөнүн рельефи тоо- луу, башкы суу обьектилери–Окс (Амударыя), Яксарт (Сырдарыя), Чалкаркөл (Ысыккөл) экендиги айтылат, элдери (сактар, усундар ж. б.), алардын социалдык ж-а саясий түзүлүшү ж. б. жөнүндө кыскача жалпы түшүнүктөр берилет. Орто кылымдарда (6–17-к.) Теңиртоо, Фергана ж-а ага чектеш жерлер саясий ири окуя- лардын, түрдүү ордолордун, адегенде түрк, кийинчерээк монгол-түрк мамлекеттик бирик- мелеринин негизги аймагы болгондугу белгилүү. Түрк хандарынын тушунда Кыргызстан- дын аймагындагы ири шаарлар–Суяб, Баласагын, Өзгөн саясий ж-а экон. жактан чоң маа- ниге ээ болгон. Буларга түрдүү өлкөлөрдүн элчилери, соодагерлер, саякатчылар ж. б. кат- тап турган. Илим м-н маданият өнүккөн. Ал мезгилде жазылган эмгектер (Сюань-Цзан, 7-к.; Ибн Хордадбек, 9-к.–10-к-дын башы; Гардизи, 11-к.; М. Кашкари, 11-к. ж. б.) Кыргызстандын табияты, калкы, чарбасы ж. б. жөнүндө бир катар так маалымат берет. Алар айрыкча Ысыккөлгө, шаарларга ж. б. айыл-кыштактарга, алардын ортосундагы аралыктарга ж. б-га тиешелүү. Монгол жортуулдары, кийин могол, жунгар өкүмдарларынын ичара чатактары Могол- станда (Кыргызстандын аймагы ал кезде Моголстандын маанилүү бөлүгү болгон), ага танапташ өлкөлөрдө экономиканын бүлүнүшүнө, саясий абалдын тез-тез өзгөрүшүнө алып келген. Мындай шартта илим үзгүлтүккө учурап, билим кеңири тарай алган эмес. Геогр. түшүнүктөрдө жеткиликтүү прогресс болбогон. Ошол мезгилдеги Даос кечили Чан Чун- дун (13-к.), Орто Азиялык тарыхчылар Закириддин Бабур м-н Мухаммед Хайдардын (16-к.) маалыматтары гана кызыгууларды туудурат. Кыргызстандын табияты м-н таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң байыркы убактан ал- гачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр м-н эзелки тургун жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңир- тоону байыртадан эле мекендегенинин далили. Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын, климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-а жапыз өрөөндөр гана эмес, бийик тоолуу аймактарды да (Акчуңкур, Аксай, Арпа, Саймалыташ ж. б.) пайдалан- гандыгын айгинелейт. Археологиялык маалыматтар мустье мезгилинен берки палеогеогра- фиялык көрүнүштөрдү кандайдыр бир өлчөмдө көз алдыга элестетүүгө мүмкүндүк берет.

 Батыш м-н Чыгыштын байыркы элдеринин жазуу эстеликтеринен Кырг-ндын айма-

гына тиешелүү геогр. түшүнүктөрдүн өнүгүү тарыхын баамдоого болот. Орто Азияга, анын ичинде Памир м-н Теңиртоого тиешелүү эң эзелки маалыматтар зороастра дининин «ыйык китеби» – «Авестада» кездешет. Орто Азия, Жакынкы Чыгыш, Жерортолук деңиз жээги, Кытай, Индия элдеринин ортосунда б. з. ч. 1-миң жылдыкта болгон соода-сатык, согуштар ж. б. окуялар саясий ж-а экон. байланыштарды түзүүгө, аймактык ж-а геогр. түшүнүктөрдүн кеңейишине алып келген. Грек (Геродот), рим (Страбон, Птолемей ж. б.), кытай (Чжан Цянь ж. б.) авторлорунун чыгармаларында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө, Кыргызстандын аймагына тийиштүү айрым маалыматтар кездешет: өлкөнүн рельефи тоо- луу, башкы суу обьектилери–Окс (Амударыя), Яксарт (Сырдарыя), Чалкаркөл (Ысыккөл) экендиги айтылат, элдери (сактар, усундар ж. б.), алардын социалдык ж-а саясий түзүлүшү ж. б. жөнүндө кыскача жалпы түшүнүктөр берилет. Орто кылымдарда (6–17-к.) Теңиртоо, Фергана ж-а ага чектеш жерлер саясий ири окуя- лардын, түрдүү ордолордун, адегенде түрк, кийинчерээк монгол-түрк мамлекеттик бирик- мелеринин негизги аймагы болгондугу белгилүү. Түрк хандарынын тушунда Кыргызстан- дын аймагындагы ири шаарлар–Суяб, Баласагын, Өзгөн саясий ж-а экон. жактан чоң маа- ниге ээ болгон. Буларга түрдүү өлкөлөрдүн элчилери, соодагерлер, саякатчылар ж. б. кат- тап турган. Илим м-н маданият өнүккөн. Ал мезгилде жазылган эмгектер (Сюань-Цзан, 7-к.; Ибн Хордадбек, 9-к.–10-к-дын башы; Гардизи, 11-к.; М. Кашкари, 11-к. ж. б.) Кыргызстандын табияты, калкы, чарбасы ж. б. жөнүндө бир катар так маалымат берет. Алар айрыкча Ысыккөлгө, шаарларга ж. б. айыл-кыштактарга, алардын ортосундагы аралыктарга ж. б-га тиешелүү. Монгол жортуулдары, кийин могол, жунгар өкүмдарларынын ичара чатактары Могол- станда (Кыргызстандын аймагы ал кезде Моголстандын маанилүү бөлүгү болгон), ага танапташ өлкөлөрдө экономиканын бүлүнүшүнө, саясий абалдын тез-тез өзгөрүшүнө алып келген. Мындай шартта илим үзгүлтүккө учурап, билим кеңири тарай алган эмес. Геогр. түшүнүктөрдө жеткиликтүү прогресс болбогон. Ошол мезгилдеги Даос кечили Чан Чун- дун (13-к.), Орто Азиялык тарыхчылар Закириддин Бабур м-н Мухаммед Хайдардын (16-к.) маалыматтары гана кызыгууларды туудурат. [Category:ГЕОГРАФИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР.]


[Колдонулган адабияттар:КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ]



ОРОГРАФИЯСЫ ЖАНА РЕЛЬЕФИ Кыргызстан Теңиртоо системасынын батыш бөлүгүн ж-а Памирдин түн.-чыгышындагы бир аз аймакты ээлейт. Жеринин бети өтө татаал ж-а бийиктик абалы кескин өзгөрүлмө (400 мден 7000 мге чейин). Орографиясы кеңдик багытында катар-катар созулган бийик тоо кыркалар м-н аларды бөлүп турган тоо аралык өрөөндөрдөн турат. Аймагынын деңиз деңг. орт. бийиктиги 2750 м. Эң бийик жери Борб. Теңиртоодо, Кытай м-н Кырг- ндын чегарасы болгон Какшаалтоонун чыгыш уландысы Бозкырдын кырындагы Же- ңиш чокусу (7439 м). Эң жапыз жери (401 м) Баткен облусундагы Лейлек району м-н Тажик- стандын чегарасына жакын жайгашкан Кулунду кыштагы тушта. Кырг-ндын аймагы- нын 94%тен ашыгы деңиз деңг. 1000 мден, 71%тен ашык аянты 2000 мден жогору жай- гашкан; абс. бийиктиги чыгыштан батышка карай жапыздайт (5500–5000 мден 3500– 4000 мге чейин). Кырка тоолор 60–65% аянтын ээлейт. Борб. Теңиртоодогу бир нече кырка тоолор чыгышты карай бири-бирине улам жакын- дап, Кырг-ндын Кытай ж-а Казакстан м-н чегараларына жакын ири Кантеңир тоо тоо- мун (түйүнүн) түзөт. Бул жер Кырг-ндын (жалпы эле Теңиртоонун дагы) эң бийик бөлүгү (Кантоо чокусу–6995 м, Жеңиш чокусу –7439 м). Кырка тоолор батышты карай бири- биринен обочолонуп, ортолору барган сайын кеңейип, ал эми бийиктиги акырындык м-н жапыздап отурат. Тоолор негизинен кеңдик же ага жакыныраак багытта жатат; Борбордук Теңиртоодогу Меридиан кырка тоосу ж-а Ички Теңиртоону Фергана өрөөнүнөн бөлүп турган Фергана тоо тизмеги гана багыттары б-ча өзгөчөлөнөт. Кырка тоолордун абс. бийиктиктеринин түштүктөн түндүктү карай да жапыздоосу байкалат. Меридиан кырка тоосу зор тоо тоомунун—Кантеңирдин, о. эле бүткүл Теңиртоо систе- масынын орографиялык борбору болуп саналат. Бул региондо Кантоо м-н Жеңиш чокусу- нан башка бийиктиги 6000 мден ашкан 50гө жакын чоку бар. Негизги тоо кыркаларынын созулган багытына перпендикуляр багытында жайгашкан Меридиан кырка тоосу Теңир- тоо системасынын бийиктик уюлу гана эмес симметриялык огу да болуп эсептелет. Анын суу бөлгүчү аркылуу Кыргызстан м-н Кытайдын мамлекеттик чегарасы өтөт; ал Чыгыш Теңиртоо (Кытай) м-н Батыш Теңиртоонун (Кыргызстан) ортосу; Меридиан кырка тоосу- нан чыгышты ж-а батышты карай кырка тоолор желпүүр сымал бири-биринен акырын- дап обочолонуп таралат. Бул жерде бүткүл Теңиртоонун эң кууш жери жайгашкан. Мис., Текес өрөөнүнөн Тарим түздүгүнө чейин 100 км келсе, ал эми Чүй өрөөнүнөн Чыгыш Кызылсуу өрөөнүнө чейин 400 кмден ашык. Меридиан кырка тоосунан батышты карай тик бурч м-н үч кырка тоо жарыш созулат: түндүгүндө салыштырмалуу анча бийик эмес (5000–5500 м) Сарыжаз кырка тоосу, кийин айрыктарга ажырап, Тескей Алатоо, Адыртөр, Көөлүтоо, Эшегарт ж. б. өзүнчө тоо кыркаларын пайда кылат. Алардын ичинен Тескей Алатоо батышты карай Кочкор өрөөнүнө чейин созулат. Калган кырка тоолор Акшыйрак массивине келип такалат. Сарыжаздан кийинки Теңиртоо кыркасы эң бийик ж-а кыска, 38 км аралыкка созулуп барып кескин бүтөт. Анын бийик жери Кантоо (6995 м) Кырг-ндагы эң ири мөңгүлөр — Түн. ж-а Түш. Эңилчек- тин аралыгындагы суу бөлгүч. Үчүнчү кырка тоо — Бозкыр, Какшаалтоонун эң бийик чы- гыш уландысы. Жеңиш чокусу ошол Бозкырдын эң бийик жери.


[[Category:Табияты:]


Колдонулган адабияттар:КЫРГЫЗ УЛУТТУК ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ

БИШКЕК — КЫРГЫЗСТАНДЫН БОРБОРУ Бишкек – Кыргыз Респ-нын саясий, экон., илимий ж-а маданий борбору; транспорт- тук башкы түйүн. Аянты 12,7 миң га. Калкы 797,4 миң (2003). Бишкек ш-нда 4 адм.-айм. бирдик — Биринчи Май, Ленин, Октябрь, Свердлов р-ндору, Чоңарык шаарчасы (8,2 миң адам) ж-а Ортосай айылы (4,5 миң адам) бар. Табияты. Шаар Кыргыз Алатоосунун этегинде, Чүй өрөөнүнүн борб. бөлүгүндө, Аламүдүн ж-а Аларча сууларынын шилендиси пайда кылган жантайыңкы түздүктөн орун алган. Деңиз деңг. 750–900 м бийиктикте жайгашкан. Лёсс сымал кыртыш капта- ган түздүк бара-бара түндүктү карай жантайып, Чүй суусунун жайылмасына кошулат. Бишкек тушта Чүй суусунун нугу Чүй өрөөнүнүн түн. жагына карай четтеп, шаардан 20 кмдей аралыктан өтөт. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. туштагы жазылыгы 60 кмдей. Чүй өрөөнүнүн Бишкек ш. жайгашкан борб. бөлүгү г е о л о г и я л ы к с т р у к - т у р а с ы б-ча кеңдикке жакын багытта созулуп жаткан асимметриялык мегасинкли- наль. Шаардын азыркы чеги Чүй синеклизасынын Бишкек ийилүүсү деп аталган түш. бөлүгүнө дал келет. Ийилүү палеоген-неогенде пайда болгон чөкмө тектер м-н толгон. Алар палеозой фундаментинин үстүндө жатат. Палеозой тоо тек катмарлары 5000 мден ашык тереңдикте (геофизикалык маалыматтар б-ча) жатып, негизинен гнейс, кристалл- дык сланец ж-а акиташ тегинен, о. эле эффузия тоо тектеринен турат. Үстүндөгү палео- ген-неоген тоо тек катмарларынын жалпы калыңдыгы 4,5–5,0 км. Аларды төртүнчүлүк мезгилде пайда болгон борпоң тоо тектердин калың кабаты жаап жатат. Алар кой таш- тардан, арасында кум-шагыл ширелген майда жумуру таштардан, ар кандай бүртүктөгү кумдардын ж-а кумдуу чопонун кабатчалары м-н топторунан түзүлгөн аллювий-про- лювий чөкмө тоо тектерден турат. Сейсмдик райондоштуруунун маалыматы б-ча шаар аймагы 9 баллдуу зонада жайгашкан. Шаардын аймагындагы 4 жерден 1500–2000 м тереңдиктен бургулоо көзөнөгү аркылуу минералдуу ысык суу чыгарылган. Курамы хлорид-натрий кальцийлүү. Дарылык касиети бар. Муун, тери, ичеги-карын оорууларын дарылоодо пайдаланса болот. Бишкек ш. мелүүн алкактагы континенттик к л и м а т т у у аймактын түш. чегинде жайгашкан. Бир жылда орто эсеп м-н 322 күн (2000 саат) бою күн тиет. Күн эң көп тийген ай июль (332 саат), эң аз тийгени декабрь (126 саат). Абанын жылдык орт. темп-расы 10,2°С, январдыкы – 4,6°С, июлдуку – 24,5°С. 1930-ж. декабрда эң төмөнкү темп-ра (–38°С), 1983-ж. июлда эң жогорку темп-ра (43°С) катталган. Шаардын түш. бөлүгү түн. бөлүгүнөн 1—2°Сге жылуураак.


Колдонулган адабияттар:Чыр-чатаксыз келечекке карай.9-11-клдсстар:Америкалык Юристтер Ассоцациясы,Укуктун Устомдугу Прогрммасы (ABAROLI).Окуу куралы-Б.,2011-130б.