Демократия айырмачылыктарды, плюрализмди жана ар түрдүүлүктү камтыйт, ошонун өзү менен дин тутуу эркиндигин бекемдейт. Тоталитардык режимдер көпчүлүк учурда өз өлкөлөрүн бир жалпы диндин айланасына баш коштурууга аракет жасашат, анын жыйынтыгында диний репрессиялар жана диний азчылыкты куугунтуктоо жана дагы эркин ой жүгүртүү жана дин тутуу принциптеринен таптакыр баш тартуу жүрөт. Демократиянын таралуу деңгээлине жараша диний репрессиялар азаят жана чындыгында эле бүткүл дүйнөдө динге ишенүү эркиндиги кеңейет. Демократиялык өлкөлөрдө ар кандай айырмачылыкты (жокко чыгарууну, чектөөнү же артыкчылык берүүнү) билдирген, динге же дин тутууга негизделген жана теңдештик принцибинде адамдын жеке укуктарын жана негизги эркиндиктерин таануудан жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууну же кысымга алууну көздөгөн диний кодулоого (Religious discrimination) тыюу салынат. Кыргыз Республикасында башка көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдөгүдөй эле дин мамлекеттик бийликтен ажыратылган. Бул тигил же бул динге артыкчылык берүүгө тыюу салып, тынчтыкты, эркиндикти жана тең укуктуулукту камсыз кылууга көмөктөшөт. 1692-жылы белгилүү квакер Ульям Пенн «дин ар бир адамдын жеке иши болуп саналат, ал эми бийлик бир динди эмес, бардык диний көз караштарды коргоого тийиш» деп айткан. Бир катар мамлекеттер соңку жылдарда дин тутуу эркиндиги боюнча абалды жакшыртышты, алардын катарында Вьетнам, Грузия, Индия, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркмөнстан бар. Иллюстрация катарында: «2004-жылдын октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Юстиция Министерлиги, Ислам иштери боюнча комитет жана «Авкаф» дин жана терроризм боюнча эл аралык конференция өткөрдү, ал үгүттөөдөгү сабырдуулукка жана экстремизм менен терроризмди айыптоого көмөктөшүүгө чакырылган. Колдонулган адабияттар: Чыр-чатаксыз келечекке карай.Бишкек 2011