= Дин тутуу эркиндигине укук =

Дин тутуу эркиндигине укук адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат. Бул укук Кыргыз Республикасынын Конституциясында

1991-жылддын 16-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы дин

тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана адам укугу чөйрөсүндөгү башка бир катар эл аралык документтерде белгиленген (1948-жылдагы Адам

укугунун жалпы декларациясы, 1966-жылдагы Жарандык жана саясий 

укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 1981-жылдагы Диндин же дин тутуунун негизиндеги чыдамсыздыктын жана кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча декларация). КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ МЕНЕН КЕПИЛДЕНГЕН АР БИР ЖАРАНДЫН

ДИН ТУТУУГА КАРАТА ЭРКИНДИГИ ДИНГЕ КАРАТА МАМИЛЕСИН ЭРКИН ЖАНА ӨЗ
АЛДЫНЧА АНЫКТАП АЛУУ, ЖАЛГЫЗ ӨЗҮ ЖЕ БАШКАЛАР МЕНЕН БИРГЕ КААЛАГАН ДИНИН
ТУТУУ ЖЕ ЭЧ КАНДАЙ ДИНДИ ТУТПОО, ДИНИЙ КӨЗ КАРАШТАРЫН ӨЗГӨРТҮҮ, 

ОШОНДОЙ ЭЛЕ ДИНГЕ КАРАТА МАМИЛЕ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЫНАНЫМДАРЫН

БИЛДИРуу ЖАНА ТАРКАТУУ ЭРКИНДИГИН КАМТЫЙТ. 

Дин тутуу эркиндиги жөнүндө сөз кылганда Кыргыз Республикасында

дин мамлекеттик бийликтен ажыратылганын белгилей кетүү керек

Анткени КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-пунктунда

«Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган»
деп айтылган, ал эми ушул эле берененин 4-пунктунда 

төмөнкүлөргө жол берилбейт деп көрсөтүлгөн:  диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө.  Диний уюмдар саясий максаттарды жана милдеттерди  көздөөгө тийиш эмес;  диний уюмдардын жана дин кызматкерлеринин  мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө;  саясий максаттарды көздөгөн чет өлкөлүк саясий  партиялардын, коомдук жана диний уюмдардын,  алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын  иштешине жол берилбейт;  конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттик жана  коомдук коопсуздукка зыян келтирүүчү саясий партияларды  , коомдук бирикмелерди, диний жана башка уюмдарды  түзүүгө жана алардын иштешине.  Шайлоо жөнүндө КР Кодексинин 30-беренесинин

13-пунктунна «шайлоолорду өткөрүүдөгү үгүт иштерине шайлоо
комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик жана муниципалдык 

кызматчылар, кайрымдуулук жана диний уюмдардын мүчөлөрү жана башкалар катыша алышпайт» деп көрсөтүлгөн. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежесине ылайык , «диний уюмдар, алардын бирикмелери диний багыттагы

имараттарда (мечит, чиркөө, храм, сыйынуу үйлөрүндө жана б.у.с.) 

үгүт иш-чараларын жүргүзө албайт, дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган», деп көрсөтүлгөн. Демек, биз көрүп тургандай, биздин өлкөдө дин мамлекеттин ишине кийлигише албайт, анткени демократиялык өлкөлөрдө тигил же бул динге артыкчылык берилбеши керек, ар бир адамдын дин тутуу эркиндиги бузулбоого тийиш жана

түрдүү диндердин бирдей аракеттенүүсүнө 

мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Демократия айырмачылыктарды, плюрализмди

жана ар түрдүүлүктү камтыйт, ошонун өзү менен дин
тутуу эркиндигин бекемдейт. Тоталитардык  режимдер көпчүлүк
учурда өз өлкөлөрүн бир жалпы диндин айланасына
баш коштурууга аракет жасашат, анын жыйынтыгында
диний репрессиялар жана диний азчылыкты куугунтуктоо
жана дагы эркин ой жүгүртүү жана дин тутуу принциптеринен 

таптакыр баш тартуу жүрөт. Демократиянын таралуу деңгээлине жараша диний репрессиялар азаят жана чындыгында эле бүткүл

дүйнөдө динге ишенүү эркиндиги кеңейет.

Демократиялык өлкөлөрдө ар кандай айырмачылыкты

(жокко чыгарууну, чектөөнү же артыкчылык берүүнү) билдирген

, динге же дин тутууга негизделген жана теңдештик принцибинде адамдын жеке укуктарын жана негизги эркиндиктерин

таануудан жана  жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууну
же кысымга алууну көздөгөн диний кодулоого 

(Religious discrimination) тыюу салынат. Кыргыз Республикасында башка көптөгөн

демократиялуу өлкөлөрдөгүдөй эле дин мамлекеттик
бийликтен ажыратылган. Бул тигил же бул динге артыкчылык 

берүүгө тыюу салып, тынчтыкты, эркиндикти жана тең укуктуулукту

камсыз кылууга көмөктөшөт. 1692-жылы белгилүү квакер Ульям Пенн 

«дин ар бир адамдын жеке иши болуп саналат, ал эми бийлик бир динди эмес, бардык диний көз караштарды коргоого тийиш»

деп айткан.

Бир катар мамлекеттер соңку жылдарда дин тутуу эркиндиги боюнча абалды жакшыртышты, алардын катарында Вьетнам, Грузия, Индия , Бириккен Араб Эмираттары жана Түркмөнстан бар. Иллюстрация катарында: «2004-жылдын октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Юстиция Министерлиги, Ислам иштери боюнча комитет жана «Авкаф» дин жана терроризм боюнча эл аралык конференция өткөрдү,

ал үгүттөөдөгү сабырдуулукка жана экстремизм менен терроризмди 

айыптоого көмөктөшүүгө чакырылган. Мектеп окуучуларынын мектепке жоолук салынып келүү

көйгөйү Кыргызстандын түштүгүндөгү Жалал-Абад облусунда
башталган, ал жерде мектепке жоолук салынып келүүгө тыюу салынган.

Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги Чырмаш Доороновдун айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарына

ылайык мектеп окуучуларынын формасы мектеп жамааты, ата-энелер 

жана окуучулардын өздөрү тарабынан кабыл алынган мектептин Уставы менен аныкталат. Маселени чечүү оңой көрүнгөнү менен, бул талаш -тартыш бир нече саатка созулат. Бул чыр-чатактуу жагдайга иш-чара бүтө электе келип

калган Кыргызстандын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу 

адамы (Акыйкатчысы) Турсунбай Бакир уулу өз пикирин билдирген.

Анын айтымында, шаардык билим берүү башкармалыгынын
чечими мыйзамга каршы келет жана ал жокко чыгарылышы керек.
«Бир дагы мыйзамда мектепке жоолук салынып келүүгө тыюу салынган
эмес. Ал эми мыйзам тыюу салбаган соң, демек, уруксат берилген»,
– деди ал.

2005-жылдын 30-сентябрында Даниянын «Jyllаnds-Posten»

аттуу газетасында өз алдынча цензура жана сөз эркиндиги жөнүндө
макалага иллюстрация катары ислам пайгамбары Мухаммедди
чагылдырган он эки карикатура басып чыгарылган: макалада, жазуучу
Коре Блюйтген жаш балдар үчүн ислам жөнүндө атактуу китеп 

жазып, ага бардык сүрөтчүлөр өз атынын купуялыгы сакталбаса

сүрөт тартуудан баш тартышкандыгы жөнүндө жазылган.  

Jyllands-Posten газетасынын жетекчилиги бул сүрөттөр сөз эркиндигин турмушта жүзөгө ашырууну көрсөтүү гана болуп саналат деп айтышат. Европалык Союздун тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүүсүндө Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн ислам

өлкөлөрүндөгү массалык башаламандыктарды жасагандарды сындап
чыгышты. Алар бул башаламандыктан жабыр тарткан бардык 

өлкөлөрдүн жарандары менен тилектеш экендигин билдиришкен . Министрлер аларды коргоо үчүн зарыл аракеттерди жасабаган өлкөлөр, жабыр тарткандардын материалдык зыянынын оордун

толтуруп берүүсү керектигин билдирген. Алардын пикири боюнча, Иран
сыяктуу өзүнчө өлкөлөрдүн Данияга карата бойкоту туура эмес.
Европалык Союздун өкүлдөрү «карикатураны» мусулмандар үчүн
мазактоо экенин айтышып, бирок ошол эле учурда «пикирлердин жана
басма сөздүн эркиндиги эркин жана ачык коом үчүн зарыл» деп баса 

белгилеген. 2006-жылдын 26-январында Норвегия өкмөтү Magazinet газетасында жарыяланган сүрөттөр үчүн кечирим сурап, бирок

сөз эркиндигине тыюу сала албастыгын белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы түзөтүү

32-берене 1. Ар кимге абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.

==«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы==

3-берене. Дин тутуу эркиндигине укуктуулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген дин

тутуу эркиндиги ар бир жарандын динге өз мамилесин эркин жана
өз алдынча аныктоо, жеке өзү же башкалар менен бирдикте ар 

кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо, диний ынанымдарын өзгөртүү

жана динге мамиле менен байланышкан ынанымдарын билдирүү
жана таратуу укугун камтыйт.

Ата-энелер жана аларды алмаштырган адамдар, өз ара макулдашуу боюнча, өз балдарын динге карата жеке өздөрүнүн мамилелерине ылайык тарбиялоого укуктуу. Жаран өзүнүн динге, дин тутуу же тутпоого, кудайга табынууга,

диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга, динди 

окууга карата мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр -бир мажбурлоого жол берилбейт.

1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укугунун жалпы декларациясы түзөтүү

18-статья Ар бир адам ой-пикиринин, дин тутууга жана абийиринин эркиндигине укуктуу болот; бул укук өз динин же ишенимин эркин алмаштыруу жана өз динине же ишенимине эркин өз алдынча , ошондой эле жамааттык түрдө сыйынуу укугун, диний жана расымдык

ырым-жырымдарды үйрөнүүнү, табынууну жана аткарууну ачык 

же жеке тартипте жасоо укугун камтыйт. 19-статья Ар бир адам эркин ишенүү жана аларды эркин билдирүү укугуна ээ; бул укук тоскоолдуксуз өз ишенимин карманууга жана маалыматты

эркин издөө, табуу жана таркатуу ошону менен бирге 

бардык каражаттар аркылуу жана мамлекеттик чек араларга карабастан аракеттенүү укугун камтыйт.

1966-жылдын 16-декабрындагы Саясий жана жарандык укуктар жөнүндө эл аралык пакт түзөтүү

18-статья 1. Ар бир адам ой-пикиринин, дин тутуунун жана абийиринин эркиндигине укуктуу. Бул укук өзүнүн каалоосу боюнча динге же ишенимдерге ээ болуу эркиндигин жана ачык же жекече тартипте жеке, ошондой эле башкалар менен бирдикте өз динин жана ишенимдерин тутуу эркиндигин, табынууну, диний жана расымдык ырым-жырымдар менен окууларды аткарууну камтыйт. 2. Эч ким өз тандоосу боюнча динге же ынанымга ээ болуу же аларды кабыл алуу эркиндигин басмырлоочу мажбурлоого дуушарланууга тийиш эмес. 3. Динге же ишенимдерге сыйынуу эркиндиги мыйзамда белгиленген жана коомдук коопсуздукту, тартипти, ден соолукту жана адеп- ахлакты, ошондой эле башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндигин коргоо үчүн зарыл болгон чектөөлөргө гана дуушарлантат. 4. Бул Пактыга катышкан мамлекеттер ата-энелердин жана зарыл болгон учурларда тиешелүү мыйзамдуу камкордукка алуучулардын өз балдарына өздөрүнүн ынанымдарына жараша диний жана адептик тарбия берүүгө эркиндигин урматтоого милдеттуу.

                               Колдонулган адабияттар:Америкалык Юристтер Ассоциациясы, Укуктун Үстөмдүгү Программасы (ABA ROLI)
                                                                                 Авторлору:Максим Никифоров, Нодира Акбаралиева