Айжан Джапарова
Акылмандар ар башкача ойлосо
да, дайыма тил табыша алат,
ал эми акмактар дайым бирдей ойлосо да, эч качан тил табыша албайт. К. Мелихан
Тема: «Соттошкондон көрө тил табышкан оң!»
. САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:
Турмушубузда чыр-чатактар боло берет, андыктан биз бул көрүнүштү кандай атасак да, андан качып кутулуу, жашырынуу мүмкүн эмес. Чечилбеген чырчатак эртеби-кечпи кайра ырбайт, ошондуктан аны чечүүгө туура келет. Кантип? Чыр-чатакты агрессия же күч колдонуу менен тынчытууга болот, бирок анда досуңардан, өнөгүңөрдөн же кардарыңардан айрылып каласыңар. Сот аркылуу чечүүгө болот, бирок буга чыгым, убакыт көп коройт, анын үстүнө бул процесс дайым эле ийгилик алып келе бербейт. Анда эмне кылуу керек? Бүгүн биз чыр-чатакка катышкан бардык тараптардын таламдарын жана муктаждыктарын канааттандыра турган ортомчулук ыкмасын колдонуу менен өз чыр-чатагыбызды кантип чечүүгө болору тууралуу сүйлөшөбүз.
Азыркы мезгилде чыр-чатакты соттошпой чечүү жолдорунун ичинен ортомчулук өзгөчө мааниге ээ. Чыр-чатак сыяктуу эле, ортомчулук да көптөн бери өкүм сүрүп келатат. Чыр-чатактарды чечүү үчүн чатакташкан тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле ортомчулукту колдонушкан, аны бейтарап адамдын (ортомчунун) катышуусу менен сүйлөшүүлөрдүн өзгөчө түрү деп атоого болот. Ортомчулук мурда азыркы абалында калыптанган жана ошол бойдон азыркы учурда өкүм сүрүп жатат деп ырастоого болбойт. Бейтарап ортомчунун катышуусу менен тараптарды жараштыруу ыкмасын колдонуу жөнүндө гана айтууга болот. Талаштарды чечүүнүн мындай ыкмалары көбүнчө сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, ийгиликке жетишүү үчүн талашып-тартышып жаткан тараптар бири-биринин көз карашын түшүнүшү жана кабыл алышы зарыл болгон учурларда гана колдонулган. Олуттуу пикир келишпестиктерди чечүү учурунда турмушка ылайыктуу жана өз ара пайдалуу чечимге ченемдерди пайдаланууга караганда, сүйлөшүүлөр менен жетишүү оңой экенин адамдар бир нече кылымдар мурда түшүнгөн. Эгерде акылга сыярлык көз караштан алсак, анда ортомчулукту бардык байыркы элдер, анын ичинде Орто Азиянын элдери колдонгон деп айтууга болот. Мисалы, талашып-тартышуу учурунда талашып жаткандар кыйла көп учурда коомдогу урматтуу жана кадыр-барктуу адамдардын – аксакалдардын жардамын колдонгон, алар ортомчунун ролун аткарган. Бүгүнкү күнгө чейин, ортомчулук дүйнөдө чыр-чатактарды соттошпой чечүүнүн эң көп колдонулган ыкмасы болуп саналат. Эмесе, ортомчулук деген эмне?
Аныктамадан көрүнүп тургандай, ортомчулукта талашкан тараптардан тышкары үчүнчү дагы бир тарап – ортомчу катышат. Ортомчу жалгыз, ошондой эле бир нече адам болушу мүмкүн. Алар кесипкөй ортомчулар, ошондой эле атайын даярдыгы жок адамдар болушу ыктымал. Ортомчулук – тараптардын макулдугусуз эч кандай чечим кабыл алынбай турган сүйлөшүү процесси. Ортомчу талашып-тартышкан эки тарапка бирдей алгылыктуу чечимге келишине жардам гана берет, ал эч качан кандайдыр бир чечимди таңуулабайт. Ортомчулуктун негизги максаты – чырдашкан тараптарга андан аркы мамилелерди түзүүгө жардам берүү, ортомчулук жол-жобосу аяктагандан кийин алардын кантип бирге жашап, иштеп жана кызматташуусу керектигин аныктоосуна көмөктөшүү. Ортомчулук эки тарап тең чыр-чатакты жөнгө салууну каалаган учурда гана натыйжалуу болорун эсиңерге туткула. Бүгүн мен ортомчулук кандайча, кайсы эрежелердин негизинде жүргүзүлөөрүн, кимдер ортомчу боло аларын жакшыраак билип алууну сунуштайм. Бул үчүн топторго бөлүнүүнү сунуш кылам.
Топтор үчүн маалымат:
Биринчи топ: Ортомчулук принциптери
1. Калыстык (калыс баа берүүгө, ой жүгүртүүгө, эки тарапка бирдей жана эч кимисине жан тартпай мамиле кылууга кудурет)
Ортомчу ортомчулук кылууну калыс жана адилеттүү жүргүзүүгө тийиш. Ортомчу калыс жана адилеттүү бойдон кала ала турган иштерге гана ортомчулук кылууга тийиш. Ортомчу процессти калыс жүргүзүүгө кудуретсиз болгон, ал өзүндө пайда болгон эмоциялык баа берүүлөрдөн арыла албастыгын сезген ар кандай учурда ал процессти жүргүзүүдөн баш тартып, ортомчулукту токтотууга милдеттүү.
2. Купуялык Купуялык принцибине ылайык, процесс учурунда айтылган же талкууланган нерселердин баары ортодо гана калууга тийиш. Ортомчу иштин жүрүшүндө жүргүзгөн бардык жазуулар жок кылынат. Эгерде иш кантсе да сотко өткөрүп берилсе, ортомчу күбө боло албайт. Ортомчу жекече маектешүүнүн жүрүшүндө бир тараптан алган маалыматты, эгерде буга атайын уруксатты же маалымат берген адамдын өтүнүчүн албаса, башка тарапка билдирүүгө укуксуз.
3. Ыктыярдуулук Соттук териштирүүдөн айырмаланып, ортомчулук процессине бардык талашкан тараптар ыктыярдуу киришет, ал эми ортомчу тараптардын өз ара макулдугу боюнча эркин тандалат. Эгерде кандайдыр-бир себептен улам тараптар ортомчулукка барууну каалабаса, эч ким аларды буга мажбурлай албайт. Бул принцип бардык чечимдерди эки тараптын өз ара макулдугу менен гана кабыл алынышынан жана ар бир тарап каалаган учурда ортомчулук жол-жобосунан баш тартууга укуктуу экендигинен да көрүнүп турат.
Экинчи топ: Кимдер ортомчу боло алат? Ар кандай адам ортомчу болушу мүмкүн. Бирок өздөрүнүн статусуна жараша расмий ортомчуларга төмөнкүдөй адамдардын топтору кирет: • мамлекеттер аралык уюмдар (БУУ, ЕККУ) • укук коргоо органдарынын өкүлдөрү (прокуратура, турмуш-тиричилик жагындагы участкалык милиционер) • уюмдардын/ишканалардын жетекчилери өздөрүнүн карамагындагыларга карата • коомдук уюмдар • кесипкөй ортомчу-конфликтологдор, социалдык психологдор Атайын билимдүү же тажрыйбалуу болгондугу үчүн адамдар жардам сурап кайрыла турган расмий эмес ортомчулар: • диний уюмдардын лидерлери, аксакалдар, жамааттардын лидерлери • психологдор • социалдык педагогдор • юристтер Бүгүнкү күндө атайын даярдыктан өткөн, ортомчулук кылган кадыр-барктуу ортомчулар, уюмдар бар, алар атайын даярдыктан өткөн жана ортомчулук кылуу боюнча кесипкөй жардам берет. Ар кандай ортомчу ак ниеттүүлүк, кадыр-барк, кынтыксыз аброй сыяктуу адамдык сапаттарга ээ болууга тийиш. Чыр-чатактын күбөлөрү, досторуңар, туугандарыңар, расмий эмес лидерлер жана жумуштагы кесиптештериңер да ортомчу боло алат. Бирок мындай учурда кесипкөй жардам жөнүндө айтууга болбойт.
Үчүнчү топ: Ортомчулуктун этаптары
1-этап – Эрежелерди түшүндүрүү. Иштин башталышында эле ортомчу тараптарга ортомчулукту жүргүзүү эрежелерин түшүндүрөт. Ал ортомчулук ыктыярдуу болуп санала тургандыгын, тараптардын кимиси болсо да ортомчулуктун каалаган этабында баш тартууга укуктуу экенин эскертет. Ал ошондой эле эч бир тарапты жактабастыгын, тараптардын бир пикирге келишине гана жардамдашаарын жана ортомчулук мезгилиндеги сөздөрдүн баары купуя сакталаарын айтат. 2-этап – Тараптардын сөз сүйлөшү. Ар бир тарап болгон окуяны айтат. Кимиси даттанса, ошол биринчи сөз баштайт. Анын сөзүн бөлүүгө уруксат берилбейт. Анан экинчи тарап чатактын себептерин өзүнчө түшүндүрөт. Катышуучулардын кимиси болсо да, ортомчу өзү да бул сөздөрдү жазып турууга укуктуу. Ортомчулук аяктагандан кийин купуялыкты сактоо үчүн ортомчу жазып алган жазуулар жок кылынат. 3-этап – Тараптардын кызыкчылыктарын айкындоо. Ортомчу фактыларды жана маселелерди аныктоого аракеттенет. Ал эки тараптын тең айткандарын угат, ар бир тараптын көз карашын жалпылайт жана алардын маселени канчалык түшүнгөндүгүн айкындайт. 4-этап – Сунуш киргизүү. Ар ким көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон варианттарын ойлонуштурат. Ортомчу сунушталган чечимдердин тизмесин түзүп, чечимдин ар бир варианты боюнча тараптардын пикирин сурайт. 5-этап – Чечим тандоо. Тараптардын айткан пикирлерине таянып, ортомчу талашты чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун караштырат жана кайсынысы эки тарапты тең канааттандырарын аныктоого аракеттенет. Чечим ойдогудай жакшы болушу үчүн реалдуу болууга, эки тарапты бирдей канааттандырууга тийиш. 6-этап – Макулдашууга жетишүү. Ортомчу тараптардын өз ара алгылыктуу келишүүсүнө жардамдашат. Чечим жазуу жүзүндө таризделиши керек. Мындай макулдашуу «ортомчулук келишим» деп аталат. Тараптар ошондой эле, эгерде алардын бири бул макулдашууну бузса, эмне болорун талкуулоого тийиш.
Төртүнчү топ: Ортомчулук колдонула турган чөйрөлөр
• Нике жана үй-бүлө (жубайлар ортосундагы чыр-чатак, ажырашуу, никедеги зордук-зомбулук, балдарды тарбиялоо) • Экономикалык чыр-чатактар (иш таштоо, ишкер чыр-чатактар) • Эмгек талаштары (жумуштагы чыр-чатактар) • Эл аралык чыр-чатактар • Саясий чыр-чатактар (шайлоонун жыйынтыгы боюнча саясий партиялар ортосундагы талаштар) • Экологиялык талаштар • Келишимдерди сактоо боюнча чыр-чатактар (ижара берүүчүлөр менен ижарачылар, буйрутма бергендер менен аткаруучулар, сатуучу менен кардар ортосундагы чыр-чатактар) • Билим берүүдөгү ортомчулук (студенттер менен окутуучулардын ортосундагы, жетекчилер менен окутуучулар ортосундагы, мектеп менен ата-энелер ортосундагы чыр-чатактар) • Маданияттар аралык чыр-чатак (расалык, этностук, диний чыр-чатактар) Ортомчулук ошондой эле оордугу анча эмес жана оордугу алда канча жеңил кылмыштар деп квалификацияланган бир катар кылмыштарга карата колдонулат, мында тараптардын жарашуусунан улам иш токтотулушу мүмкүн (мисалы, ден соолукка оордугу азыраак зыян келтирүү, мүлккө зыян келтирүү) КР КЖКнын 37-главасындагы 329- жана 330-статьяларды караңыз