КООЗ ЖЕРЛЕР АБШЫРСАЙ – Ош облусунун Ноокат р-нундагы табигый кооз жер. Райондун борбору Эски Ноокаттан 25–26 км ара-лыкта. Абшырсай суусу Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшүп, адырларга өтөөрдө акиташ тектеринен түзүлгөн аскаларды кесип агып, тар ж-а терең капчыгайды пайда кылат. Капчы-гайдын таманынын жазылыгы 20 мдей, уз. 2 км, салыштырма бийикт. 600–800 м, абс. бийикт. 1800–1900 м. Өрөөндүн таманынан 30–35 м бийиктикте, капчыгайдын оң кап-талындагы диаметри 2 м келген үңкүрдөн булак атырылып чыгып (чыгымы 0,3 м3/сек-га жакын), эки баскычтуу шаркыратманы пайда кылат. Биринчи баскычтын бийикт. 15 мден ашык, экинчиси 11–12 м. Өрөөн-дөгү сууга салыштырганда шаркыратма-нын суусу тунук, муздак, кальций, магний-ге бай. Суу жер астындагы карсттык көлмөнүн бир четиндеги жарака м-н жыл бою бир калыпта сыртка чыгат. А. шар-кыратмасынын тегереги өзгөчө кооз, суу жээктей бадалдар өсөт; алардын арасы-на тал-терек, мөмө дарактары тигилген. Мурдагы колхозчулардын эс алуу үйү бар. Шаркыратманы даана көрүш үчүн капчы-гайдын эки капталына бетон тепкичтер ж-а тектирчелер курулган. АЖЫКЕ –Түш. Кырг-ндагы жайлоо, та-бигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чаканташ тоосу, түш.-баты-шынан ж-а батышынан Акбашат, Чалкан кырлары м-н чектешет. Каракулжа кыш-нан 40–45 км түш.-чыгыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңг. орт. бийикт. 1800– 2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чаканташ тоосунда). А-нин түш. ж-а чыгыш капта-лы тик келип, түн.-батышка жантайың-кы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринен турат. Батыш ж-а түн.-батыш капталы палеоген-неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо ж-а гипс тек-тери м-н капталган. Өрөөндөн Ажыке суу-су агып өтөт. Климаты континенттик, жылдык орт. темп-расы 3,2°С, январдыкы – 15,1°С, июлдуку 15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 345 мм. Батыш ж-а түн. капталын-да карагай, арча токою, чыгыш ж-а түш. беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. А-ге талаа, токой, субальп ж-а альп шал-баа ландшафт алкактары мүнөздүү. Та-биятына карагай, арча, четин, шилби, та-былгы, бетеге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздукту берип турат. Жайлоого Кара-кулжа р-нун малы жайылат. АКСУУ – АРАШАН – Ысыккөл облусу-нун Аксуу р-нундагы өсүмдүктөргө бай, ка-рагай, бадалдуу, ысык булак чыккан тоо-луу кооз жер. Тескей Алатоонун түн. кап-талында, Алтынарашан суусунун ортоң-ку ж-а Алмалынын (Аксуунун куй-малары) төмөнкү агымынан орун алган. Райондун борб. Теплоключенкадан 10– 20 км түштүктө. Басымдуу бийикт. 2500– 2800 м, эң бийик жери 3500 м. Аянты 30– 35 км2. Меридиан багытында созулган КООЗ ЖЕРЛЕР 320 субсеквенттик типтеги өрөөн; таманы түзөң, тоо капталдары тик (30–40°), тө-мөн жагында (түндүгүндө) кууш капчы-гай бар. Жайы серүүн (июлдун орт. темп-расы 12–15°С), кышы жылуу (январды-кы –5...–10°С). Жылдык жаан-чачыны 500–700 мм. Малга жайлуу. Алмалы ай-рыгында Аксуу санаторийи, Алтынара-шанда эмгекчилер эс алып, дарылануу-чу үйлөр бар. АРКЫТ – Жалалабат облусунун Аксы р-нундагы Сарычелек көлүнө чектеш жат-кан жаңгак токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борб.– Кербенден 18–20 км түн.-чыгыш тарапта. Чаткал, Бозбу (чы-гышында) тоолорунун ортосунда; түн-дүгүндө Сарычелек көлү жатат. Уз. 25 км, туурасы 12 кмге чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1200 мден 4247 мге (Музтөр) чейин. А-тын жогору жагында аскалуу тар капчыгай-лар көп. Өрөөн аркылуу Кожата суусу агат, анын жылдык орт. чыгымы 4,67 м3/сек. Кышы жылуу ж-а нымдуу, жайы мелүүн ысык. Июлдун орт. темп-расы 20–23°С, ян-вардыкы –12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен ту-рат. Тоого өрдөгөн сайын жаңгак токой-лору сейректеп, карагай м-н алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын 80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие, бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кай-ың, ал эми субальп алкагында (2100–3000 м бийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык ж. б. өсөт. Жапайы жаң-гак-жемиш ж. б. өсүмдүктөр өрөөндүн та-биятына өзгөчө көрк берип турат. А-тын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Сарычелек коругунун аймагын-да, өрөөндө жайкысын жүздөгөн табият-ты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санск-ритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет. АРСТАНБАП ӨРӨӨНҮ — Жалалабат облусундагы табигый кооз аймак. Баба-шата кырка тоосунун түш.-чыгыш кап-талынан орун алган. Базаркоргон р-нун аймагында, Жалалабад т. ж. станциясы-нан 60 км түн.-батыш тарапта. Деңиз деңг. бийикт. 1400–2000 м. Жеринин бети дөбө-дөңсөөлүү, белестүү келип, айрым жери түзөң тартып кетет. Өрөөндүн төрүндө тар капчыгай, корум таш ж-а палеозойдун акиташ тектүү массивдери КООЗ ЖЕРЛЕР бар. Мезозойдун ж-а палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Түндүктөн соккон муздак абаны Баба-шата кырка тоосу тосуп калгандыктан кышы жумшак кар арбын жаайт; ян-вардын орт. темп-расы —3°С. Жаз эрте келип, жаан-чачындуу. Жайында Фер-гана өрөөнү тараптан соккон керимсел шамалдын таасири жокко эсе, мелүүн ысык; июлдун орт. темп-расы 20°С. Күзү жылуу, көбүнчө күн ачык болот. Жыл-дык орт. жаан-чачыны 1000 ммдей; көбү март, май айларында жаайт. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 54%. Күн тийүү узактыгы жылына 2800 саат. Кыртышында чириндиге бай каралжын-күрөң топурак басымдуу. А. ө. — дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Ко-оздукту жыш өскөн жапайы жаңгак-же-миш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айван-сари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыр-гай ж. б. өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак, балгын ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун Жогорку чегинде ка-рагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы ж. б. кездешет. Токойду калыбына кел-тирүү ж-а көбөйтүү максатында жаңы көчөттөр отургузулууда. Өрөөн аркылуу Арстанбап суусу агат. Жер бетине чы-гып турган акиташ тектүү массивдер майда сууларды бөгөп, шаркыратмалар-ды пайда кылат (к. Арстанбап шаркы-ратмалары). Жаныбарлардан аюу, до-ңуз, карышкыр, суусар, кашкулак, элик, тоо эчки; канаттуулардан улар, кекилик, чил ж. б. көп кездешет. Арстанбап өрөө-нүндө Гүмкана токой чарбасы бар, анда жаңгак, мөмө-жемиштер (алма, алча ж. б.) жыйналып мамл-ке тапшырылат. Арс-танбаптын таза абасы климаттык тера-пияга ж-а адамдардын эс алуусуна ың-гайлуу. Арстанбап кыш-нан 8 км түш.-батыштагы көлдүн акваториясында дары баткак кени бар; 1975–77-ж. чал-гындалган; запасы 20 миң м3. Арстанбап кыш-на жакын пансионат (500 орундуу), ден соолукту чыңдоочу спорттук лагер-лер иштейт. Арстанбап кыш-нда 16–18-к-га таандык архит. эстелик — Арстан-бап күмбөзү бар. 321 ЖАҢЫЖЕР–УЛАН – Атбашы өрөөнүнүн чыгышындагы табигый кооз жер. Жаңы-жер ж-а Улан сууларынын алабын ээлейт. Түндүгүнөн Нарын, түштүгүнөн Жаңыжер тоолору м-н чектешет. Эки суунун кошул-ган жери деңиз деңг. 2837 м бийикте жай-гашкан. Атбашы суусунун сол жээгиндеги шиберлүү жайык тектир Көкжайык деп аталат. Анын суу нугунан салыштырмалуу бийикт. 30–40 м. Уз. Көгөндүкыяга чейин 12 км, туурасы 1 км. Эки суу айрыгы Экибаланын көлү аталып, ага дөбөлүү, чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун тоо тектеринен ж-а неоген-дин кызгылт түстүү чополорунан түзүлгөн суунун оң өйүзү Ойнокжар аталып, ши-берлүү, карагай арчалуу токою өзгөчө кооз ландшафтты түзөт. Карагай, арча то-кою суу бойлой да өсөт. Жаңыжер тоосу-нун батыш капталынын рельефи татаал эмес; суу бөлгүчүндөгү байыркы түз-дүктөрдүн калдыктары тектирден 1000 м өйдө жатат. Бул аймактын маңдайында На-рын тоосунан түшкөн Уландын тепши сы-мал кенен өрөөнү өзгөчө кооз. Андан жо-гору (22 км), 3400 м бийиктикке байыркы мөңгүнүн рельефи мүнөздүү. Уландын сол куймасы – Байбиче өрөөнүнүн башында-гы Байбиче ашуусу аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүүгө болот. Эки суу айрыгы-нан төмөн (3 км), Көлтөр өрөөнүндө (де-ңиз деңг. 3077 м бийиктикте) кооз бөгөт көлү жайгашкан, анын уз. 1,5 км, туурасы 300 м келет. Жаңыжер өрөөнү м-н жогору өрдөгөндө (21 км), ага Дүңгүрөмө суусу кошулат. Бул өрөөнгө көчкүдөн пайда болгон дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Чуңкурлары саздактуу келет. Жаңыжер тоосунда бир нече ашуу бар: Уларташ (3875 м бийиктикте), Акбайтал (3752 м), Кеңсуу (4025 м), Ортокашкасуу (4042 м), Кашкасуу (3970 м), Арчалы (3932 м). Аталган ашуулар Ж.-У-ды Аксай өрөөнү м-н байланыштырат. Климаты кескин континенттик, жайы салкын (июлдун орт. темп-расы 10–15°С), кышы суук (январ-дыкы–15...–20°Сдей). Тоолуу шалбаа, талаалуу субальп ж-а альп топурагы ба-сымдуу. Жаңыжер өрөөнүнүн тескей бе-тинде суу боюна чейин карагай, арча, төө куйрук, шилби, четин, тал өсөт. Бийик бет-терге субальп, альп шалбаа өсүмдүктөрү, Улан өрөөнүнө сейрек жапалак арча, түркүн чөптүү жапыз өскөн шалбаа КООЗ ЖЕРЛЕР мүнөздүү. Өрөөндү Нарын, Атбашы р-нун малы жайлайт. Автомобиль жолу барат. КАРАГОЙ-МАЗАР – Кичи Алай тоо-сунун түн. капталындагы арча токойлуу табигый кооз аймак. Ноокат р-нун айма-гында. Карагой ж-а Мазар (Кыргызата суусунун башы) сууларынын алабынан орун алган. Уз. 30 кмдей, туурасы 4 км, орт. бийикт. 2500–2800 м, эң жапыз жери 1900 м. Аянты 200 км2дей. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмө, өрөөндү караган тоо капталдары төмөнкү палеозойдун акиташ, крем-нийлүү ж-а сланец тектерине толгон. Тоо капталдары аскалуу, тик, терең кокту-ко-лоттор көп. Карагой, Мазар суулары ж-а алардын куймалары агып түшөт. Клима-ты кескин континенттик, июлдун орт. темп-расы 18,8°С, январдыкы –20,7°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Талаа (1900–2200 м бийиктикте; бетеге, дүйүм чөп ж-а бадалдар басымдуу), шалбаалуу талаа (2200–3000 м; өскүлөң шалбаа жылгыны, альп астрагалы, буу-дайык, казтаман, шимүүр, кой жалбырак ж. б.), шалбаалуу токой (2200–3200 м; түркстан арчасы, бадалдар жылгын, каз-таман, кой жалбырак, шимүүр, альп аст-рагалы ж. б.), субальп шалбаалуу талаа (2800–3300 м; бетеге, жылгын, кымыздык, кадимки гашум, казтаман, теңиртоо пия-зы, ыраң ж. б.), альп шалбаасы (3000– 3200 мден жогору; бетеге, тоо сулусу, ыраң, мамыр чөп ж. б.) ландшафт зонала-ры мүнөздүү. Тоолордун түн. ж-а түн.-чыгыш капталдарында арча токою өсөт. Мазартоонун ж-а анын айланасынын кооз ландшафты эс алуу жайларын уюштуруу-га өтө ыңгайлуу. КАРАТОКО – Чаткал кырка тоосунун түн.-чыгышында, Чаткал суусунун баш жа-гында жайгашкан бийик тоолуу аймак, кооз жер. Каратоко (Чаткалдын куймасы) суусунун алабын бүт ээлейт. Эң жапыз жери Чаткал суусунун бою, Каратоко суу-сунун чаты (Жеркөпүрө 2380 м), эң бийик жери 4200–4367 м (Чаткал кырка тоосу-нун кыры). Аймагына капчыгай, тепши сымал өрөөн, төр, ар түрдүү багыттагы тоо, аска, эшилме корум таштар, кар мөңгүлүү чокулар ж. б. мүнөздүү. Аймактын алгач-кы турпаты палеозой заманында, өзгөчө герцинде пайда болгон. Акиташ тектери ба-сымдуу. Фергана – Атойнок тектон. зона-21–27 322 сына кирет. 1946-ж. катуу жер титирөө болгон. Каратоко суусунун уз. 24 км; куй-малары Ишенкул, Чарыксалды, Көктум-шук, Өгүзжайлоо ж. б. (алардын эң узуну 11 км). Мында мөңгү аракетинен пайда болгон 20дай майда, бийик тоолуу көл бар. Айрымдары агымы жок туюк көрүнөт. Алар суу байламтасынын арасы м-н сары-гып агат. Эң ириси Каратоко (Дубана) көлү, анын аянты 1,1 км2, көлөмү 49 млн м3; 2876 м бийикте жайгашкан. Түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талааларда бетеге, ак-кылкан, шыбак дүйүм чөптөр ж. б. өсөт. Каратоко суусунун өрөөнүндө, капчыгай-ларда көк карагай, арча (тоо боорунда жа-палак арча), кайың, ар түрдүү бадалдар ба-сымдуу. Бийик тоолуу бөлүгүндө субальп, альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ланд-шафттар мүнөздүү. Каратоконун черлери, айрым көлдөрү, тоо ландшафттары ажайып кооз, корук болууга ылайык. Адабияттарда Каратеке деп да аталат. Бул жерге жыл сай-ын көптөгөн туристтер келет. КӨКЖАЙЫК – Ысыккөл өрөөнүндөгү кооз жер. Жетөгүз суусунун ортоңку агы-мында жайгашкан. Жетөгүз р-нун айма-гында. Таманынын уз. 3 км, туурасы 1 кмдей. К. Тескей Алатоонун бийик бөлүгү м-н орто бийиктиктеги Көкбел тоосунун ор-тосунда кеңдик багытында созулуп жат-кан байыркы өрөөндүн бир бөлүгүн ээлейт. Жетөгүз өрөөнүнүн тегиз ж-а жай-ык бөлүгү. Өрөөн аркылуу Жетөгүз суу-су агып өтөт. Таманы жантайма (5–10°) түздүк, асты палеогендин кызыл түстүү тектерине, үстү байыркы мореналарга, флювиогляциалдык чөкмөлөргө, о. эле аллювий-пролювий тектерине толгон. К-тын башы (түш.-чыгыш тарабы) байыр-кы өрөөн мөңгүсү жаткан тепши сымал өрөөн, түндүгүндө Көкбел тоосун Жетөгүз суусу кесип өтүшүнөн пайда болгон ан-тецденттик кууш капчыгайга өтөт. Өрөөндүн капталдарына кыска кокту, сайлар мүнөздүү. Климаты мелүүн кон-тиненттик; июлдун орт. темп-расы 13°С, январдыкы – 7,5°С. К. шиберлүү ж-а то-койлуу (карагай, бадалдуу) кооз ланд-шафты м-н өзгөчөлөнөт. Маанилүү жай-кы жайыт. Эс алууга ыңгайлуу. Мында малчылардын майрамы, улуттук оюндар өткөрүлүп турат. Жайкы туризм өнүккөн. К. формасы жагынан чыгыш жагы ачык табийгый стадион сыяктуу жер. Түш. ж-а батыш капталдары калың карагайлуу КООЗ ЖЕРЛЕР токой, түндүгү кызыл аскалар, ортосу көк шиберлүү түздүк. Кийинки жылдарда түз жерлерге карагай отургузулуп, табийгый кооздук бузулган. Түн. жагынан К-ка келе жатканда «жарылган жүрөк» деген кооз кызыл аска көрүнөт. Өрөөнгө авт. жолу жетет. К-тан 4–5 км төмөнүрөөк «Жетөгүз» курорту жайгашкан. КЫРЧЫН – Күнгөй Алатоонун түш. кап-талындагы тектон. чуңкурчак; Ысыккөл р-нундагы Кичи Аксуунун ортоңку агы-мындагы кооз жер. Ысыккөлдөн 13–15 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бий-иктикте (көлдөн 400–800 м бийик) жай-гашкан. Уз. 7–9 км, туурасы 2–2,5 км. Түндүгү ж-а түштүгү тик капталдуу, ба-тышы Көкбел ж-а Белбулак мойноктору, чыгышы Үчкүнгөй, Көкдөбө м-н чекте-шет. Тектон. көтөрүлүүнүн натыйжасын-да Аксуу өрөөнүнөн бөлүнүп калган чуң-курчак. Ооз жагы кууш, ичи кеңейип, тек-тирлүү. Эң үстүңкү тектирче суу нугунан 600–700 м бийиктикте жатат. Неоген, ан-тропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмөлөрдөн турат. Климаты континент-тик, январдын орт. темп-расы –4°...–6°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаан-чачы-ны 350–500 мм. Чыгыш капталын Аксуу сайынан баштап четин, шилби, ыргай ара-лаш чытырман карагай токою ээлейт, ка-лың шалбаа өсөт. Желекарагай суусунан чыгыш тарапта арча басымдуу келип, ши-бер бетегелүү. К.–тунук суулуу, түркүн өсүмдүктөргө бай, өз-гөчө кооз жер. Мын-да Ысыккөл р-нун малчылар майрамы өткөрүлүп турат. Туристтик база бар. К. аркылуу Сүттүүбулак (3200 м), Желека-рагай (4200 м), Куугандытөр (3890 м) ж-а Аксуу (4150 м) ашууларына баруучу ту-ристтик жолдор өтөт. САЛАМАЛИК – Түш. Кырг-ндагы кооз жер. Өзгөн р-нун аймагында. Жазы (Яссы) суусунун сол жээгинде, жапыз тоолуу жер-ден орун алган. Өзгөн ш-нан 34 км түн.-чыгышта. Уз. 9–10 км, туурасы 3–4 км, аян-ты 40 км2. Деңиз деңг.орт. бийикт. 1270– 1700 м, эң бийик жери 2384 м (Акбашат чокусу). Бор ж-а юра мезгилдеринде пайда болгон кызыл, боз түстөгү чөкмө тектер-ден (кумдук, чопо, акиташ) турган кокту-колоттуу, орто бийиктеги тоо басымдуу. Климаты мелүүн, июлдун орт. темп-расы 17°С, январдыкы – 6°С , жылдык жаан-ча-чыны 820 мм. Булак көп. Кара күрөң ж-а 323 кара коңур топурактуу. С-тин ландшафт-тынын кооздугун ыңгайлуу орографиялык түзүлүшү ж-а неоген мезгилиндеги жылуу субтропиктик климаттык шартта өскөн тор-гой флорасынын азыркыга чейин сакталып калган ж-а тоолордун кырына чейин тарал-ган жапайы жаңгак-жемиш токою түзөт. Анын арасында кыргыз алмасы, алча, ба-дам, сазкайың, акчечек, ыргай, аккайың, табылгы, долоно, шилби ж. б., ал эми токой арасындагы ачык аянттарда бийик чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Жаңгак-жемиш токоюнун кызыл түстүү жарлар м-н айка-лышкан көркү, жагымдуу климаты эс алу-уга, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт. С. токоюнан жаңгак, алма ж-а бадам жемиши жыйналат. Саламалик суусунун боюнда эс алуучу жайлар бар.