Сатылган Жорупбеков, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар факультетинин доценти

                             тел: 0 555 115982

Кыргыздын, кыргыз тилинин жана Манастын феномендүүлүгү же кыргыздын идеологиясы менен мамлекеттик белгилери

   Бул макалада кыскача негизделиши менен төмөндөгүдөй ойлор айтылат:

1. Манастын жана «Манас» эпосунун феномендүүлүгү жөнүңдө көп сөз айтылат, бирок жеткиликтүү түшүндүрүлбөйт, негизделбейт. Манас феномени кыргыздын феноменалдүүлгү менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан, биз адегенде кыргыз деген ким экенин түшүнүбүз керек. Бул жөнүңдөгү алгачкы ойлор, адегенде «Кыргыздар мурда ким эле, эми ким болду жана эми ким болушу тийиш» деген парадигмасы боюнча айтылып, «Кыргыз дүйнөтаанымынын системалуулугу» деген темасы менен II-республикалык илимий-теоретикалык конференциянын материалында басылган эле (НАН КР. Институт философии и права. Современность: философские и правовые проблемы. Бишкек-1998ж)

Ар кандай элдердин адабияттарында Адам-Ева жөнүндө берилген баяндамалар бар. Мындай баяндамалар ойдон чыгарылган немеби же болгон чындыктуу окуянын баяндамасыбы деген суроо туулат? Кыргыздын азыркы сөздүгүндө «адам» термини бул араб тилиники имиш. Мен адистигим информатик катары, бул терминди кыргыз тилинин термини деймин. Кыргыз гана «адам» сөзүнүн маңызын туура жоруй алат. Кыргыз тилинде «адам» термини менен байланышкан көп сөздөр да бар, ал эми башка тилдерде жок. Башканыкы дегендер, мисалы, мага кыргыздын «кишимин деп мактанбай, адам болдум деп мактан» деген макалын эле башка тилге которуп жана «Адам», «Ева» аталыштардын маңызын анда түшүндүрүп беришсин. Анткени, маанисиз аталыш илим-билимде болбосу бул талашсыз чындык эмеспи. Которо да алышпайт, кыргыздыкындай түшүндүрүп да бере алышпайт (сайтты кара). Ошондуктан, «адам» кыргыз сөзү деймин. Андыктан Адам-Еванын баяны ойдон чыгарылган уламыш десек дагы, ал кыргыздын уламышы деймин. Азырынча аны башкалар өзүнүкү кылып мактанып жүрүшөт. Эгерде ал болгон окуянын баяны болсо, анда ал дагы кыргыз менен гана байланышкан окуя деймин. Адам-ата менен Евага (кыргызча Обого) ысымдар кыргыз тилинде берилген, ошондуктан алар кыргыз жана алардын тукумдары да кыргыз. Ошондуктан, мындан кийин Адам-Ева баяны менен кыргыз гана мактанышына акысы бар деймин. Бул курулай болжоо эмес, анткени америкалык генетиктердин изилдөөсү боюнча («Военная тайна» янв. 2012ж. телеберүү) жердеги элдер бир эненин балдары болууда! Дастан Сарыгулов дагы өзүнүн кыргыз сыймыктана тургандай изилдөөлөрү менен кыргыздын пайда болушун Ата заманга жеткендей эле кылып болгон этно-тарихый материалдар менен далилдеп жатпайбы («Кыргыз Туусу», янв. 2012)

2. Азыркы кыргызча сөздүктө көп сөздөр башка элдики болуп жүрөт. Бул жалган! Бул атайын жүргүзүлгөн саясаттын кесепети жана кыргыздын тукумдарынын башка элдерге тийгизген тарихый таасирин кыргыз өзү билбегендиктен (М. Аджи. Тюрки и мир, М., 2004). Башкалар болсо, мындай таасирди атайын жаап жашырыш үчүн, өздөрүнүн сөздүгүндө сөзүнүн жаралышы жөнүндө айтышпайт. Ал эми Юдахиндин кыргыз сөздүгүндө бул ыкма ошол убакыттагы саясат боюнча адаштырыш үчүн атайын колдонулган, анын кесепетинен парадокстор да кездешет. Мисалы, сөздүк боюнча «акыл» араб сөзү, ал эми «билим» кыргыз сөзү. Анда суроо туулат: Акыл жөнүндө термини, түшүнүгү болбогон кыргыз – акылсыз кыргыз кантип «билим» терминин жаратып, билимдүү болуп калган?

Тескеринче, кыргыз сөздөрүнөн башка элдердин көп сөздөрү жаралган, ошол эле «кечөө» эле жаралган араб тилинин сөздөрү да! Муну ырастаган изилдөөлөр бар (М. Аджи) жана жаңысы да пайда болууда. Мисалы, профессор А.А. Бекбалаевдин гунндар жөнүндөгү трилогиясы. Дагы Х. Карасаевдин эскерүүсү боюнча (радио берүү), Юдахиндин сөздүгүнө көп кыргыз сөздөрү киргизилген эмес. Себеби, алар мындай сөздөргө тийиштүү орусча сөздөрдү таба алыша албай коюшкан. Андай болсо, кайсы тил «улуу тил» деген эпитетке, чындыгында, ээ болушу керек эле? «Кандайдыр бир касиети үчүн кыргыз тилин сүйүп калдым» деп Юдахиндин айтуусунда атайын жашырылган, ачылбаган сыр жатат. Ал сыр тилдердин ичинен кыргыз тили гана системалуу мамиленин тили экендигинде! Х. Карасаевдин кыргыз сөздөрүн арабча-иранча жорууганына мен макул эмесмин Адаштырган сөздүктүн тиражын көбөйтпөй, такталган кыргыз сөздүгүн түзүү учурдун маселеси!

3. Дүйнө элдердин ичинен жалгыз гана кыргызда эки тил колдонулат: табигый тил жана оюм-чийим тили. (М.В. Рындин. Киргизский национальный узор. Л., 1948). Кыргыздын экинчи тили менен дагы философиянын мыйзамдары толугу менен сүрөттөлүп баяндалат. Мурда оймолор менен жасалгаланган туш кийизде, шырдакта, ала кийизде, кийим-кечесинде, жашаган боз өйүндө объективдүү билимге тиешелүү фундаменталдуу ойлор насыят болуп сүрөттөлүп айтылып келген (С.Жорупбеков. Кыргыз ким? Бишкек, 2001-2007). Ушунтип колдонулган экинчи тил башка элде жок. Азыркы кыргыз бул тилдин «сүйлөмдөрүн», алар менен баяндалган маңыздарды түшүнбөй калган манкурттук абалда. Окуу жайларда, көркөм академияда экинчи тил окутулушу жана жарнамаларда оюм-чийим тийиштүү маңызы, Санжыра санаттары менен коштолуп, түшүндүрүлүп туура колдонулушу керек. Азырынча минтүү жок. Эгерде Улуттук университеттин фойесинде оймонун баардык түрлөрү аталып тартылып, оймо менен дүйнөнүн, өнүгүүнүн философиясы сүрөттөлүп, түшүндүрмөсү менен берилсе келген конокторду таң калтырбайт беле. Эч кимде жок туура Теңирчилик дүйнөтаанымы жана оймо тили кыргызда гана экендигин даңазалабайт беле. Баардыктын башаты кыргыздан экенин азыркы кыргыз өзү да жана бөтөндөр да түшүнбөйт беле. Улуттук окуу жайдан сабак, кыргыз сабагын алышкандай болбойт беле.

Кыргыздын оюм-чийим ыкмасынан чыгыштык иероглиф жазмалары жана башка элдерде анын өзгөртүлүп берилиштери жаралган. Кытайдын «адам» деген иероглифи менен кыргыздын «адам» аттуу оюмунун Теңирчиликтин белгисинде берилиши менен эле салыштыргылачы (сайтты кара).

4. Кыргыздын тили Адам-ата менен кошо жаралган тил жана ал алгачкы деңгээлдеги системалуу илим-билимдин тили! Башка тилдер ушундай мүнөздөмөгө ээ боло алабы? Менимче, болбойт. Кыргыз тили Адам-атанын адам заманында жаралса, калган тилдер кийинчирээк киши заманында жаралган тилдер деймин (С.Ж). Азыр адамдардын эмес кишилердин заманы экенини окурман билесиңби? Д.Сарыгулов өзүнүн изилдөөсүнө таянып кыргыз тили үй-бүлөө пайда боло электе пайда болгон дейт. Элдердин алгачкы билими системалуу болгону белгилүү (www.hf.msiu.ru/nauka_1-8.htm). Кыргыздын да билими башынан системалуу болуп «Теңирчилик» деген системалуу дүйнөтаанымын түзгөн.. Мындай тааным ислам ибадаттарында айтылган Адам-атага берилген илим-билимден жаралган. Ал кыргыздын макал-лакаптарында камтылган, салт болуп жашаган, Санжыра санаттары болуп тукумдан-тукумга эл арасында ооз-эки айтылып, мурасталып келген. Ал кийин Конфуцийдин кытай шартына ылайыкташтырган эрежелеринде да камтылган (С.Ж). Ал эми биздин азыркы таануубуз системалуу эмес чала тааным. Ушунун кесепетинен бир эле дүйнөдө жашаган элдердин ар түрлүү таанымдары болуп адашышып бири-бирин түшүнбөстүк арбын азыр.

Убагында Теңирчилик адамдай боло тургандар үчүн, адегенде, ал эми калган диндер (таанымдар) кишилер – бузулган адамдар - үчүн кийин берилгендигин, болгондугун баардыгы билишпейт. Ошондуктан көп пайгамбарлардын берилиши менен кээ бирөөлөрдүн мактанышы акмактык экендигин түшүнүшпөйт. Ал эми кыргыз болсо ага бир эле пайгамбар – Адам-ата - берилгени менен жана анын илим-билимин Санжыра санаттары кылып илгертен бери сактап келгендиги, салтында колдонуп келгендиги менен ал сыймыктана алат. Кимдин ким экендиги ушуну менен эле айкындалбайбы, окурман? Муну менен адашкан кыргыз кыргызды жемелеп, бузулгандыгынан аны жамандап, бирок жөнүн айтсаң түшүнбөй каяша айткандардын баардыгынын оозун басса болот! Бирок азыркы кыргыз калган адашкандарды туроо башкаруучулардын саясатынын кесепетинен өзү да адашкан абалда.

Теле-радиодон «Сөздүн төркүнү» аттуу берүүлөрдү уюштуруп, жаштарды системалуу илим-билимдикти камтыган нукура кыргыз сөздөрүн колдонууга үйрөтүш керек. Себеби, көпчүлүк кыргыз сөзүндө, чындыгында эле, илимий чындыктар камтылган, б.а. ал сөздөр жаратылганда илимий чындыкты билген жаран менен аталган гана сөздөр деймин. Мисалы, Обо-энеге берилген ысым. «Жараткан жаранды, жаратылышты жарып жаратат» дегендик (С.Ж.). Муну азыркы илимий жетишкендиктерге салып жоруучу, окурман. Кыргыз сөзүнүн улуулугу анын чыныгы илимий билимдерди камтыганында! Радио-теле берүүлөрдө жөн эле далилсиз кыргыз сөзүнүн улуулугунун мактай беришет. Чындыгында анын улуулугу чыныгы системалуу илимий билимдерди камтыганында. Бул болсо айтылбайт, себеби, азыркы билимдүү кыргыз аны билбейт. Окутулбагандыктан билбейт. Ал эми баардык илимий чындыкты билген – бул Жараткан гана! Себеби, болгон Жараткан гана объективдүү чөйрөдөгү билимдин ээси («Чистосердечное признание» телеберүү, 23.05.2010). Субъективдүү билим ээсиз болбогондой, окшоштуктун принципи боюнча, объективдүү билим дагы ээсиз болбойт. Эгерде мен субъективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси болсом, объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси ким? Ал Жараткан эмеспи. Же объективдүү аң-сезим, билим жокпу? Бар да. Адамды курчаган табигый чөйрө объективдүү аң-сезимдин, билимдин материалаштылган (көзгө көрүнгөн) варианты эле эмеспи? Ал эми субъективдүү аң-сезимдин, билимдин материалаштылганы – цивилизациялык чөйрө да. Субъективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси цивилизацияны жаратып жатса, табигый чөйрөнү (Ааламды) объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси Жараткан жаратып жатпайбы. Бекеринен, «Адам – Ааламдын көркү» дебейт кыргыздын системалуу санаты. Бул теориядагы «окшоштуктун принципи» боюнча «Аалам (анын ээси Жараткан) кандай экендигин», жок эле дегенде, «адамдын кандай экендигинен байкаса болот» дегендик (С. Ж.). Муну дагы жана объективдүү аң-сезимдин, билимдин ээси Жараткандын бар экендигин индус Сатья Саи Бабанын өмүрү далилдейт (www.satyasai.org, www.SathyaSai.ru жана Э. Мюррей. Человек, творящий чудеса. 1990). Объективдүү билимден гана накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге айланат эмеспи. Бул эмне жалган бы? Жалган эмес, бул да чындык. Муну илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы билимдер төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги - Теңирчиликтин белгиси - кыргызда бар (С.Ж). Мындай терең маңыздагы белги жалгыз кыргызда. Мындай белги кыргыздын көк түстүү (Теңирдин (Асмандын) Көк түсү) жаңы желегинде болушу керек! Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп тартышып колдонушуда.

Эгерде айтылгандай болбосо, субъективдүү билими начар болгон убакытта, илгери жаралган кыргыз сөзүндө, белгиде кандайча болуп азыркы илимге гана белгилүү боло баштаган чындыктар камтылып калат? Андай болсо мындай факт дагы кыргыз тили Жараткан менен жаратылып Адам-атага жана биринчи тукумдарына берилгендигин гана далилдебейби жана, ошондуктан, ал кыргызга тийиштүү экендигин да ырастабайбы.

Объективдүү билим - системалуу гана билим, ошондуктан кыргыз тили системалуу билимдин тили – эки дүйнөнү: кыргызча Бар жана Жок дүйнөнү тең бир система катарында карап баяндаган тил деймин. Кыргыз тилинде кош сөздөрдүн көп колдонулушу жана кыргызда гана “киши-адам” терминдердин болушу кыргыздын өзүнүн системалуу дүйнөтаанымынын негизинде баардыгына системалуу мамиле кылгандыгынын белгиси. Жаран жашаган чөйрө - татаал система. Кыргызчылык боюнча, анын андагы жашоосу системалуу мамиледе болгондо гана келечектүү. Бирок, азыркы тиричиликте мындай ойго маани берилбегендик адашкандыктын белгиси, баардыгы системалуу эмес илим-билимдик менен жетектенгендиктин белгиси. Ошентип, кыргыз тилинин бөтөнчүлүгү кыргыздын Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы менен байланышканында. Д. Сарыгулов изилдеп тапкан кыргыздын бөтөнчүлүктөрүн маани-маңыздары да кыргыздын башынан системалуу түшүнүктөгө ээ болгонунда.

5. Эң алгачкы болгон Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымынан дүйнөдө саясатка жараша бурмаланган, ошондуктан адаштырган, башка таанымдар, философиялар, диндер жаралган (М. Аджи). Кытайлыктар гана Теңирчиликти туура өздөштүрүп Конфуцийдин жана даосизм билимдери болуп колдонулуп келүүде. Бул болсо кытай цивлизациясынын башка адашкан цивилизациялар сыяктуу жоголуп кетпесине негиз болууда. Түрк уруусунан болгон Будда дагы аны тереңдетип өздөштүрүп буддизмди жаратты. Калгандар болсо, Мурад Аджинин айтуусу боюнча, аны бурмалашкан түрдө башкаларга, ошонун ичинде кыргыздын өзүнө кайра таңуулап, азыркы системалуу эмес болгон илим-билимдикти жаратышты.

Теңирчилик илимий жана диний түшүнүктөрдү бир бүтүм түшүнүктөрдөй кылып колдонгон тааным. Ал эми азыркы таанымдарда алар өздөрүнчө. Атайын жүргүзүлгөн саясаттын негизинде алар бир убакытта бири биринен ажыратылган (М. Аджи). Ошондуктан, азыркы дүйнөтааным, илим-билим жана окутуу алигиче системалуу абалына келе элек (Тростников Научна ли научная картина мира и Аблеев С.Р. Несколько философских штрихов к новой научной картине мира). Муну системалуу эмес билим алган азыркы кыргыздар да билишпейт. Ошондуктан, «Теңир - деп сүйлөгөндү жок кылуу керек» дегендер пайда болууда. Бирок, Теңирчиликтин чыныгы маани-маңызын азыркы окутууда атайын туура эмес түшүндүрүлөт, себеби ал адамзаттын таанымынын чыныгы башатын жаап жашыруу саясаты менен байланышкан (М.Аджи). Албетте, кишичилик тиричиликтин кесепетинен Теңирчиликте да жана исламда да бурмалоолор бар, бирок негизги концепциялары бирдей. Ошондуктан, аларды бири-бирине карама-каршы коюу бул, мурда айтылган себеп боюнча, адаштырган саясаттын кесепети экендигин Кыргызстандагы диний кызматкерлери түшүнүшү зарыл. Бекеринен бирөө «кыргыздар Куранды билишпейт, бирок Куран боюнча жашашат» экен дебейт эле (Д.Сарыгулов «Улутман» телеберүүсүндө).

«Если народ лишит истории (самосознания - С.Ж.), то через два поколения он превращается в толпу, еще через два поколения им можно управлять как стадом» - деген чындыкка негизделген белгилүү империялык саясатка жана мындай саясатты колдогон өзүмчүлдүү бийликке кошоматчылдык кылуу менен карьерасын жасаган кызматчылардын кесепеттеринен, кыргыз философтору кыргыз философиясын, кыргыз тарыхчылары кыргыз тарыхын, кыргыз көркөм ишмерлери кыргыздын маданиятын, кыргыз тилчилери кыргыз сөзүнүн төркүнүн билишпей, жалпы кыргыз маңкурттук абалга келтирилди. Ушундай саясаттын негизинде азыркы кыргыздардын ушунчалык бузулгандыгы алардын арасында бири-бирин жээригендердин, келжиреп түшүнгүсү келбегендердин, өзүмчүлдүккө берилишип эми көп партияларды куруусунан ушунун бардыгы байкалат жана азыркы кыргыз эли жаман эл дегендер бар. Алар ушундай адашкан абалда болушкандыктан кыргыздын феномендүүлүгүнө ишенишпейт. Кыргызстанда реформанын эл каалагандайы жүрбөй жатканы, идеологиянын табылбай, жетекчиликке алынбай жатканы, башкаруу системанын өзгөрбөй жатканы да ушундайлардын кесепеттеринен болууда. Түгөлбай Казаков «Улутман» берүүсүндө таамай айткандай, элдин ушундай абалда болушу менен бийлик аркылуу мындай жетекчилерди, кызматкерлерди алигиче атак-даңкка, сыймыкка ээ кылуу саясаты улантылууда дагы, жаш муундарды тарбиялоодо терс таасирин тийгизип, кыргызды бириктирбей келечегин «кендирдей кесүү» процесси атайын улантылып келди. Ушундайлардын кесепеттери 2005-чи жылкы, 7.04.2010-чу жылкы окуяларга алып келди Эми кыргыз болгон окуялардан сабак алып, империялык саясатка алдануудан, өзүмчүлдүү жетекчилик, кошоматчылдык кызматчылдык адаттан арылуу үчүн Б. Аматов сунуштаган «Кара тактаны» уюштуруу учурдун зарыл талабы. Антпесе, кийинкилер да «орууйт», анан тарых кайталанат. Ойгон, оңолгун кыргыз!

Жарандын жүрүм-туруму, тиричилиги анын билимине жараша. Билимдердин негизин дүйнөтааным гана түзөт. Ошондуктан, киши оңолуш үчүн, адегенде, өзүнүн дүйнөтаанымын тактап, аны өзгөртүүдөн башташы керек Азыркы дүйнөтааным чала туура болгондуктан азыркы билим системалуу эмес. Бул болсо дүйнө жүзүнөдө системалуу эмес болгон өзүмчүлдүү кишичилик тиричиликке алып келүүде. Дүйнө эң татаал система. Татаалдыкты таануу бул иерархиялуу системалуу процесс. Ошондо иерархиянын эң алгачкы туура дүйнөтаанымы биринчи жаранга - Адам-атага объективдүү билимдин ээси - Жараткан аркылуу берилген. Ошондуктан, кыргыз тилинде гана «адам бол» делгени ошол «Адам-атаныкындай дүйнөтаанымга кел» дегендик. Кайталаймын, ал тааным – Теңирчилик. Ошондо мындай дүйнөтааным жаратуучу касиеттерге – акылмандуулук (адамдык) касиеттерге – жаран акырындап келмек. Жаш жаранга минтүү жок билимдүүлүктөн башталат. Кыргыздын таанымы боюнча, ал азырынча киши, ал адам боло элек. Ал канча эрте Теңирчилик билимине келсе, ошончо эртерээк акылмандуулукка келиши мүмкүн. Болбосо, терс ойлорго берилүү болуп, адашуу менен акылмандуулук касиеттерге – адамдык касиеттерге – кеч келет же ага жетпей киши болуп өтөт. Кишинин адам болуу процесси өзүнүн дүйнөтаанымын тактоодон башталып өмүр бою улануучу процесс. Ошондуктан, Теңирчилик санаты «адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста» дейт. Капитализмдин келиши менен кыргыздар бир паста эмне эле болгон жок. Кыргыз үчүн акылмандуулук – бул адамга гана (кишиге эмес!) тийиштүү касиет. Кыргыз гана жаранды «адам» же «киши» деп сыпаттайт. Бул терминдердин толук маани-маңызын азыркы кыргыз түшүнө бербейт.

Дүйнөнүн жаңы илимий сүрөттөмөсүн түзүү менен гана азыркы кишилердин объективдүү жана субъективдүү билимдер жөнүндөгү түшүнүктөрү такталмак. Ошондуктан, учурдун проблемасы – бул тагыраак жаңы илимий дүйнөтаанымды жаратып, анын негизиндеги жаңы жетекчилик саясаты менен баардыгына системалуу мамиле кылуу маданияттыгына өтүү! Аны жаратуу үчүн системалуу илим-билимдин негизин камтыган Теңирчилик сөзсүз талап кылынмак. Ал эми дүйнөдөгү азыркы өнүгүү идеологиясы, тиричилик саясаты Теңирчиликке каршы келип Акыр заманга алып келүүчү өнүгүү – кишичиликтүү өнүгүү. «Прогресс цивилизации, техники и комфорта не есть прогресс в нравах» (Г.Гачев Предусловие к книге Айтматова «Когда падают горы»). Бекеринен немец философу И. Гердер 18 кылымда эле таанымды калыптандыруу үчүн «Начинать изучение культуры и философии с достижения среднеазиатских народов» керектигин эскерткен эмес. Мындай жана кыргызды мактаган ойду белгилүү комузчу Нурак Абдрахманов өзүнүн чет мамлекеттердеги жолугушусунда да батыш интеллегенттеринин оозунан уккандыгы жөнүндө дайыма айтып келүүдө. «Актуальнейшей задачей становится разработка «Стратегии Человека», согласованной со «Стратегией Природы»» деп какшап кеткен орус академиги Н.Н. Моисеев. Мындай стратегия – ал башка элдерде болбогон кыргыздын Теңирчилик стратегиясы эмеспи түшүнгөндөргө!

Теңирчиликти татарлар окуу жайларында окута башбашты (Р.Н. Безертинов, Древнетюркское мирровозрение «Тенгрианство», Казань, 2006). Кыргыздар окутмак турсун адаштыргандын саясаты боюнча өзүнүкүн жээрип жүрүшөт. Бирок, Теңирчиликтин кишичилик саясаттын негизинде бурмаланган жактары бар. Муну түшүнүү менен биз дагы аны баардык окуу жайларында туура окутуп, ал кыргыздыкы экендигин далилдеп, анда туура дүйнөтаанымдын негиздери туура берилгендиги менен баардыгынын көздөрүн ачып, Теңирчиликти жерибей аны менен кыргыз сыймыктанышы гана керек экендигин даңазалаш керек. Теңирчиликти жээригендерден сураар элем? «Эмне Жараткан Адам-атага туура эмес билим берип, ал эми Мухаммедге чыныгы билим бергенби? Жараткан бирдей эле билимди Адам-атага кыскача нускалап, ал эми Мухаммедге майдалап тактап берген эмеспи. Исламдын негизги эрежелерин Мухаммедге чейин эле илгерки түрктөр - кыргыздын тукумдары - дүйнө жүзүнө жайышкан (М. Аджи). Ошондуктан, Теңирчилик менен ислам таанымдарын бири-бирине карама-каршы кою бул атайын адаштыруу саясаты. Саи Баба болсо «Никому не нужно менять свою религию, ибо в каждом есть Истина, Бог по ихнему представлению. Неотрицать, осуждать их, а нужно только их понять» (www.sathya.sai.ru) дейт. Бул акылмандуулук мамиле. Кайталаймын, Теңирчилик азыркы болгон баардык субъективдүү таанымдардын, илим-билимдин негизин камтып объективдүү билимге адекваттуу келген Жердеги эң алгачкы системалуу билим. Ал кыргыздын субъективдүү таанымы, билими.

6. «Караңгы» делип келген кыргыздын, бирок, чындыгында, жалгыз кыргыз гана ээ болгон анын субъективдүү системалуу дүйнөтаанымынын (Теңирчилигинин) термини менен айтканда, Жараткан менен жаратылган жаран артык болсун деп, акыл менен тил берсе дагы, бирок андан дагы амал, өнөр, дилге ээ кылып коюп, анын адил жүрөөрүнөн ал өзү күмөн санаган. Себеби, адилеттик менен түз байланышкан акылмандуулук жаранга берилген эмес эле! Ал атайын берилген эмес. Себеби, жарандын Бар дүйнөдө жаратылышынын негизги максаты бул эле: жаран, б.а. анын жаны (берилген жаны) Жараткандын эрежелеринин логикасын таануу менен эки карама-каршылыктардын чөйрөсү болгон Бар дүйнөнү түшүнүп, алардын теңченемдүүлүгүн таап (б.а. акылмандуулук ойлорго келип), аны камсыздаган жагдайда гана, б.а. адамдык касиеттерге келип тиричиликтенүү эле, кыскача айтканда, акылмандуулуктун гана негизиндеги тиричиликке – кыргызча айтканда, адамгерчиликтүү тиричиликке - жетип жашоо эле. Жарандын Бар дүйнөдөгү жаралышынын милдет-максатын кыргыз ушундайча түшүнгөн. Ошондуктан, мындай милдет-максат Теңирчиликтин белгисинде да символдуу берилген. Ошондо Бар дүйнөдө адашкандардын кишичиликтүү тиричилиги экиликтүү логикада болсо, ал эми туура адамгерликтүү жашоо – бул үчүлүктүү логикадагы, үчүнчү маанини - акылмандуулукту - таап жашоо болгон С. Иптаруулунун айтуусу боюнча. Адашкандардын идеологиясы, логикасы менен жашоо жана ага тийиштүү башкаруу системасы глобалдык проблемаларды жаратып аларды көбөйтүүдө гана. Демек, аларды тууроо, эрчүү туура эмес экендигин азыркы кыргыз түшүнүшү зарыл.

Ошондуктан дагы, берилген акылдуулуктун негизинде акылмандуулука келип өнүгө албагандарга Жараткан менен тирүү болгон бул Дүйнөнүн өнүгүү программасында Акыр Замандын болушу да болжолдолгонун кыргыздын санаты гана эскертет (муну дагы «Дүйнөлүк топон суу», «Загадки Древнего Египта», «Открывая Перу», «Мир вверх ногами», Н.Тесли, Э. Кейси, Ванга жөнүндөгү азыркы илимий-популярдуу телефильмдер да ырасташат). Себеби, ал дүйнөнү туура эмес түшүнүп, акылмандуулуктуу эмес акыл-эсте тиричиликтенип келгендигин кишилерге – бузулган адамдарга - түшүндүрүүдө Жараткан үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болмок. «Фантастика под грифом «секретно»» телеберүүдө көрсөтүлгөн телефильмдерде окумуштуулардын айтуусу боюнча Жерде кишичилик цивилизацияларды жок кылган глобалдык катастрофалар болуп келген да, боло да бермек жана андан аман калуунун бир айласы эле бул: «у нас кроме духовной силы нет ничего, чтобы выжить» деген жыйынтык айтылат.

Теңирчилик системалуу билимин жогото элек Калыгул кыргыздын тиричилиги адамгерчиликтүү болбой, кишичиликтүүгө ооп кеткендиктен, эки жүз жыл мурда эле көзү менен көрүп тургандай, Акыр Заман кандай болоорун баяндап кеткен (Акылман Калыгул. Бишкек, 2000). Кыргыздын системалуу илим-билими болсо «ач көздүк Акыр замандын келишин тездетээр экенин», «Адам бузулса – Аалам бузулаарын» - эскертет. Адамдын бузулганы анын оюнун бузулганы. Ой – бул Ааламдын баардык жерине жете алган кубат (энергия). Ошондуктан, ой бузулганда жарандын клеткасындагы суюктуктардын молекулары, атомдору, ошондой эле Ааламдагылар да бузулат («Великая тайна воды»-телефильм же Исследования института проф. Горяева). Бирок, жетекчилик саясат аны эске алдыбы? Албады. Ошондуктан, «караңгы» делип келген кыргыздын айтканы ишке ашырылган жагдайдабыз азыр биз. Азыр Калугул айткан өзүмчүлдүү кишичилик акылдуулуктагы алдым-жуттумдун, арам ойлордун күчөп ишке ашырылган кези. Азыр кишичилик системалуу эмес гана илим-билим идеологиясы үстөмдүк кылынып тиричиликтенилгендиктен адамдык акылмандуулук менен байланышкан кыргыз сөздөрүндөгү системалуу маңызга маани берилбейт. Кыргыз тилинин жана анын сөзүнүн баркы кеткендигинин бир себеби да ушунда.

Кыргыз Теңирчиликтин белгисин Улуттук илимдер академиясынын алдына кою менен кыргыздын гана өзүнүн системалуу дүйнөтаанымы илгери эле болгондугун баардыгына дайыма даңазаламак. Улуттук белги улуттук академиянын алдында турса кыргыз улутунун баркы башка элдердин алдында көтөрүлмөк, кыргыздын бөтөнчүлүгү даңазалмак, жаштарды туура тарбиялоого дайыма көмөкчү болмок, жүрүм-турум, тиричилик оңолмок.

7. Ошондой эле, илгери бир мезгилде кишичиликтин кесепетинен кыргыздар - Адам-атанын тукумдары - Манас эпосунда баяндалгандай абалдарга да келген Ошондо, Жараткан Манасты жаратат. Иусус сыяктуу Манас Жакыптан эмес! Манаска «ыдырагандарды чогултуп бир эл кылуу» менен Е.П. Блаватскаянын сөзү менен айтканда: «Живой огонь, который дает человеческому разуму самопознание и самосознание, или же Манас» миссиясы да тапшырылат. Бекеринен дастанда, думана (контактер) ага ушундай ысымды бергиле дебейт. Себеби, Жараткан менен жаралган эл - Адам-атанын тукумдары - кырылып жок болбошу керек эле! Ал жоголсо, аны менен кошо, Жараткан менен ага ыйгарылган, канына сиңирилген таза дил дөлөтү да жоголмок. Ушул себептен, мындай эл «кырылгыс-кыргыс-кыргыз» атка да конгон. Адабияттагы мунун маңызсыз ар башкача жорулуштары адаштыргандык эле. Бир жорулушка келип, адаштырууну токтотуш керек.

«Великая тайна воды», «Разум растений» телефильмдерде суюктуктун, ошондуктан өсүмдүктүн өзүнчө бир сезими, эси бар экендиги илимий тажирыйбалар менен ырасталгандыгы көрсөтүлөт. Объективдүү билим талаасы менен кишинин «канга сиңген» аң-сезими (субъективдүү билим талаасы) өз ара энерго-информациялык байланышууда болушу мүмкүн (кишинин каны жөнүндөгү телефильмди да көр). «Человеческому сознанию присуще метарациональное познание. Непосредственное, прямое познание и передача знаний возможны на уровне метарациональных способностей сознания (кыргыз аны көкүрөк, жүрөк (кан) менен таануу дейт). Постижение высших аспектов бытия возможно только метарациональным познанием» (С. Аблеев). Байланышуу бар экендигин Нобель сыйлыгын алган Джон Экклс «θз ара байланышуу» теориясында да аныктаган (В. Гитт. Творил ли Бог через эволюцию? 1993). Мындай байланышуунун негизинде кыргыз жүрөгү аркылуу чыккан ниетти ал дил дейт. «Пенденин дилиндеги – кудайдын санаасында» дейт эмеспи кыргыз санжыра санаты. Ал эми дил дөөлөтү кыргыз үчүн «урук». Себеби, объективдүү билим менен пенденин таза чыныгы ою баардыгынын чыныгы башаты, уругу боло алат. Таза ниет болсо адамгерликтин уругу. Ушул кыргыз сөзү кишичилик заманда «рух» – «кишичилик урук» (урук => рух) болуп бурмаланганы көзгө эле көрүнүп турбайбы жана Акыр заманда рух дөөлөтү - кишичилик дөөлөтү - гана калгандай.

Кыргыз үчүн дил дөлөөтү илгеритен бери улуулуктун белгиси болуп эсептелип келет. Ал эми кийинчирээк жаралган башка элдер үчүн улуулуктун белгиси болуп азыркы учурга чейин илимий-техникалык технологияларга ээ болуу болуп эсептелет. Бирок азыркы илимий-техникалык технологияларга ээ болгон алардын рух дөлөөтү жасалма Акыр заманга алып келүүдө. Муну мурда болуп, жоголгон цивилизациялардын тарыхы да жана азыркы глобалдык проблемалар жөнүндөгү окумуштуулардын ойлору да ырастайт. Табигый Акыр заман бар дечи. Бирок, таза дил дөлөөтү жасалма Акыр заманга тезирээк алып келмек эмес! Э.Кейси менен Ванга көзү ачыктардын айтуусу боюнча Илгерки Алтайда (М. Аджи: Алтай – Ала-Тоо – Тибет – Памир: илгерки кыргыздар жайлаган аймак) жашагандарда сакталган таза дил дөлөөтү Акыр замандан аман калуу менен кийинки жаңы Заманага урук болмок. Муну дагы бурят хамбо-ламасы Итигэловдун феномендүүлүгү да ырастайт. Мен буга ишенем, ошондуктан, ушул аймактын тургуну жана кыргыз экенимине сыймыктанам!

Ал эми жоокерлик миссиясы аткарылгандан кийин Манас Иусус сыяктуу эрте өлтүрүлөт жана ошондой эле кайып болуп кеткен деген ой да айтылууда. Бирок, мындай элдин тукумдары адамгерликтүү эмес болгон кишичиликтүү тиричиликке келип анын кесепеттерине дагы чалдыкбашы үчүн «өзүн өзү таануу» сабагы катарында санжыра санаты кылып улам айтып жүрүш үчүн Жараткан өзүнүн кыргыз элине аян алуу менен гана Манас-кыргыз окуяларын улам-улам ооз эки айтып жүрүү касиетин ыйгарган. Дүйнө элдердин ичинен жалгыз кыргызда гана Манас дастанын жатталбай ооз-эки айтылып калышынын чыныгы себеби ушул. Аян алуу менен айтуу мүмкүн экендигин илимий жактан Джон Экклстын теориясы да ырастайт. Жараткан барда Манас жаны дайыма тирүү жана аян алуу менен Манас дастанын кыргыз гана дайыма айта бермек! Эпостогу окуялар кыргыздын тарыхы болгондуктан, ал тарых окуу китептерине киргизилип мектепте, ЖОЖдо «Манас таануу» сабагынан тышкары окутулушу зарыл.

Манас жана акындар айткан кенже дастандарынын санаттарынын таасиринде жарандын өзүн өзү таануусунан анын чала түшүнүктөрү такталып, системалуу болуп, ошондуктан ыйман жолуна түшүү менен кишинин адам болуу билими калыптандырылып кыргызды башка элдерден айрымалаган бөтөнчүлүктөрү жаратылат! Манас эпосунун маани-маңызы ушунда. Кыргыздын манасчылык жана төкмө акындык өнөрчүлүгү Жараткан менен ага берилген бөтөнчүлүктүн бири. Санжыра санаттарынын ооз-эки айтылышы менен элге «университеттик» билим берүү болуп келген деймин. Ошондо, кала берсе, азыркы университеттик билимге караганда туурараак фундаменталдуу концепциялар үйрөтүлгөн деймин.

8. Жыйынтыктоочу ой. Кыргыз жараны үчүн, Гачев атаган «прогресс в нравах» - бул «Кишинин Адам-атанын системалуу дүйнөтаанымын тааныган жаран - адам болуп жашоосу». Аны да Адам-атанын ысымына байланыштырып, мындай ысымдын маанисин билген кыргыз гана чечкен. Деги, кыргыз ким экениңди тактап билчи, адашкан бирөөлөрдү туураап, кошо адашып маңкурт болбой, өз акыл-эсиңе, дилиңе келчи, кыскача, такталган өз Теңирчилилигиңе - такталган өз системалуу дүйнөтаанымыңа - келчи! Ошондо, кыргыз сөзүнүн төркүнүн терең жана туура түшүнгөн Сабыр Иптаруулу жазгандай («Кыргыз тили»-гезити, 18 февраль, 2009) «өзүңдүн рухуң (тагыраак уругуң), тилиң, акылың, өнөрүң менен өзгөлөрдү тамшанткан, таңданткан, суктанткан кыргыз адамы (кишиси эмес!) болуу дегенге» келбейсиңби. Ошондо өзгөгө «бул эл үчүн тилден өткөн бийик дөөлөт – дил дөөлөтү бар, ошондуктан буларды ушундай эл кылган рухий (урук) башаттан мен да азыктанып, мен да ушулардай айкөл, асыл, аруу (чистый) (бул кыргыз сөзүнөн арий жаралган!) адам болушум керек деген ички дымак, изги мүдөө имерип туруусу керек» болмок! Чын эле, системалуу дүйнөтааным менен жетектенип жашаган кыргыз адамы илгери эле «мырза адам» деген атка конуп башкаларды таңдантканы санжырада да айтылат жана башка жерлерде да эскерилет (М. Аджи). Болгон ыңкылап окуялары кыргыздын бөтөнчүлүгүн көрсөткөнүн чет элдик комментаторлор айтууда. Москвадагы пикетте «Не будите в нас киргизов» деген лозунгдун колдонулушу эле эмнени айтат, окурман. Чын эле, Теңирчиликтин эрежеси боюнча жашаган адам арууланган – аруу – арий адамы болбогондо ким болот? Себеби, Теңирдин эркин туйган гана жан – нарктуу жан. «Чтобы осознать свою божественность человек должен следовать своей жизни общечеловеческим ценностям: истине, праведности, миру, любви и ненасилию» - дейт Саи Баба. Кыргыз адамынын критерийлери дале ушундайларды камтыйт эмеспи. Ошондуктан, «Улутман» телеберүүсүнде (19.12.2009) американ Ричард Хьюиттин «Кыргыздардын жашаганы пайгамбарлардыкындай» - деп бирөөнүн айтканын эскергени да бекеринен эмес.

Чындыгында, баардык элдер бир эле чындыкка умтулушат. Себеби, дүйнөдө бир эле чындык бар. Ал объективдүү билим чындыгы. Мындай чындыкты мурдатан бери эл арасында издешип, азыр болсо, бекеринен «Диалог цивилизаций» же «Маданий диалогу» деген эл аралык аракеттер болгону жок. Элдердин арасында мындай чындык субективдүү чындык катарында - ал кыргызда гана! Ал атайын саясаттын негизинде көмүскөдө калган Теңирчилик чындыгы! Себеби, анын санаттары жазылып сакталбагандыктан аларды башкалар өзүнүкү кылып алуу убагында болгондуктан (М. Аджи), кийин андан атайын адаштыруу болуп, азыркыга чейин аны жаап жашыруу улантылууда. Мурда кыргыздын дили, тили, акыл-эси алгачкы системалуу илим-билимдикте болгон чындык! Мурда кыргыздын өнөрү, амалы, дили алгачкы системалуу илим-билимдикке негизделген системалуу маданияттыкта, ошондуктан ыймандуу маданияттыкта болгон чындык! Азыркы адашкан кыргыз ушуну түшүнчү. Кыргыз ислам динине чейин эле момун эл болуп аталып, б.а. мусулман болуп келген. Кыргыздын мындай туураа терең таанымы адабиятта, теле-кинодо, сүрөттө, башка чыгармачылык жагдайларда жаңы жетишкендиктерге алып келээрине негиз болмок түшүнүп аны даңазалаган кыргыз үчүн.

Азыркы баардык элдерди ыйманга келтирүү аракеттери адаштырган ар түрлүү диндердин негизинде эмес илимдин жаңы парадигмасын түзүү менен оңой ишке ашырылмак. Себеби, учурдагы проблематиканын маселелери азыркы чала илим-билимдин негизинде гана жаратылгандыктан илим гана өзү чечмек. Объективдүү чындыкка адекваттуу «туура ойлоо, ойлогондой сүйлөө, сүйлөгөндөй жашоо» (С Иптаруулу. Шоокум. Янв. 2009., Саи Баба) болгондо чечилмек С.Иптаруулу дагы «ыйманды адамдын (туурараак кишинин) адамча жашоо өрнөгү, адамдын (кишинин) адам болуу билими» - дейт. Эми кыргызча биз минтип такташыбыз керек: киши – бул системалуу эмес билимдеги (ыймансыз) жаран, адам – бул системалуу билимдеги (ыймандуу) жаран. Адам болуп жашоо – бул такталган Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымына келүү жана кыргыз санжырасында айтылгандай (К. Жетимишбаев, Р. Масыракунов. Санжыра санаты, Бишкек, 94):

       1. никени бузбай;        2. аманатка кыянат жасабай;           
       3. антты бузбай;        4. бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпай;
       5 системалуу тааным менен шартка жараша такталган салтты (сыйды)
         бузбай; 
       6. напсисин (б.а. шайтанын) агытып, ыпласка барбай;
       7. өзгө, жатка калыс болуп;         8. арамдыктан алыс болуу 

менен гана ушундай ыйман жолунда киши адамгерчиликтүү болуп, адам атка конуп, адамгерчилик менен гана ойгонуп, аны менен бирге боло турган акылмандуулугун жандандып аны күнүмдүк тиричилигинде колдонуу, кыскача, илимий терминде, «системалуу мамиледе» тиричиликтенүү дегендик. Ушундай системалуу мамилелер кыргыздын адат-салттуу традициясында камтылган. Мындай акылмандуулуктар кыргыздын Санжыра санаттары болуп айтылып, жашоодо адамгерчиликтүү тиричиликте ишке ашырылган. Кылымдар бою кыргыздын жашоосу бир традициялуу болгондугу ошондон. Ал эми адашкандар үчүн – системалуу мамилени колдонбогондор үчүн - жашоо традициясын бузуу модага айланган. Минтүү таланттуу өнөрчүлүктүн белгиси деп да эсептелет. Ойго келгендин баардыгын эле күнүмдүк, өзүмчүлдүк кызыкчылыктарга жетишүү үчүн колдонуу аларга бардыгынан артык.

Системалуу дүйнөтааным системалуу мамиледе тиричиликтенүүгө мажбурлайт, анда күнүмдүк, өзүмчүлдүк кызыкчылыктар өзүнүнүн ченемине чейин эле. Кайталаймын, мындай ойго кыргыз дүйнө элдеринин арасында эң биринчи болуп келген, ошондуктан кыргыздын Теңирчилик белгисинде анын экинчи тили менен да илгеритен бери берилип келет. Эй, кыргыз ким экендигиңди билип жүрчү, киши болбой, адам болчу!

Муну азыркы адашкан кыргыз өзү түшүнүп, жаңы туура дүйнөтаанымды калыптандырууга кыргызда гана тарихый жана маданий негиз бар экенин эл аралык диалогтордо ачык айкындоо керек. Муну менен кыргыз диалогтордо мактанып сыймыктана алмак. Баардыгынын көзүн ачыш үчүн маалымат каражаттарында Акыр заман жана жаңы дүйнөтаанымдын зарылчыгы жөнүндө талкуулорду кеңири уюштуруу учурдун талабы.

«Такталган Теңирчиликке келүү» дегендик «эскиче же жалаң диний жөрөлгөлөр менен жашоого келүү эмес», «илимий жактан такталган жаңы системалуу дүйнөтаанымга, б.а. «системалуу мамиледеги жашоого келүү» дегендик. Кыргыздар башкалардай илимий жактан таанымдын такталышын күтпөй өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Себеби кыргыз өзүнүкүнө эле кайрылып келмек. Ошентип, кыргыз башкаларды туурабай, тескеринче, баардыгына үлгү боло турган, тарихый өз жолуна түшмөк. Баардыгы буларды ээрчип турашып Акыр заманга гана келишүүде. Бул болсо, алардын өзүмчүлдүү идеологиясынын Бар дүйнөдө системалуу мамилени камсыздабагандыктан болууда.

Баардыгы такталган системалуу мамиледеги тиричиликке келгенде теңдикти камсыздаган акылмандуулук үстөмдүк болуп, экономикада социалистик (жалпычылык) менен капиталистик (жекечилик) кызыкчылар (ыкмалар) тең салымдуулукта эки карама-каршылыктардын теңдигин, гармониясын камсыздоо болуп, демек, бийлик менен акылмандуулукта (калыстыкта) чечимдер ишке ашырылып, адилеттүүлүктү камсыз кылмак. Бул Теңирчилик дүйнөтаанымынан келип чыккан өнүгүүнүн туура стратегиясы эмеспи! Ал эми адилеттүүлүк болсо ынтымакты, ынтымак ырыстарды жаратмак. Ошентип, оңолуунун башы туура дүйнөтаанымга келүү. Муну түшүнгөндөн кийин, азыркыдай курулай ынтымактыкка чыкырбай, эки карама-каршылыктардын теңдигин камсыздагандай башкаруу бийлиги жана экономика болушун камсыздоо керек.

Биздин Теңирчиликти туура өздөштүрүп алган Кытай жакында ушундай жолго түшүп кризиссиз эле өнүгүп жатканын түшүнчү адашкан кыргыз. Теңирчилик менен тааныш жана анын негизинде өздөрүн өздөрүү өзүнүн идеологисы менен башкарган Кытай, Жапан, Корея мамлекеттеринде өнүгүү жакшы эле болууда эмеспи. Ал эми кыргызды буга чейин башкалар-адашкандар башкаргандыктан биз Теңирчиликти жээрип, адашып эркиндикти алсак дагы алигиче өз акылыбызга келе албай, өзүбүздүкүнү таба албай жатпайбызбы, адаштырышкан кыргыз башчылардын, билермандарынын кесепетинен.

Ошентип, Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымындагы адам болуп жашоо кыргыздын идеологиясы болуп келген жана болуп кала бермек! Θзүмчүлдүктүн белгиси болгон көп партияларга жана урууларга бөлүнбөй кыргызга Адам-ата калтырып кеткен бир идеологияга гана келишибиз керек, окурман! Манас эпосунун философиясы жана Манас илими адам болуу илиминде камтылып, анын бир эле жагдайы экендигин кыргыз түшүнүшү зарыл. Албетте, Манас илими Теңирчилик илими менен байланышкандыктан кыргыздын адам болуу идеологиясынын өзөгү дагы ал кыргыздарды бириктирүүгө керек. Муну Манасты идеология катарында көтөргөндөр да түшүнүшү керек. Адам болуу идеологиясы болсо ар кандай элдердин жашоо-тиричилигинин баардык жагдайын камтып, баардыгын жөнгө сала турган идеология.

Ал эми Кыргызстанда жашагандар жана дүйнөдөгү башка элдер үчүн дагы системалуу дүйнөтаанымындагы баардыгына системалуу мамиле кылган жаран болуп жашоо алардын идеологиясы болмок. Бул жогоруда айтылган кыргыз идеологиясынын азыркы илимий терминдер менен эле айтылышы. Мындай ойлор илимий чөйрөлөрдө да айтылууда. Мына жалгыз гана ушундай идеология кыргыздарды да жана баардык элдерди ынтымактыкка бириктире ала турган жашоо идеологиясы эмеспи, окурман. Ошентип, кыргыз улуттук идеологиясы кыргыз мамлекеттик идеологиясы боло алат! Түшүнгөндөргө ал дүйнөдөгү адамзат коомунун идеологиясы. Башкаруу системасы элди бириктирген идеологияга негизделиши керек. Ал эми көп партиялуу башкаруу системасы элди бириктирбейт жана мындай системаны түзүп колдонуу элге өтө кымбат да турмак, бөтөнчө кыргызга.

Ошондуктан, көп партиялуулук болбой, элди бириктирген жана жетектенген бир идеялогияга жараша теңдиктин, калыстыктын бир эле партиясы болушу туура кыргызга (Кытайдагыдай бир эле партия керек). Элдин багуусунда болуп адашкандарга мүнөздүү өзүмчүлдөгү депудаттардан куралган парламенттин кереги жок кыргызга. Себеби, мындай өзүмчүлдөгү бай депудаттар менен карапайым элдин кызыкчылыктары эч качан дал келишпейт. Аларды улам шайлайбыз деп эл убара да болбойт, элдик бюджет да бекер сарыпталбайт. Алар өзүмчүлдүүлөр аткаруучу бийликтин жана элдин туура зарылдуу чарасын ишке тез ашырууга өзүмчүлүктүн баш аягы жок туңгуюк оюндары менен да жолто болушат. Анын ордуна бийликти элдин көзөмөлдүгүнө такай алган, өзүмчүлдүккө каршы турган жана керек болсо, президентти алмаштыра ала турган укуктагы эл гана шайлаган айыл башчыларынан куралган, чогулуп келип бекер иштеген Элдик курултай институту болушу зарыл. Буларга дагы өндүрүштүн проблемалары менен иштеген окумуштуулар жана шаардын мэрлери кошулмак. Ошондо президентти алмаштыруу оңой эле курултайга катышкандардын көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу эле ишке ашкандай болуусу туура. Шайлоонун жыйынтыгы ачык жарыланып, эгерде айылдагылардын көпчүлүгү башчысынын добуша каршы болушса, анда анын добушу сөзсүз алмаштырылышы керек. Бийлик аткара турган милдеттерди Элдик курултай аныкташы керек. Шаарда ырахаттанып жашап, элдин кымбат багуусунда болуп, кол тийбестикке жамынып алып өзүнүн ойдогусун кылган депудат элдик талап-милдеттерди аныктабай элдин арасында жашап-тиричиликтенген өкүл гана аныкташы туура. Ошондо, бийликтин иштеши анын сөзү, берген убадасы менен эмес, анын жетишкен жыйынтыктары менен гана бааланышкан боло алат. Баалоо бир жылда эки жолу: жайында, кышында болушу зарыл. Сөз эркиндиги болуп, бийлик элдин үнүн угуп иш жүргүзө тургандай шартты түзүш керек. Бийликтин башында турган жарандын сыпатына баардыгы байланыштуу болгондуктан аны алмаштыруу оңой, арзан болушу зарыл. Чыныгы демократия ошондо орномок. Президент болом деген бир жыл мурун элге программасын жарыяланышы менен тандалмак. Премьер-министрлик, конститутциялык соттук, шайлоо комиссиясы жана дагы башка элдин багуусунда болгондордун кереги жок. Чакан Кыргызстанга арзан башкаруу системасы керек! Курултайдын такай иштеген чакан органы жана иш-аракеттерди пландоо ограны болмок. Сот, прокуратура, милиция, текшерүү, маалымат органдардын жетекчилерин курултай коймок жана алмаштырмак. Ошондо алар калыс, элдин кызыкчылыгы үчүн иштемек. Булардын баардыгы жаңы конституцияга такталып жазылышы керек. Ошондо башкаруу элдин кызыкчылыгында гана болмок, эңсеген чыныгы элдик демократия орноп, кыргыздын Элдик курултай институту баардык элдерге үлгү да болмок. Кыргыздын илгерки тукумдары Теңирчиликти илгери дүйнөгө таратышса, эми анын такталган жаңы үлгүсүн дүйнөгө таратуу азыркы тукумдарынын тарихый милдети болмок!

Кыргыздар – Атам-атанын тукумдары – башынан эле Адам-атага Жараткан менен берилген билимден жаралган системалуу дүйнөтаанымдын негизиндеги Жерде туура жашоонун идеологиясына ээ болгондуктан, башка элдердей адашышып кулчулук, феодалдык, капиталистик доорлорду башынан өткөрүшкөн жок. Муну түшүнбөгөн Акаев кыргыздарга өзүмчүлдөгү капиталистикти алып келип, Бакиев аны улантты эле аягы ыңкылаптар менен бүттү. Бөтөн өзүмчүлдүктөрү башка элдерди талоо менен байышып келишсе, кыргыз өзүмчүлдүктөрү өз элин тоноодо. Эгерде эми биз системалуу дүйнөтаанымыбызга, аны менен жаралуучу системалуу билимдеги, мамиледеги жашоого келгендей бийликтин структурасын, тиричиликтин эрежелерин тактабасак, колдонбосок тарых кайталанат. Ошондуктан, дүйнөдөгү адашкандарды туурап азыркы өзүмчүлдүү заманага мүнөздүү парламенттик башкарууну кедей Кыргызстанда киргизүү каталык! Парламент Элдик курултайдын бир түрү дегендик адашкандык. Себеби, алдым-жуттум идеологиясы үстөмдүк кылган учурда шайлоо кампаниясы деген неме менен парламентке байлар же уят-сыйытсыз кишилер гана тандалат, чыныгы адамдар тандалбайт. Буга азыркы парламент күбө. Бул кыргыздардын дагы бир жолу адашканы эмеспи. Системалуу эмес билим алып айтылгандарды түшүнбөй келжиреген кыргыз интеллигенттери да азыр көп. Себеби, аларга бирдемени түшүндүрчү десең кыргыздын ушундай доорлорду басып өтпөгөнүнүн кесепеттеринен деп же башкаларда ушундай эмеспи деп түшүндүрүшөт. Эй, адашканды ээрчиген маңкурт кыргыз айтылгандарды түшүнчү! Айтылган ойлорго каршы болгон кыргыздар көп болуп турамай саясаты улангандыктан мындай кайрылуу айласыздан айтылды, окурман.

Ал эми азыр болсо системалуу эмес билим алуу менен «башы айланып» маң болгон кыргыз айтылгандарды өзү түшүнбөй, бөтөнчө бийликтегилери, аларга маани бербей, бирөөлөрдү маңкурттай ээрчип, туураап адашкандыктын, өзүмчүлдүк менен кошоматчылдыктын, кишиге тийиштүү өзүмчүлдүктөгү акылдуулуктун көптүк (мисалы, буга жекеменчиликтүүнүн обу жок көптүгү, көп партиялуулук күбө), ал эми адамга тийиштүү акылмандуулуктун жоктугу (мисалы, буга шайлоо кампаниясы, туура идеологиянын жоктугу, билермандардын өздөрүнүн ойлорун топтоштурунун ордуна бири-бирин колдобой мен-менсинишүүсү) күбө. Азыркы кыргыздардын трагедиясы мына ушунда. Муну акылман жетекчи гана тез чечмек, тез жөнгө салмак. Азыркы учур, кыргызча айтканда, Акыр заман учуру. Калыгулдун айтуусу боюнча: «Акыр заман кишиси илгерки өткөн адамдан башка болот, адеби жок сүйлөгөн кашка болот.

Акыр заман адамы бакыл (расчетливый, скупой, хозяйственный) болот.
Акыр заман адамы алым (берущий-«несун», взяточник) болот.
Аяттын сөзүн бек тутпай залым (жестокий тиран) болот.
Аганын тилин ини албай чагым (приносящий разлад в взаимоотношениях) болот.
Биринин тилин бири албай жайыл (злой, свирепый, ажылдаган аялдардай) болот.
Андан кийин замана акыр болот. »

Ошондо, табигый акыр учуру келгенде табигый өзгөрүштөрдөн (радиациянын кесепеттеринен) чыныгы уруктагы адамдар (канына сиңген таза ойдогулар) гана тирүү калышы мүмкүн (Фантастика под грифом «секретно» т-ф., www.2012god.ru ).

Азыр карапайым элдин арасында кыргыздын канына сиңген системалуу таанымынын негизиндеги системалуу мамиледеги жашоого келүү аракеттери ар кандай Ордо кыймылдары менен ишке ашырыла башталды. Болгон ыңкылаптар ушундай аракеттердин негизинде болуп жатат! Жаңы идеология колдонулбай эски идеологиядагы бийликтин структурасын «кайра бычып, жамачалап оңдомуш болуу менен» алек болгон азыркы байлардан курулган бийликке жаштардын каршы чыкканы да ушундан. Себеби, ыңкылап болгондон кийин жаңы идеологиянын негиздеги бийликтин архитектурасы жаралып, мурдагы баардык жетекчилерди таза жаңы идеологиядагы жаштар алмаштырышы керек эле! Азырынча андай болгон жок! Ошондуктан, бийликтегилердин, интеллигенттердин оңолуш проблемасы чечилбей кала берүүдө, адашкандардын идеологиясы дале үстөмдүк кылууда. Кезек алардын оңолушунда дагы, оңолуу кыймылын жаңы идеологиянын нугуна салуу. Болбосо азыркыдай ызы-чуу кайталана бермек, кыргыз канына сиңген өзүнүкүнө келмеинче ыңкылап кыла бермек!

Жөнөкөй Жапон монахынын ою боюнча: «Бүткүл дүйнө жүзүнүн 21 кылымдагы болочок тагдырын азыркы Борбордук Азиянын жашап жаткан элдери аныктай тургандыгында күмөн жок. Бул түпкү насилинде диний канондорго баш ийбеген терең руханий милдет. Аалам-жер менен адамзат сыйа турган уңгу талаа ушул аймак. Адамзат ач көздүктүн жолуна түшүп, диндер менен цивлизациялардын кагылышына туш келди. Мындан чыгуунун жолу Азиянын бийик тоолорундагы мөңгүдөй ак, булактарындай мөлтүр таза руханий байлыкка эгедер Борбордук Азия элдеринин өркөөдөндүк козголушу болмокчу.

Бүгүнкү күндө көпчүлүк бул регионду бир топ артта калган аймак катары эсептешет. Ал эми өнүккөн борборлор катары Лондон, Нью-Йорк, Вашингтон, Москва, Пекин, Токиону аташат. Көздү чоң ачып, акыл калчап караган киши бул жаңылыш цивилизация кыйроого баратканын көрөт. Коомду туташ каптаган бул оорудан Борбордук Азиянын даанышмандыгы (б.а. акылмандуулугу) гана куткарат» (Дзюнсай Тэрасава. Жапон Монахы, Эл аралык Тынчтык Бюросунун консультанты). Кыргызча, кишинин системалуу мамиледеги жаран б.а. адам болуп жашашы, тиричиликтениши гана куткарат. Жарандардын акылмандуулук бийликтеги тиричилиги гана бейпилдүү болот! Муну кыргыз башчылары түшүнүшү зарыл.

Жакында Тюмендик орус аялдарынын Бишкеке келишип 5-теле-каналдан “кыргызды эрчиш керек” деген ойлорун айтып кетиши, Кейсинин, Дзюнсай Тэрасаванын, глобалдык катастрофаларды изилдеген окумуштуулардын ойлору туура экендигинин дагы бир далилдөөчү фактор эмеспи. Кыргыз эместер ушинтип айтып жатышканда кыргыздын бийликтегилеринин, интеллегенттеринин айтылгандарга маани беришпей түшүнгүсү келишпеши, чындыгында эле кыргыздын көпчүлүгү «проблеманын маңызын түшүнбөгөн маңкурт» же карапайым кыргыздын душманы экендигинин эле билдирмек. Ошондуктан, дагы бир жолу, ойгон, ойлон, оңолгун кыргыз деймин! Ошондо, акыр заман учурунда биринчи болуп кыргыздын башчысынын оңолушуу менен баардыгы тез жөнгө салынмак. Азырынча, тескеринче болгондуктан айласыздан пикеттер, митингдер уланууда. Көп бийлиги болгондуктан бийликтеги тирешүүлөр арбын. Чындыгында эки эле бийлиги: президенттик аткаруучу бийлиги жана аны багытточу, текшерүүчү, оңой (арзан) алмаштыруучу Элдик курултай бийлиги эле жетиштүү. Аткаруучу бийлик - өкмөт коюлган максаттарга керектүү мыйзамдарды өзү чыгарып аларды оңой, тез ишке ашыра алмак. Азыркыдай депудаттар даярдаган чала мыйзамдар менен кыйналуу болбойт эле.

Демек, кыргыз таанымы боюнча, ырысты жаратыш үчүн ынтымак керек, ынтымакта болуу үчүн адилеттүүлүк талап кылынат, адилеттүүлүктү камсыз кылыш үчүн акылмандуулук керек, акылмандуулукка жетиш үчүн туура дүйнөтаанымга келүү керек, ал эми ага келиш үчүн объективдүү аң-сезимдин ээси Жараткан экендигин таануу керек. Ошондо, киши болуп төрөлгөн жаран системалуу дүйнөтаанымга келип “адам” атка конмок. Кыргыздын “адам бол” насыяты аткарылмак. Мындай туура дүйнөтаанымдын алгачкы варианты кыргызда гана. Ошондуктан, кайталаймын, «системалуу дүйнөтаанымдагы адам болуп жашоо, тиричиликтенүү» кыргыздын идеологиясы болуп келген. Азыркы колдонуудагы дүйнөтааным чала болгондуктан учурдун проблемасы дүйнөтаанымдын жаңы такталган вариантына келүү! Мындай маселени азыркы илимдин өзү да коюда. Түшүнгөндөргө “Кыргызды эрчиш керек” дегендин негизги маңызы ушунда. Ал эми калган себептери жөнүндө Д. Сарыгуловдан артык айта албайсың. Жаңы дүйнөтаанымга келүү менен гана уруктук (рухий) жаңылануу башталмак, чыныгыраак урук менен чыныгы оңолуп жашоого жол ачылмак.

Кайталайм, дагы болсо да, кыргыз гана маданиятында анын түшүнүктөрү менен жаран менен дүйнөгө ушундайча так логикалык жагынан бир бүтүмдөй болуп туюнган мүнөздөмө берүүгө мүмкүн! Бул да кыргыздын жана кыргыз тилинин түшүнүктөрүнүн системалуу экендигинин дагы бир белгиси.

Аталган ойлордун негизделиши лингвистикалык, логикалык ыкма менен эле болушу мүмкүн. Себеби, Теңирчиликтин санаты «Кудайды (объективдүү ан-сезимдин, билимдин ээсин) акыл менен (жүрөк, сөз аркылуу) гана тааныйт» - дейт. Чындыгында, мындан башка илимий айла да жок. Бир генетикалык изилдөөлөр салымын кошушу мүмкүн. Ошондуктан, «чыныгы тарыхчы-окумуштуулар» «псевдотарыхчылардын» жазышканын жээришпей, түшүнүшүп тарихый сүрөттөмөдө анын ордун табышы зарыл, маңкурттай болушпай. Аталган ойлордун негизделиши дагы сайтта: www.university.kg – Публикации - ППС жана автордун «Кыргыз ким?» ( Б. 2001, 2007ж.) китебинде берилген.

Эми жашоо-өнүгүүнүн туура идеологиясы аныкталгандан кийин мамлекеттик белгилер - желек, герб – ага жараша болушу абзел. Жаңыча жашоо жаңы мамлекеттик белгилер менен гана коштолушу керек! Мен убагында мамлекеттик белгилерди түзүү процессине чала-была катышып, тандалгандарды өкүнүчтүк менен кабыл алдым эле. Эми эл арасында туура эмес кабыл алынгандыгын түшүнгөндөр көбөйгөнгө жараша да, аларды жаңыртуу кыймылы жандана башталды.

Бир убакытта «карангы» делип келген кыргыздын

                    « Дүйнө Жоктон Бар болуп,
                     Туула берет турбайбы.
                     Кайра Бар да Жок болуп, 
                     Кубула берет турбайбы,»

деп айтканын, азыркы илим «туура эмес» деп тана албайт. Мындай чыныгы ой математиканын тилинде 0 = (+ ) + (- ) (же 0 = (+n ) + (-n )) деп берилет. Аны солдон оңго окуганда Жоктон (0) Бар ((+ ) + (- )) жаралаары, оңдон солго окуганда Бар да Жок болоору айтылган. Бар дүйнө чексиз сандагы эки карама-каршылыктардан куралган эмеспи. Алардын теңдиги гана Бар дүйнөнүн гармониясын жаратат! Бул эреже экономикалык өнүгүүдө да сакталышы керек! Биздин өнүгүүдө бул эреже сакталганбы, окурман? Теңирчиликтин ээси болгон кыргыз муну унутуп коюп карама-каршылыктын биринен (социализмден) экинчисине (капитализмге) секирип кетпедиби. Кишичилик алдым-жуттум акылдуулуктун көптүгүнөн, бирок акылмандуулуктун жоктугунан теңдиктин тийиштүү ченемин таба албады азыркы кыргыз.

Азырынча адабиятта, илимий чөйрөдө Жок дүйнө орусча «энерго-информациоенное поле» деп так эмес аталат. Такталган түшүнүктөрдүн термини менен айтсак, биз, кубат (энергия)-билим (знания) талаасы (кишинин көзүнө көрүнбөгөндөр – кыргызча Жок) менен заттардын (кишинин көзүнө көрүнгөндөрдүн – кыргызча Бардын) биримдигинен куралган чөйрөдө жана алардын бир-бирине өз ара айланышкан дүйнөсүндө эле биз жашап жатабыз.

Ушул эки дүйнөнү (Бар жана Жок дүйнөнү) тең бир бүтүндөй камтып система түрүндө карап, толук чыныгы (б.а. системалуу) билүүлөрдү камсыз кылбагандыктан биздин азыркы илим-билимибиз чала келип, чыныгы системалуу илим-билим эмес болуп гана эсептелет. Ошондуктан, “Современная наука не является единственной формой знаний. Традиционные общества, многие из которых имеют глубокие культурные корни, создали и усовершенствовали свои собственные системы знаний... Они не только таят в себе информацию, которая пока не известна современной науке, но и выражают другие образы жизни в мире, другие взаимоотношения между обществом и природой, другие подходы к приобретению и формированию знаний. Необходимо принять особые меры с целью сохранения и развития этого хрупкого и разнообразного всемирного наследия в условиях глобализации и преобладания единого представления об окружающем мире” (Всемирная конференция по науке для XXI века: новые обязательства. Будапешт, 1999 г.) - деп айтылууда.

Кубат-билим талаасы (Көк асман) баардыгынын башаты! Ал түбөлүктүү! Мындай түбөлүктүү фондо жаран жаралат, өсөт, ишмерденет, өлөт. Мындай фондо Бар дүйнө да жаралат кайра Жок да болот («Чоң жарылуу» физикалык илимий азыркы теория боюнча да ушундай). Дүйнө - бул Жок-Бардын чексиз кайталанмасы. Дүйнөнүн өнүгүүсү - бул цикл (чексиз кайталанма). Башат кайдан экендигинин эрежесин билген жарандын желегинин түсү анда көк болушу тураа эмеспи. Ал эми түшүнбөгөндүкү болсо ар кандай түстө - өзүнүн субъективдүү келген системалуу эмес болгон, адашкан билимине жараша болмок и болуп келүүдө.

Кубат (энергия) - билим (знания) талаасынан ( Жоктон-Көктөн ) гана (кыскача объективдүү билимден гана ) накта чыныгы кабарлар (информациялар) жаратылып, алар адамда субъективдүү билимге айланат эмеспи. Мен субъективдүү билимдин ээси болсом, Жараткан объективдүү билимдин ээси. Мындай чындыкты илгерки кыргыздар да билген. Ошондуктан, чыныгы кубат-билим (кыскача кыргызча кут) төбөсү ачык Көк асмандан адамга гана берилээрин баяндаган илгерки белги - Теңирчиликтин белгиси - кыргызда гана бар (төмөнкү сүрөттү кара). Сүрөттө 1 - төбөсү ачык Көк асман. 2 - Көктөн адамга түшкөн кут. Кыргызда гана болгон экинчи тилде - анын оюм-чийим тилинде адам ромб түрүндө (3-5) сүрөттөлөт. Сүрөттө түшкөн кут адамда эки карама-каршы түшүнүктөргө, аракеттерге, жыйынтыктарга (3) ажыратылат. Ошондо адамда гана алар (3) тең болушу мүмкүн. Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымы боюнча адамга ал мүнөздү. Ошондуктан сүрөттө бирдей узундукта берилет. Адам Жердеги (7) тиричилигинде мындай теңдештиктерди (5) бирдей кылып (6) алып жүрүшү абзел! Бул да Теңирчиликтин негизги мыйзамы!

 сүрөт            желек

Ошондо гана Жерде адамгерчиликтүү, келечектүү тиричилик болот, болбосо – жасалма Акыр заманы келет. Азыр биз кишичиликтүү тиричиликтин (адамгерчиликтүү эмес тиричиликтин) кесепетинен Акыр заманда жашоодобуз Калугул-ата айткандай. Ушундай ойдон теңкапталдуу болгон ромб - «адам» кыргыз оюму жаралган. Дагы адамдын мындай тиричилигинин өмүрү Көктөн чектелип берилээри айтылган (4).

Мындай белги кыргыздын көк түстүү (же көк-жашыл түстүү, себеби кыргыз жаңы чыккан чөптү көк деп койгондуктан) жаңы желегинде болушу туура! Мындай белгинин маңызын терең түшүнбөгөндөр азыр аны башкача кылып бурмалашып сүрөттөп «Улутман», «Манас таануу» телеберүүдө колдонулат же Манастын көк желегине башкача тартышып колдонгусу келишет. Мына чала системалуу эмес билим берүүнүн жана билимде болгондун кесепети! Манастын желеги көк болгону талашсыз. Себеби, Манас Көктүн баласы, Иусус сыяктуу.

Жаран аны курчаган чөйрөнүн эрежеси боюнча жашап-тиричиликтениши керек экендиги талашсыз. Эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк желекте Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал «дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөм жана ошого ылайык киши болбой адам болуп жашаймын, тиричиликтенем» - деген ураан салгандык болбойт беле!

Эми герб жөнүндө. Мамлекеттик символдор натура болбой же кандайдыр бир турмуштук тайыз ойлорго негизделбей (азыркы учурдагыдай) тереңирээк келген фундаменталдуу ойлорго-принциптерге негизделиши зарыл. Кыргыз башынан системалуу билимге ээ болгондуктан мындай принциптер кыргыз таанымында бар. Ошондуктан, аларды колдонуу менен төмөндөгүдөй гербти талкууго койомун.


Герб тегерек кыргыз түндүгүнүн элесинен жана эллипсоид фигураларынан турат. Эллипсоид – бул Бар дүйнөүн символу, себеби анын эки уюлу бар. Тегерек – бул Жок дүйнөнүн жана дүйнөдөгү бир бүтүндөйдүн символу, анын бир эле уюлу болот (А. Мюррей. “Человек, творящий чудеса” же автордун “Кыргыз ким” китептери). Эллипсоиддин ичинде “Кыргыз Республикасы” деген жазуу бар. Бул “Кыргыз мамлекети, дүнүйөсү - Бар дүйнөнүн бири” дегендик. Жазуу Теңирчиликтин белгисин курчайт. Ал Кыргыз республикасы ушул белгиде айтылган ойлор-принциптер менен жашайт дегендик эмеспи. Кыргыздын Бар дүйнө жөнүндөгү түшүнүгү көргөндөр үчүн анын экинчи тили болгон кыргыз оюму менен тегерек түндүктүн элесинде кошумчаланып баяндалат. Тактап айтканда, кыргыздын түшүнүгү боюнча, Бар дүйнөнүн өнүгүшү кайталанма (циклдүү) түрдө болоору жана мындай цикл 4 этаптан, ал эми анын ар бири 7 баскычтан (алты “кыял” оюму + бир “адам” деген экинчи кыргыз оюму) тураары баяндалат. Этаптардын алмашышы “Таанууну тануу” мыйзамы менен болоору “адам” жана “кыял” оймолордун комбинациясы менен берилген. Төртилик (4) менен жетилик (7) касиеттер дүйнө менен кишиде негизги ролдорду ойноору азыркы илим менен акырындап аныкталууда. Демек, илгери эле мындай түшүнүктөргө жеткен кыргыз өзүнүн символунда башка элдерде болбогон экинчи тили менен аны баяндап, колдонуп башкалардан айрымаланбайбы (С.Ж).

Мындай белги кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк менен көтөргөн жаңы түндүгүнүн маңыз-мааниси жаңыланган туурараак дүйнөтааным, акылмандуу философия, жөнгө салуучу идеология жана аларга ылайыктуу калыстык саясат менен экономика экендиги менен жана жарандын киши эмес адам болуусу менен байланышкандыгын дүйнөнүн бардык элдерине даңазалабайбы.

Сөздүктө “герб – отличительный знак государства ” делет. Демек кыргыз мамлекети мындай герби жана көтөргөн желеги менен бардык мамлекеттердин алдында өзүнүн бөтөнчөлүгүн толук сыймыктануу менен сүрөттөп баардыгын суктантмак!

“Азыркы тартыштык учурда каражаттарды кайдан табабыз?” дегендер көп. Аларга айтаарым, алдым-жуттумдукту жашырып обу жок байыгандар көп, парламентсиз жашаса болот, кыскасы, эрк болсо каражат табылат. Азыркыдай алдым-жуттум идеологиясы же азыркыдай демократизм идеологиясы менен жүрө берсек, анда “оорубуз” азайбайт. Ошондо адамдын чачын тик тургузгандай өзүмчүлдүктүн жоруктары гүлдөп кыргыздын акмагы чыгат. Ошондо Кыргызстанды тыштан башкарууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн болот. Ошентип кыргыз жоголот. Жаңы туура идеологиянын негизиндеги мамлекеттик белгилерди алуу менен кыргыз өз акыл-эсине келип жоголуудан кутулат жана башкаларга үлгү да боло алат!. Жаңы идеологияга негизделбеген белгилерди алуунун кереги жок

Манастын жана Чыңгыздын эстеликтерин бириктирип бир борбордук аянттка коюшу менен 20 жылдык эгемендүүлүктө кыргыз өкмөтү биринчи жолу акылмандуу чечим кабыл алды деймин. Себеби, эгерде ураан катары кыргыз көтөргөн көк желекте Теңирчиликтин белгиси тартылса, анда ал «мен жаран болуп дүйнөнүн эрежесин туура түшүнөмүн жана ошого ылайыктуу киши болбой адам болуп жашаймын жана тиричиликтенемин» - деген ураан салгандык болуп, мындай туу Ала-тоо аянтында көтөрүлүп желбиресе, “кишиге күн сайын адам болуу кыйын экендигин эскертип, адам болгула” – деп кеткен Чыңгызыбыз бир жагында турса жана экинчи жагында системалуу дүйнөтаанымындагы жаран айкөл болоорун айтып дайыма элдерди калыстыкка, ынтымактыкка чакырганды эскерткен Айкөл Манасыбыз турганы акылмандуулуктун жышааны эмеспи. Эгерде тарых музейдин артына Түркология эмес Кыргызология илимий инситутунун имараты туруп бетинде оймолор менен кыргыздын бөтөнчүлүгүн даңазалап сүрөттөгөн жаңы кыргыз герби тартылса жана дүйнө мыйзамдарын баяндаган кыргыз оймолору менен аянт кооздолсо гана! Анда мындай аянт баардыгын ойлондуруп туура акыл-эске келтирүүчү жай болбойт беле! Кыргыз таануу азыркыдай чар жайыт болбой академиянын алдындагы бир илимий институтта болушу зарыл.

   Сөз аягында кайталай турганым, кыргызда баардыгы бар бир гана акылман жетекчилик жетишпейт.