1840-50-ж. саясий кырдаал жана Ысыкколдук кыргыздардын Россия букаралыгын таануусу.Italic text
19-к-дын 40-жылдары Түндүк Кыргызстанда айрым уруулар саясий жактан биригүүгө,кээ бирлери уруулук-уруктук деңгээлдеги өз алдынчалыкты камсыз кылууга аракет кыла баштаган.Тундук Кыргызстандын чегиндеги саясий биримдикти орнотууга багытталган сарыбагыш манабы Ормон Ниязбек уулунун аракеттери айрым уруу төбөлдөрүнүн сепараттык маанайдагы мудоолору менен коштолгон.Алсак,Ысыккөл кыргыздары Ормондун хан жарыяланышына жооп кылышып манап Боромбай Бекмурат уулунун бугу уруусунун башчылыгына көтөрүщкөн.

        
Сарыбагыш жана бугу урууларнын бий-манаптарынын өз ара тирешүүсү алардын тышкы саясатына да терең таасирин тийгизген.Ормон хандын мамлкеттик биримдик түзүп,орустар менен мамилени так аныктоо боюнча мудөөлөрүн бугу манаптары колдогон эмес.Анын натыйжасында орус администрациясы бугу кыргыздарды менен тыгызыраак алака күтү саясатын жүргүзүп,бугуларды алгачкылардан кылып Россиянын курамына кабыл алган.

19-к-дын экинчи жарымындагы Сарыбагыш жана бугу урууларынын бий-манаптарынын бир нече жылга созулган ич ара тирешүүсү бугу-сарыбагыш чабышына алып келген.Ормон хан бугуларга каршы согуштук аракеттерди жүргүзүү менен Ысыккөл кыргыздарын өзу курууга ниеттенген хандыкка толук моюн сундурууга умтулган, о. эле Ысыккөл кыргыздарынын бейжооп Россия менен жакындашышы Ормон ханга жакан эмес.Бул чабыштардын биринде,1854-ж. Ормон хан колго түшүп, өлтүрүлгөн.Ормондун кунун кууган сарыбагыштар,Ормондун кол башчысын Төрөгелдинин жана Ормон уулу Умөтаалынын жетекчилиги менен кайра-кайра жортуул уюштуруп, бугулардын тынчын алган.Боромбай баш болгон бугунун бир топ айылы Каркыра менен Текеске чегинет. Ушундай коогаландуу шартта бугунун баш манабы Боромбай кыргындан кутулуунун бирден-бир ылаажысы –Россиянын букаралыгына өтүү деген бүтүмгө келет.Бул максат менен манап Качыбек Шераалы уулу баштаган бугунун элчилиги 1854-ж. 26-сентябрда Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун борбору Омск ш-на барышкан жана 1855-ж. 17-январда Омскидеги ак сарайда өз элинин ишенимдүү өкүлү катары Качыбек Шераалы уулу Россиянын карамагына өткөндүгү ж-дө куран кармап ант берген.Ысыккөл кыргыздарынын Россияга расмий түрдө кошулушу кыргыздардын тарыхында маанилүү окуя катары бааланат.Ушул окуядан кийин бугу менен сарыбагыш урууларынын ортосундагы жаңжал басаңдаган.Бирок,эки уруунун чыр-чатагы Түндүк Кыргызстан Россиянын карамагына толук киргизилгенге чейин (1868-ж.)тыйылган эмес.

Кыргызстандагы саясий абал жана кыргыз –орус мамилелери 18-19кылымItalic text

      
18-к-дын аягы -19-к-дын ортосунда кыргыз коомчулугу татаал процестерди башынан кечирип жаткан.Кыргыздардын бирдиктүү мамлекеттик түзүлүшү болбостон,геогр-лык шартка ылайык,бир нече саясий бирикмелердин таасиринде жашап турган.Түштүк кыргыз уруулары 18-к-дын

Акыркы чейрегинде Фергана,Памир,Тоолуу-Бадашхан,Ортотобо,Жызак, Кожент чөлкөмдөрү Кокон мамл-не биротоло бириктирилгендигине байланыштуу анда жашаган кыргыздар хандыктын туруктуу калкына айланып калган.

     '
Кыргызстандын түндүк болугу бул мезгилде ар бири өз алдынча бийлик жүргүзүшкөн уруу башчыларынын –чоң манаптардын кол алдында эле.Мис., сарыбагыштан –Тынай,Атаке,Эсенгул,Ормон, бугудан –Карга,Бийназар,Меңмурат,Боромбай, солтодон –Түлөберди,Жайыл,Канай,Жаңгарач, -саяктан –Садыр хан,Жанболот,Качыке,Тайлак, саруудан –Бердике,Туума бий, кушчудан- Жетим бий,Бүргө баатыр, мундуздан – Тыныбек ж.б. өз алдынча бийлик жүргүзүп турушкан. 19-к-да азыркы Чуй облусунун аймагында сарыбагыш, солтож ; Ысыккөлдө –бугу,саяк,сарыбагыш, Нарында –моңолдор, черик, басыз, сарыбагыш, чекир саяк, азык; Таласта –кушчу, саруу, кытай,жетиген;Жалалабатта –багыш,мундуз,саяк;Ошто –адыгине,мунгуш,найман,тейит; Баткенде -төөлөс,оргу, жоокесек, бостон,ават,кесек,канды,тейит, найман ж.б. жашаган. Ичкилик уруу бирикмесине кирген кыргыз уруулары Өзбекистандын,Тажикстандын,Ооганстанга кирген Памирдин Кыргызстанга чектеш аймактарында жашашкан. Чыгыш Түркстанда басыз, саяк, чоң багыш,төөлөс,солто,сарт,тейит,найман кыпчак,бугу,черик,нойгут, б.а. ичкилик,оң,сол кыргыз урууларынын аз-аздан өкүлдөрү жашаган. 18-к-дын аягынан Түндүк кыргыздарга Кокон хандыгы да кысым көрсөтө баштаган..

Мындай кырдаалда айрым кыргыз бийлери Россия менен мамиле түзүп,анын колдоосуна ээ болу менен гана өздөрүнүн бийлигин,саясий өз алдынчалыгын сактап калууга болот деп түшүнүшкөн.
'

   '
Россия менен саясий байланыш түзү аракетин алгач Чуй боорунда жашаган сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр жасаган.
'
'
Россияга бара турган биринчи элчиликке Абдырахман Кучак уулу жана Шергазы тандалган. 1785-ж. 23 –августунда Омскиге келип жеткен кыргыз элчилери Сибирь генерал-губернаторуна Атаке баатырдан кат жана эки аргымак, Екатирина 2ге атайын расмий кат,бир кул,үч илбирстин жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулашкан. Элчиликтин негизги максаты Россиянын колдоосуна ээ болуу, Борбордук Азиядан жана Чыгыш Түркстандан Россияга карай чыккан соода кербендеринин маршрутун өзгөртүп,Кыргызстан аркылуу өтүүсүн камсыз кылуу болгон. 1785-ж. 29-декабрында Петербугга келищкен кыргыз элчилерин,Екатирина 2 1786-ж.

15-мартта гана кабыл алат.Атаке баатыр элчилеринин кайтып келишин күтпөй эле,1788-ж. жайында Омскиге Сатынбай Абдырахман уулу башында турган экинчи элчиликти жиберген. Россияга барган алгачкы элчилер өздөрүнүн милдетин ийгиликтуу ишке ашырышкан.Кыргыздар менен Россиянын ортосунда туруктуу байланыш түзүлбөсө дагы,кийинки дипломатиялык мамилелердин калыптанышына биринчи кадам жасалган.
'

      '
1825-ж. күзүндө Жыргалан суусун боюнда бугу уруусунун бийлери курултайга чогулушуп,Россиянын же Кокондун букаралыгын кабыл алуу маселесин талкуулашып, Россияга кошулуу ж-дө чечим кабыл алынат.<br>