20 жашка чейинки курактын кандай аталарын билесизби?

1 жаштагы бала «ымыркай» деп аталат. «Ымыркай» сөзү эски кыргыз сөзү, хакасча «нымыркай» деп аталат, татарча «юмуртка», ошонун таасири менен кыргыз тилине “жумуртка» болуп кайра кирген, ал “жаңы төрөлгөн бала» дегенди түшүндүрөт. 2-3 жаштагылар «наристе» бала делинет, кээде «чүрпө» деп да коюлат. Бул курактагы балдарды элибиз наристедей таза деген ниетте накыл чыгарышкан.

4-5 жаш - бөбөк курагы.

6-10 жаш - тестиер курак. «Тестиер» курак деп бекеринен айтылбаган. Ал тиги-бу үй оокатына жарап калган, кыздар «кол аякка» жардам берип, балдар атасына караан болуп, «кол ара» кызматына колкабыш кыла баштаган курак болот.

Ал эми, 11-15 жаштагы балдарды "жеткинчектер» деп атаганы элдик педагогиканын эң эле жаркын жагдайларынан болуп саналат. Бул курактагы балдар темир канат балапандай талпынып, жетем дегенине умтула баштаган мезгили. Нарктуу үй-бүлөдө бул курактагы балдарды жетилтип өстүрүүгө бардык аракет жумшалат.

16дан 20га чейинки балдарды өспүрүм куракта деп атайбыз", 20дан жашы азыраак өткөн кыз баланы «селки», а эркек баланы «боз улан, жигит деп атайт да, эрезеге жетти деп коюшат.

Ымыркайында – ырымдап бак, Наристесинде – назда, Бөбөгүндө – бөпөлө, Тестиеринде – теске сал, Жеткинчегинде – жетилет, Өспүрүмүндө – өстүр, Эрезеге жеткенде – элге кош.

(С.Рысбаев агайыбыздын китебинен)