==Колдонулган адабият==

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б ЛОКК Жон (1962–1704) – англис философу, либерализмдин негиздөөчүсү. Л-тун социалдык-саясий концепциясы «Мамлекетти башкаруу жөнүндөгү эки трактат» (1690) камтыйт. Биринчи трактат – Р. Фильмердин феодалдык – патриархалдык «королдун абсолюттук бийлик укугу кудайдан» көз карашын төгүнгө чыгарууга арналган. Экинчиси – конституциялык парламентардык монархия теориясын камтыйт. Мында акыйкатта 1688–89-ж. көтөрүлүштөн (революция) кийин Англияда бекемделген социалдык-саясий түзүлүштү актаган жана негиздеген. Мамлекеттин болбой койбостугун Л. табигый укук жана «коомдук келишим» теориясынын позициясында сүрөттөгөн. Гоббстун мамлекеттин абсолюттук теориясынан айырмаланып, өкмөт Л-туку боюнча «табигый укуктун» айрым гана бөлүктөрү катары берилет (сот адилеттигин жүргүзүү жана тышкы байланыш ж. б. у. с.) бардык калгандарды сөз эркиндиги, динге ишеним жана менчикти өзгөчө эффективдүү коргоо максатында берилет. Мамлекеттеги мыйзам чыгаруучу бийлик аткаруучу бийликтен ажырашы зарыл (сот адилеттигин кошуп), бийликтин өзү мыйзамга баш ийиши керек. Калк эркин, эриктүү болуп калат жана өкмөттү колдобой коюуга укугу бар, жоопкерсиз өкмөттү кулатууга акысы бар