Чыр-чатак – бул дайыма коркунучту, кастыкты, таарынычты, түшүнбөстүктү пайда кылган терс көрүнүш, башкача айтканда, мүмкүнчүлүккө жараша андан качуу керек деген жөнөкөй түшүнүк бар. Башкаруунун мурунку илимий мектептеринин өкүлдөрү да чыр-чатак – бул уюмдун натыйжасыз ишинин жана начар башкаруунун белгиси деп эсептеген. Бирок, азыркы учурда, башкаруунун теоретиктери жана практиктери айрым чыр-чатактар кала берсе эң натыйжалуу уюмда кызматкерлердин эң жакшы өз ара мамилелеринин учурунда мүмкүн гана болбостон, ошондой эле зарыл деген көз карашка улам көбүрөөк кошулууда. Чыр-чатакты башкаруу гана керек. Чыр-чатактын көптөгөн ар түрдүү аныктамаларын табууга болот, бирок алардын бардыгы, эгерде сөз адамдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жүрүп жатса, ача пикирлердин формасына ээ болгон каршы пикирлер бар экендигин баса белгилейт.

Чыр-чатактардын классификациясы

Классификациянын белгиси Чыр-чатактардын түрлөрү Функциялык топторго/уюмдарга аракети боюнча  Иштиктүү (функциялык)  Деструктивдүү (дисфункциялык) Мазмуну боюнча  Реалисттик (маңыздуу)  Реалисттик эмес (маңызы жок) Катышуучулардын мүнөзү боюнча  Инсандын ички дүйнөсүндөгү  Инсандар ортосундагы  Инсан менен топтун ортосундагы  Топтор ортосундагы

Иштиктүү (функциялык) чыр-чатактар негиздүү чечимдерди кабыл алууга алып келет жана өз ара мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болот. Уюм үчүн чыр-чатактардын төмөнкүдөй негизги функциялык натыйжалары бар:

1. Көйгөй бардык тараптарга жаккан жана бардыгы өзүн аны чечүүгө тиешеси бар деп ойлогон жол менен чечилет. 2. Биргелешип кабыл алынган чечим тезирээк жана мыкты ишке ашырылат. 3. Тараптар талаш маселелерди чечүүдө кызматташтык тажрыйбасына ээ болот. 4. Жетекчи менен баш ийген адамдардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүү практикасы «баш ийүүчүлүк синдрому» деп аталган нерсени – кызматы боюнча улук адамдардын пикиринен айырмаланган өз пикирин ачык айтуу коркунучун бузат. 5. Адамдардын ортосундагы мамилелер жакшырат. 6. Адамдар ача пикирлердин болушунун дайыма жаман натыйжаларга алып келген «жамандык» катары карабай калат.

Деструктивдүү (дисфункциялык) чыр-чатактар натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук кылат. Чыр-чатактардын негизги дисфункциялык кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1. Адамдардын ортосундагы үзүрлүү эмес, атаандаштык мамилелер. 2. Кызматташууга, жакшы мамилелерге умтулуунун жоктугу. 3. Оппонент жөнүндө «душман» катары элестин болушу, анын өңүттөрү – терс нерселер жөнүндө гана, ал эми өзүнүн өңүттөрү жөнүндө - жалаң гана оң катары. 4. Экинчи тарап менен өз ара аракеттенүүнүн кыскарышы же толук токтотулушу. 5. Чыр-чатакта «жеңип чыгуу» реалдуу көйгөйдү чечүүгө караганда маанилүү деген ынаным. 6. Таарынуу сезими, канааттанбагандык, начар маанай.

Реалисттик чыр-чатактар катышуучулардын айрым талаптары канаатан-баганынан же, бир же эки тараптын пикири боюнча, кандайдыр-бир артыкчылыктарды адилетсиз бөлүштүрүүдөн келип чыгат.

Реалисттик эмес чыр-чатактар топтолгон терс эмоцияларды, таарынычтарды, кастыкты ачык билдирүү максатын көздөйт, башкача айтканда мында курч чыр-чатактуу өз ара аракеттенүү конкреттүү натыйжага жетишүү каражаты эмес, жеке максат болуп калат.

Инсандын ички дүйнөсүндөгү чыр-чатак инсандын ички дүйнөсүндө ар кандай психологиялык факторлордун: муктаждыктардын, жүйөөлөрдүн, баалуулуктардын, сезимдердин жана башкалардын ортосунда төп келүү жок болгондо келип чыгат. Уюмдагы иш менен байланышкан ушундай чыр-чатактар ар кандай формаларга ээ болушу мүмкүн, бирок көп учурда бул ролдук чыр-чатак, мында адамдын ар кандай ролдору ага ар башка талаптарды коет. Мисалы, үй-бүлөдө жакшы адам (атанын, эненин, аялдын, күйөөнүн ролу ж.б.) болуу менен, адам кечкисин үйдө болууга тийиш, ал эми жетекчинин абалы аны иште кармалууга милдеттендириши мүмкүн. Мында чыр-чатактын себеби – жеке муктаж-дыктардын жана өндүрүштүн талаптарынын төп келишпегени. Инсандар ортосундагы чыр-чатак — бул чыр-чатактын эң көп орун алган тиби. Уюмдарда ал ар түрдүү болот. Бирок чыр-чатактын себеби – бул адамдардын мүнөз-дөрүндөгү, көз караштарындагы, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүндөгү айырмачылыктар гана эмес (башкача айтканда, субъективдүү себептер), көп учурда мындай чыр-чатактардын негизинде объективдүү себептер турат. Көп учурда бул чектелүү ресурстар (материалдык каражаттар, жабдуулар, өндүрүштүк аянттар, жумушчу күчү ж.б) үчүн күрөш. Ар бир адам башка киши эмес, дал өзү ресурстарга муктаж деп эсептейт. Чыр-чатактар жетекчи менен баш ийгендердин ортосунда келип чыгат, мисалы, мында баш ийген адам жетекчи ага чексиз талаптарды коюп жатат деп ишенет, ал эми жетекчи баш ийген адам ишке толук күчүн жумшоону каалабайт деп эсептейт. Инсан менен топтун ортосундагы чыр-чатак уюмдун мүчөлөрүнүн кимдир-бирөө формалдуу эмес топтордо түзүлгөн жүрүш-туруш же баарлашуу ченемдерин бузган учурда келип чыгат. Бул түргө топ менен жетекчинин ортосундагы чыр-чатактар да кирет, алар жетекчиликтин авторитардык стилинин учурунда алда канча татаал чечилет. Топтор ортосундагы чыр-чатак — бул уюмду түзгөн формалдуу жана (же) формалдуу эмес топтордун ортосундагы чыр-чатак. Мисалы, администрация менен катардагы кызматкерлердин ортосундагы, ар кандай бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин ортосундагы, администрация менен кесиптик бирликтин ортосундагы чыр-чатак. Колдонулган адабияттар: Чыр-чатаксыз келечекке карай. Бишкек 2011.