Үчлер Орхон Булдук

Анкара университетинин профессору, жалпы түрк тарыхы боюнча адис Үчлер Орхан Булдук 1962-жылдын 23-февралында Анкара шаарында төрөлгөн. Булдук үй-бүлөөсүндөгү үчүнчү эркек болгондуктан ага Үчлер (Үчүнчү) атын чоң атасы койгон. Үчлер Булдук 1984-жылы Анкара университетинин Тарых бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. 1987-жылы Проф. Мустафа Кафалынын жетекчилигинде «Деде Коркутта мамлекеттик түзүлүш» аттуу магистрдик ишин ийгиликтүү жактоо менен бирге, Анкара университетинде кенже илимий кызматкер болуп иштей баштаган. Үчлер Булдук азыркы учурда да аты аталган университеттин Тил, тарых жана география факультетинде иштейт.

Үчлер Булдук, 2001-2004-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иштеп келген. Университеттин Адабият факультетинин деканынын орун басары кызматын аркалаган. Бишкекте иштеп жүргөндө Кыргыз илимдер академиясындагы арапча кол жазмалардын классификацияланышына салым кошкон. Кыргызстанда өткөрүлгөн илимий иш-чараларга жигердүү катышкан.

Үчлер Булдук окуучусу Абдрасул Исаков менен биргеликте, жалпы түрк тарыхы боюнча адис профессор Бахаеддин Өгелдин эмгектериндеги кыргыздар боюнча маалыматтарды чогултуп, ал материалдардын анализин жасап кыргыз жана түрк тилдеринде жарыялашкан.[1]

Профессор Булдуктун кыргыз мамлекеттүүлүгү, кыргыздардын огуздар жана башка түрк тектүү калктар менен байланыштары боюнча мыкты салыштыруу изилдөөлөрү жарыяланган.

Үчлер Булдук «Манас» эпосу, кыргыз санжырасы, «Жеми үт-теварих» эмгегиндеги кыргыздар боюнча маалыматтар, Кытайдагы кыргыздардын тарыхы, Ферганадагы кыргыздар, Кыргызстан архивиндеги булактар боюнча ондогон илимий макалаларды жана докладдарды даярдаган. Аты аталган маселелер боюнча Булдуктун даярдаган макалалары жана окуган докладдары мактоого татыктуу.[2]

Үчлер Орхан Булдук Кокон хандыгы боюнча Ибрет тарыхын китеп кылып жарыялаган. Кокон хандыгы жана Түркстан тарыхы боюнча ондогон жаш илимпозго илимий жетекчи болгон. Алардын арасында кыргызстандык Абдрасул Исаков, Тимурлан Оморов жана Халида Девришевалар да бар. Үчлер Булдук Кыргызстанды экинчи мекеним деп билген тарыхчылардан бири болуп саналат.[3]

  1. Булдук, О. Үчлер. Бахаеддин Өгел жана анын кыргыздар боюнча пикирлери (тарых, санжыра, миф, дастандар)// (Абдрасул Исаков менен биргеликте), Энесей кыргыз каганатынын тарыхын изилдеген илимпоз Муратбек Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз каганат тарыхы жана кыргыз таануу маселелери» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары, 23.11.2018, Мурас фонду, Бишкек 2018. 178-187-б. Булдук, О. Үчлер. Бахаеддин Өгел жана анын кыргыздар боюнча пикирлери (тил, маданият, музыка, айыл чарба)// (Абдрасул Исаков менен биргеликте), Түркияда кыргыз таануу. Ред. Гүлдана Мурзакулова. Бенгү басмаканасы. Анкара 2019. 163-184-б.
  2. Hokand Hanlığı ve İbret’in Fergana Tarihi, Berikan Yay., Ankara 2006. Булдук, О. Үчлер. Жеми үт-теварих жана Фергана тарыхы. XIX кылымдагы кыргыздар жана кыргыз мамлекеттүүлүгү боюнча тарыхый булак катары// История и перспективы изучения. Сборник международной конференции, посвяшенной 2200-летию Кыргызской государственности. Бишкек 2003, С. 98-103.
  3. Түркиялык кыргыз таануучу Үчлер Булдук. publisher Guldana Murzakulova, Abdrasul Isakov. Maxprint. Бишкек 2023, 215 p. İSBN:978-9967-9492-1-8.: Булдук, О. Үчлер. Кыргыздардын 19-кылымдын ортосунда Чыгыш Түркстандын ички саясий иштерине катышуусу// 1-Эл аралык байыртадан бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары. Улудаг университети жарыялары. Бурса 2017. 223-234-б.