Ч.Айтматов. “Жетинин бири” аңгемеси (“Кыямат” романынан үзүндү)

         Революциянын жалындап турган учуру, кан төгүлүп, атуул согушу жүрүп жаткан чак, революция акыркы айыгышкан кармаштарда өзүнүн эртеңки өмүрүн, басчу жолун айкындап, бекемдөөдө; Грузияга да арийне, тарыхтын бул тилкесине мүнөздүү тагдыр туш келген – Совет бийлиги жеңип, революцияга каршы колуна курал алып чыккан душмандардын калган-каткандарын бардык жерден, атүгүл алыскы тоо арасындагы айыл-кыштактардан да кубалап, сүрүп бараткан кез. Мындай тапта негизги мыйзам ушу – эгер душман багынбаса ал жок кылынат, ага ырайым болбойт. Айрыкча Гурам Джохадзе деген өткүр жигит топ курап, жаңы бийликке жан талаша каршы чыгат. Өзү мурдагы жылкычы, бул чөлкөмдөгү тоо арасын, жер танабын беш колундай билген неме, эми минтип жигит топтоп, тап күрөшүнүн татаал жолуна туш келип куюндап чабуул коюп, кайра кайыптай жок болуп, өжөрлөнүп колго түшпөй жүрөт. Бирок канткен менен анын да күнү бүтүп барат. Гурамдын отрядына чекист жиберилет, кокус билинип калса эмне болору белгилүү иш, ошого карабай ал тобокелге салып, эптеп Гурам Джохадзенин ишенимине кирип, анын жан жигиттеринин бири болуп калат. Чексттин аракети аркасында мындай бир кырдаал түзүлөт: катуу салгылаштан кийин жигиттеринин бир тобунан айрылган Гурам Джохадзе дарыядан кечип өтө берер жерден мурдатан өңүп отурган буктурмага кептелет. Тоо арасындагы жайык өзөн, Джохадзе жоон топ жигиттери менен ат үстүндө суу жиреп кетип баратат. Суунун дал ортосуна жетип, өйүз-бүйүз эки жээктин көмүскө жерине мурдатан орнотулуп коюлган эки пулеметтон каршы -терши ок мөндүрдөй төгүп кирет. Адамдар ат үстүнөн топтой учуп, сууга кулап, октон өлбөгөнү суу ичинде тумчугуп, андан өлүп, өзөн үстү ат менен адамдын өлүгүнө толуп чыгат. Бирок Гурам Джохадзе – тагдыр колдогон кишиге айла жок! - шарт артка бурулуп, аргымагынын күчүнө салып жээкке жетип, жээкти бойлой бадалды аралай чаап, октон башын ала качып чыгат.

Дарыянын үстүндөгү катуу кыргындан кийин кокту-колот, капчыгай-өрөөндөрдүн коен жатагына чейин жакшы билген Гурам Джохадзе ошо күнү кеч күүгүмдө Түркиянын чек арасына жакын, тоо арасындагы киши жетпес бир токойлуу жерге өргүү кылды. Аттардын ээрин алып-албай баары тең, алты адам менен жетинчи киши, ырп этээрге алдары жок чарчаган немелер, ар кими ар жерге тоголонуп жатып алышты. Бешөө ошо замат эле жыга чапкандай уйкуга кирди, экөө гана уктабай жатты. Бири – чекист Сандро, көңүлү тынчыбай, эми кандай кылмакчымын, буйрукту кантип аткарам, канткенде мунун жазасын колуна берем деп санаасы – санга бөлүнүп, ал жатты. Бүгүнкү катуу талкаланыштан кийин жигиттеринен айрылганына жүрөгү канап, эртеңки тагдырын ойлоп, көөдөнүн от каптап, өрттөй өктөм Гурам Джохадзе, бул жатты. Революциянын мыйзамына ылайык эки тарапка бөлүнгөн, кайнаса каны кошулбаган, бири-бирине кас бул эки адам дагы эмнелерде ойлоп жатканын билсе бир Кудай билер.

Түшүндүрмө сөздүк:

Жер танабын беш колундай билген неме – коен жатагына чейин жакшы билген, бүт бардыгын, ой-чуңкурунан бери, эч нерсесин калтырбай билүү

Кайыптай жок болуп көзгө көрүнбөй жок болуп кетүү

Ырп (тырп) этээрге алдары жок кыймылдоого алы жок

Кайнаса каны кошулбаган бири-бирине жакындыгы, тууганчылыгы жок

Чекист мамлекетке жашыруун кызмат кылган аскер адамы, б.а. мамлекеттик коопсуздук органдарынын кызматкери

Өңүп олтурган жашынып отурган

Көмүскө жерине жашыруун жерине


        Айдын толуп турган кези, оң тараптан жаркырап тийип турат, түнкү токой өзүнчө бир оор күңгүрөнүп, төмөндөп таштан ташка урунуп, шаркырап аккан дарыянын дабышы келет, аска таштар арсайып, мисирейип, айланадагы тоолор тымтырс. Аңгыча жүрөгү бир нерсени сезгендей Гурам Джохадзе капысынан ыргып турду.

-        Сен ойгоо жатасыңбы, Сандро?-деп таң кала сурады ал жетинчи кишиден.

-        Ойгоо жатам, сен эмне тура калдың?-деп кайра өзүнө суроо салды Сандро.

А мен жөн эле. Уйкум келбейт, мына бу жерге жата алчудай эмесмин, ай өтө эле жаркырап туруп алды. Үңкүргө барып жатам.

Джохадзе кементайын, курал-жарагын, башына жазданаарга ээрин алып, ары баса берерде мындай деди: - Калган сөздү эртең сүйлөшөбүз. Эми биздин кеп-сөзүбүздүн бүтөрүнө да аз калды.

Ал түн ошо менен өттү, эртең менен Гурам Джохадзе аттарды токугула деп буйруду. Анын оюнда эмне турганын, эмне ниети бар экенин эч ким билген жок. Токулган аттарды суулуктан кармай, баары анын алдына келип, унчукпай туруп калышты. Ошондо ал бир үшкүрүнүп алды да:

Жок, - деди, -туулган жерден минтип жөнөп кеткенибиз болбойт. Бүгүн мына бу киндик каныбыз тамып, боорубузду көтөрүп өсүп чыккан жерибиз менен коштошобуз, анан ар кимибиз каалаган жолубузга түшөбүз. Азырынча өз жерибизде турабыз, демек, өз үйүбүздө тургандай иш жасайлык.

Кечинде баары – алты адам жана жетинчи киши кайрадан чогулушту.

Аттар токулуубу, шарт минип, жөнөп берүүгө даярсыңарбы? – деп сурады Гурам Джохадзе. Бардыгы унчукпай баштарын ийкешти.

Бу сен, Сандро, - деди капыстан Гурам Джохадзе,- отундун кургагынан жакшы жыйнапсың, дуулдап күйүбатат, бирок очоктон оолак жыйып салганың кандай?

-        Ага кабатыр болбо, Гурам, оттун милдети менде, өзүм жайгарам. А сен айтчу сөзүңдү айта бер.


Түшүндүрмө сөздүк:

Кементайын – эркектердин кийизден жасалган сырткы кийими

Боорубузду көтөрүп – чоңоюу, өсүп-жетилүү

Токой оор күңгүрөнүп –токойдон муңдуу, бүдөмүк добуш чыгаруу

Мисирейип – үн чыгарбай катыгансып карап карап туруу

      

  Мына ошондо Гурам Джохадзе мындай деди:

-  Досторум, биз жеңилдик, биз утулуп калдык. Эки тарап согушса, бири жеңет, бири жеңилет. Ошон үчүн согушат. Биз нечендин канын төктүк, биздин кан да кем төгүлгөн жок. Бул тараптан да, тиги тараптан да не деген кайран жигиттердин башы кетти. Өткөн өттү, болору болду. Набыт болгон досторумдан да, набыт болгон душмандарымдан да кечирим сурайм. Урушта өлгөн душман - сага душман болуудан калат.Мен күнү кечегидей кан кечип кармашып жүрсөм да, баары бир набыт болгондордон кечирим сурамакчымын. Бирок тагдыр бизден жүз үйрүп кетти, ошон үчүн элдин көпчүлүгү да бизден жүз үйрүдү. А түгүл мына туулуп-өскөн жер да бизди жерип турат, биздин биерде калышыбызды каалабай турат. Бизге эч ким кечирим да бербейт. Эгер мен жеңип чыкканда жеңиш мен тарапта болгондо, мен душмандарымды аямак эмесмин, бу менин Кудай алдында айткан ак сөзүм.Эми биздин алдыбызда бир гана жол бар  - биерден оолактап кетишибиз кетип, башыбызды бөтөн эл, бөтөн жерге калкалашыбыз керек. Мына бу көрүнүп турган чоң тоонун ары жагы – Түркия, сунсаң колуң жеткидей, а мындайраакта, алдагы ай көтөрүлүп келе жаткан тоонун артында – Иран. Кимиңер кайда барасыңар – өзүңөр чечкиле. Мен болсом Түркияга, Стамбулга бет алам, барып, кемелерге жүк ташыгыч болом. Ар кимибиз азыр кайда барып күн көрөрүбүздү чечишибиз керек. Жети киши калдык. Бир аздан кийин жетөөбүз жети тарапка, бөтөн эл, бөтөн жерди көздөп, бирибизден соң бирибиз жөнөп беребиз. Ар кимибиз ар жерде темселеп, тагдырдын башка салганын көрөбүз.  Мындан ары биз эч качан жолукпайбыз. Мына бу күн-тирүү калган жетөөбүз чогуу болуп, бүтүп бири-бирибизден көзүбүздү көрүп, сөзүбүздү угуп олтурган акыркы күн. Кана, досторум, бири-бирибиз менен коштошолу, жерибиз менен коштошолу, грузиндин наны, тузу менен коштошолу, биздин мына бу шарабыбыз менен коштошолу. Мындай шарапка эми оозубуз эч жетпейт. Коштошуп, ар кимибиз өз жолубузга түшөбүз. Биз биерден эч нерсе албайбыз, а түгүл грузин жеринин бир бүдүр кумун да албайбыз. Ата Мекенди алып кетүү мүмкүн эмес, алып кетсе сар-санаа, кусалыкты гана алып кетүүгө болор, эгер Ата Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрө турган нерсе болсо анда анын баасы сокур тыйынга турбас эле. Кана эми, коштошор алдында шараптан алалы да, биздин ырлардан үн созуп ырдайлы, анан коштошолу.

             Жети адамдын, тагыраак айтканда, алты адам менен жетинчи кишинин коштошуу ыры мына ушинтип башталды. Жетинчи киши болсо өзүнүн мойнунда кандай милдет турганын бир саамга да унуткан жок. Бул алтоонун бири да, айрыкча Гурам Джохадзе тийиштүү жазасын албай чет өлкөгө чыгып кетүүгө тийиш эмес. Буга чекист жол бере албайт  – ага тагылган буйрук ошондой. Ал буйрукту аткарыш керек.

              Ушул түнү, коштошуп, айрылышар алдында  кайгылуу көөдөндөн эргип-эргип үн созуп ушу жети грузиндей бири-бирине жакын, бири-бирине туугандай жуурулушкан бирине-бири көлкүлдөп ээрип турган эч ким жок эле. Ырдын сыйкырдуу касиети жетөөн ого бетер ширелештирип турду.

 

Түшүндүрмө сөздүк:

Жерип турат – жатыркап, четтеп, тажап, көргүсү келбей турат

Темселеп – таба албай, көрө албай карайлоо, курулай убаралануу, жол таба албай сыйпалап калуу

Сокур тыйынга турбас – көзгө көрүнөрлүк эмес, эч нерсеге арзыбаган, бааланбаган

Айрылышар алдында – коштошоор алдында

Жүз үйрүп – ачууланып, кабак-кашын чытып, кыжырланып көргүсү келбегендей, жактырбагандай түр көрсөтүү

Оолактап кетүү – алыстап, ыраактап, окчундап кетүү      

Жуурулушкан – абдан таттуу мамиледе болгон, өз ара абдан алышып кетүү

Набыт болгон өлгөн, каза болгон


            Кана ушу акыркы ырыбыз болсун дешти, жок, ал ыр менен бүтпөдү, алдын артынан дагы ыр созулду, биринин ийнине бири колдорун артып, баштарын ылдый салып, бир саамга тунжурай калышканда көөдөндөн дагы бир ыр, жер алдынан өйдө тээп келаткан жапан күчүктөй өзүнөн-өзү оболоп чыга келип жатты. От алоолоп күйүп турганынан карабай Сандро дагы отунду көздөй жөнөдү. Бул кынтыксыз так ойлонулган иш эле – мындайраактан ага алтоонун ар бири дапдаана көрүнүп турат, ал эми жаркырап күйгөн оттун жанында ырдап жаткандардын көзүнө ал жакшы байкалбасы бышык...

           Оор маузер октолуу, баса берүүгө даяр. Алтоо жазадан буйтап кетпеш керек эле, мына эми жазаны тартар кез келди, ичинде жетиштүү огу бар, бат атар маузерди Сандро кезей кармап, сол колун оң колуна жөлөк кылып, тоо арасын күн күркүрөгөндөй жаңырыктаткан биринчи ок менен корбашы  Гурам Джохадзени сулата атты, ошол замат ооздон чыккан ырдын азабы өчө электе калганы биринен сала бири жалп-жалп дей түштү; эмне болуп кеткенин билүүгө алардын чамалары келген жок. Ушинтип кишини киши өлтүрүү деген балээлүү айлампанын бир бурчамында, төгүлгөн кан үчүн дагы бир жолу кан төгүлдү.

            От күйүбатат, шаулдап дабыш берип дарыя агып атат, тоо, токой – баары ордунда турат, өзүнүн  алыскы кемибес-кебелбес  бийиктигинде, өз ордунда ай да турат, бир гана ыр үзүлдү, ушу кечте тоо арасында эркин жаңырыктап, обого оттой жалбырттап жаткан ыр үзүлдү, ушу кечте тоо арасында эркин жаңырыктап, обого оттой  жалбырттап жаткан ыр үзүлдү ...    

          Иреңи күлдөй өчүп купкуу болгон Сандронун ичи өрттөнүп, тили оозуна батпай, көмөкөйү кургап чыкты: ичиндеги өрттү басыш үчүн чаначтын түбүндө калган шараптан аптыгып төшүнө төгүп чачып ичип жиберди... анан барып биртке акыл-эси ордуна келип, оттун тегерегинде кимиси октон кандай куласа ошо боюнча сулап жаткан алтоон кыдырата карап чыкты. Баарынын куралын жыйнап алды да, аттардын үстүндөгү ээр каштарына илди, андан кийин башынан жүгөн-ноктолорунун баарын шыпырып алып, аттарды бош кое берди... Бошогонуна көзү жеткенден кийин аттар бири-бирин ээрчип, тоо түбүндөгү айылдарды көздөй жөнөп бергенин карап турду...  Аттар дайыма адам жашаган, адам турактаган жерди көздөй бурулат эмеспи... Бир аздан кийин аттардын туяктарынын үнү алыстап өчүп, өздөрүнүн ай мунарыгында ээрчишип кетип бараткан карааны да көрүнбөй калды...

           Жасалчу иш жасалды. Сандро дагы бир мерте ажалы октон жеткен алтоону бир сыйра унчукпай карап чыкты да, мындайраак басып барып, маузердин оозун чыкыйына такады. Октун үнү дагы бир жолу тоо арасын саамга жаңырыктатып жок болду. Сулап түшкөн бул адам – өз ырын ырдап бүткөндөрдүн жетинчиси эле...


Түшүндүрмө сөздүк:

Саамга тунжурай калышканда – көшүлүңкү, мемиреп магдырагандай тынч аабалда болуу, сөз сүйлөбөй отуруп калышы

Кынтыксыз так ойлонулган иш – кемчиликсиз, катасыз ойлонулган иш

Иреңи күлдөй өчүп – коркуп кетүү, корккондон өңү өзгөрүлүп кетүү

Жапан – жапайы, ээн жүргөн, колдо багылбаган

Корбашы –  эскирген сөз., 1. Букара кандыгынын убагында курал-жабдык турган үйдү башкарган адам. 2. Падыша убагында жергиликтүү полициянын башчысы. 3. Коллективдештирүү мезгилинде басмачылык топтун башчысы

Маузер – ок атуучу курал, автоматтык пистолеттин бир түрү