Токторов Эгемберди Самидинович Юридика илимдеринин доктору, профессор "Соттук процесс, экспертиза жана бажы иши" кафедрасынын башчысы 1959-жылы 1-январда Кыргыз ССРинин Ош областынын, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында туулган. 1967-77-жылдары Калинин атындагы орто мектепти аяктаган. Эмгек жолун 1977-78-жылдары Кыргыз ССРнин Ош областынын Кара-Суу районунун "Кыргызстан" совхозунда жумушчу болуу менен баштаган. 1978-81-жылдары СССР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн. Армиядан келгенден кийин 1981-1982-жж. кайрадан "Кыргызстан" совхозунда жумушчусу болуп эмгек жолун уланткан. 1982-1987-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинин студенти болгон. Университетти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1987-жылдан баштап Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда - Ош мамлекеттик университетинде "Илимий атеизм, этика и эстетика" кафедрасынын окутуучусу катары эмгек жолун уланткан. 1993-95-жылдары ОшМУда жаңы ачылган "Укук таануу" кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы болгон. 1995-97-жж. ОшМУнун "Укук таануу" кафедрасынын окутуучусу. 1997-жылы ОшМУда биринчи болуп юридика жаатында юридика илимдеринин кандидаты илимий диссертациясын жактаган. 1997-98-жж. ОшМУ, "Публичное право" кафедрасынын башчысы, 1998-жылдан баштап ОшМУнун юридика факультетинин деканы. 1999-2003-жж. Укук, экономика жана башкаруу институтунун директорунун орун басары. Ал эми 2004-2007- жж. кайрадан ОшМУнун юридика факультетинин деканы, 2008-ж ОшМУнун бириккен Тарых-юридика факультетинин деканы. 20224-2008- жж. Ош шаардык кеңешинин депутаты. 2009-жылдын 29-апрелинен баштап Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору, ошол эле институттун "Кылмыш жана укугу жана процесси" кафедрассынын профессору. Э.С. Токторов бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (2000-ж), КР ББИМ Ардак грамотасы (2003-ж), КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2003-ж), КР ББИМ "Билим берүүнүн отличниги" теш белгиси (2005-ж), Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (2006-ж), Ош областык администрациясынын Ардак грамотасы (2008-ж). Профессионалдык кызыгуусу жана илимий изилдөөлөрү: мамлекеттин жана укуктун теориясы, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү коргоо, алдын алуу, жашы жете элек кылмышкерлердин ишин жазык процессинде кароонун өзгөчөлүктөрү ж.б. бир катар эл аралык илимий-практикалык конференциялардын катышуучусы. 30 ашык илимий макалалардын, эмгектердин анын ичинде 3 монография, окуу китептеринин автору: Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза укугу.-Бишкек, 2004. 14,2 б.т (авторлор менен бирдикте). Конституция Кыргызской Республики и демократия. Ош, 2009. 3,8 б.т. (в соавторствие); Мамлекет жана укуктун теориясы (кошумча китеп).- Ош. 2012. 20,2 б.т. (авторлор менен бирдикте); Мамлекет жана укуктун теориясы (котормо). Ош. 2012. 20,2 б.т. (авторлор менен бирдикте); Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик мыйзамында жабырлануучу, күбөлөрдү коргоо жана укуктарын камсыздоо.- Бишкек. 2013. 15,3 б.т. (авторлор менен бирдикте); Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексине түшүндүрмөлөр. Бишкек. 2015. 34,5 б.т. 2023-жылдын 2-март күнү «Купуя сыр институту: теория жана практиканын көйгөйлөрү» аттуу 12.00.09- жазык процесси, криминалистика, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү адистиги боюнча Улуттук аттестациялык комиссянын президиуму тарабынан, юридика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы бекитилди. Илимий жетекчи катары 2 аспирантты даярдап, алар өз диссертацияларын ийгиликтүү жакташкан.