Күл азык - байыркы кыргыздардын жоокерчилик доорунда колдонулган жол азыгы болуп эсептелген.
Кыргыздар күлазыктын ар түүрдүү жасалыш жолдорун билишкен. Тай этин адегенде сөөгүнөн ажыратып,түнкүсүн тышка жайып желдеткен,күндүзү алдына жалбыз төшөп,үстүнө чий жаап кургаткан.
Кургаган этти жаргылчакка тартып, ага мээр чөп же талкан кошкон.Кай бирлери этти майда туурап майга кууруп,туздап,талканга аралаштырган. Күлазыкты капка же тулупка салып,чыгданга серүүн жерге сакташкан.
Кымыз- илгертен бери кыргыздардын байыркы суусундугу жана жагымдуу сый тамагы. Кымыздын сапаты сабаага байланыштуу болот. Уй терисинен ийленген сабаа көктөлүп, ыышталып, ичи майланат. Андан сон көнөк чанач, көөкөр, сабаа турган текче жана бишкеги камдалат. Жаз келип, көк чыкканда бээ саалып,кымыз ачытыла баштайт. Саалган сүт куюлгандан кийин сабаны бишк менен маал-маалы менен бышып туруу зарыл.
Олобо - эт,сүт майдан жасалат.Кой-эчки, козу-улаксоюлары менен өпкө кекиртегин,жүрөк чогуусу менен бычак тийгизбей алат. Алар дароо жылуу салынат.Андан кийин олобо жасай турган майды сүткө чалып,өпкөгө куят. Сүт куюлган өпкө казанга салып бышырылат.


Жөө жомоктор эпикалык текке кирет, көлөмү чакан, кара сөз түрүндөгү элге кенири жайылган жанр болуп эсептелет. Аны кары-жаш дебей баардык адамдар айта алат. Жөө жомоктор маанисине карай үчкө бөлүнөт.
Айбанаттар жөнүндөгү жөө жомоктор тоотемдик фетишисизимдик түшүнүктөрүнө байланыштуу, булар адамдар айбанаттардан келип, чыккан делет.Адам айбанга ,айбан адамга кубулуп турган."Түлкү" "Аю" "Төө" "Карышкыр" .
Сыйкырдуу кереметтүү жөө жомоктор элдин кыялы фантазиясынан келип чыккан анда магия күчтүү берилет. "Учуучу килем" "Жайыл дасдаркон" "Жарылма таш" "Кемпирдин жети баласы" "Алтын шакек" Бала жана сыйкырчы". Турмуштук жөө жомоктор
Турмуш реалдуу сүрөттөлөт,чыныгы болгон окуялар берилет."Акылдуу дыйкан" Акылкарачач"