Жусуп Баласагундун 1000 жылдык маарекеси.

Улуу ойчул даанышман,мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагундун 1000 жылдык маарекеси Токмок шаарындагы Бурана Мунарасында 14-октябрь күнү белгиленди. Иш чарага өкмөт башчы; Сооранбай Жээнбеков, Президенттик апараттын жетекчиси ; Фарид Ниязов,ошондой эле депуттатар жана Түркской уюмунун өкулдөрү маарекеге кубө боло алышты. Бул мааракеде Жусуп Баласагундун өмүрү жолу театрлаштырылып чагылдырылды. Жусуптун ырларынын маанилүүлүгү акыл ой кептеринин даанышмандулуулугу толугу менен чагылдырылып белгилүү кыргыз актерлорунун катышуусунда эл алдына тартууланды.Маарекенин экинчи бөлүгү концерттик программа жана ар кандай оюн зооктор менен коштолду. Бул иш чарага Б.Бейшеналива атындагы кыргыз мамлекеттик Маданият жана искусство университетинин « Социлдык маданий ишмердүүлүгү» факультетинин кафедра башчысы, мугалим ; Назым Мендебаировдун сунушу менен дал ушул иш чарада ошол кылымдагы көчмөн элдердин жана каравандардын образын жаратуу үчүн«социлдык маданий ишмердиги» факультетинин 4-курстарынын студенттери жана «Театр жана кино » факультетинин кафедрасынын 3-курсунун студенттери чагылдырылып бере алышты. Жусуп Баласагундун 1000 жылдык маарекесине катышуучу катары:

- Мага жалпысынан иш чаранын идеясы жакты,өзүбүзгө керектүү,таасир берүүчү эң маанилуу маалыматтарды алып , Жусуп Баласагун сүргөн доорго бир кылчайып барып келгендей болдук.

Тарыхта калуучу иш чарага катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн агайыбыз Назым Мендебаировго иш - чарага катышкан студенттер терең ыраазычылыгын билгизишет!!

« социалдык маданий ишмердүүлүгү» факультетинин 4-курсунун студенти Кулманбетова Курманжан.