Sardor Abdazov
«Чыр-чатак – бул эмне? »
Чыр-чатак – бул карама-каршы максаттардын, таламдардын, өңүттөрдүн, көз караштардын же пикирлердин кагылышуусу. Чыр-чатактардын негизинде дайыма эки же андан ашык тараптын – адамдардын же топтордун ортосунда макулдуктун жоктугу турат. Ар бир чыр-чатакта: 1) анын тараптары, 2) тараптардын жүрүм-туруму, 3) тараптардын максаттарынын, таламдарынын, баалуулуктарынын шайкеш келбегендиги жана карама-каршылыгы сыяктуу элементтерди бөлүп көрсөтүүгө болот.
Турмушта биз чыр-чатактардын төмөнкүдөй ар кандай түрлөрүнө дуушарланабыз:
Адамдар ортосундагы – эки же андан ашык адамдардын ортосундагы чыр-чатактар. Ага катышып жаткан адамдар өз жашоо-турмушунда карама-каршы максаттарды жүзөгө ашырууга умтулаары менен мүнөздөлөт (1-сүрөт.).1
Инсандын ички дүйнөсүндөгү – адамдын ички дүйнөсүндө болуп жаткан чыр-чатак. Ал адамдын өзү менен өзүндөгү карама-каршылыктар, ар бири бирдей даражада зарыл болгон аракеттердин эки вариантынын ортосундагы тандоо зарылчылыгы менен шартталган (2-сүрөт.).2
Инсан менен топтун ортосундагы чыр-чатак – топтун ичинен кимдир-бирөө топто түзүлгөн жүрүм-турум же баарлашуу ченемдерин бузган учурда келип чыгат. (Мисалы, жетекчи менен жамааттын ортосундагы чыр-чатак). (3-сүрөт.).3
Топтор ортосундагы – жамааттардын ортосундагы чыр-чатактар. Төп келбеген максаттарды көздөгөн жана аларды жүзөгө ашыруу жолунда бири-бирине тоскоолдук кылган топтор болуп чыр-чатакташкан тараптар санала тургандыгы менен айырмаланат (4-сүрөт.).4
Окуучулар чыр-чатактардын түрлөрүн түшүнүшү үчүн мугалим көрсөтмө курал катары ватманга (же доскага) жөнөкөй сүрөттөрдү күн мурунтан тартып коет. Бул сүрөттөрдө чатакташып жаткан эки адам тартылган (1-сүрөт), ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыктардан кыйналып жаткан адам (2-сүрөт), инсан менен топтун ортосундагы чыр-чатак (3-сүрөт) жана чатакташып жаткан эки топ (4-сүрөт). Сүрөттөрдө жебелер менен агрессиянын багытынын векторлору көрсөтүлгөн.
Чыр-чатактардын түрлөрү менен катар типтери бар. Схеманы караңыз. Туурасынан – максаттар, ал эми тикесинен жүрүш-туруш жазылган. Чыр-чатактардын 4 тиби бар.5
чыр-чатак жок экенин билдирет. Бирок «чыр-чатак жок абал» кыска убакытка созулат. Кандай болбосун топ же коом кыймылдуу болууга тийиш: кырдаалдан чыгуу үчүн коом жүрүм-турумдагы айырмачылыктарды кабылдай билүүгө тийиш. Эгерде максаттары келишпей, жүрүм-туруму келишсе, бул - көмүскө чыр-чатак, бул чыр-чатак тереңде болот (башкача айтканда, тамырлары гана бар). Ал чатакташкан тараптардын ортосунда тышкы, агрессивдүү аракеттер жоктугунан көрүнүп турат.
Эгерде максаттар дал келип, жүрүм-туруму келишпесе - бул үстүртөн чыр-чатак. Анын тамыры терең эмес же ал таптакыр эле жок. Ал чыр-чатактын тараптарында маалымат жетишсиз болгондо келип чыгат. Ал эми жүрүш-турушу менен максаттар дал келбегенде – бул ачык чыр-чатак. Анын тамырлары терең, ошондой эле көзгө да ачык көрүнүп турат. Ал тараптардын ачык көрүнгөн кагылышуусу: талаш-тартыштары, кер-мур айтышуусу жана башкалар менен мүнөздөлөт.
Чыр-чатак – бул дайыма коркунучту, кастыкты, таарынычты, түшүнбөстүктү пайда кылган терс көрүнүш, башкача айтканда, мүмкүнчүлүккө жараша андан качуу керек деген жөнөкөй түшүнүк бар. Башкаруунун мурунку илимий мектептеринин өкүлдөрү да чыр-чатак – бул уюмдун натыйжасыз ишинин жана начар башкаруунун белгиси деп эсептеген. Бирок, азыркы учурда, башкаруунун теоретиктери жана практиктери айрым чыр-чатактар кала берсе эң натыйжалуу уюмда кызматкерлердин эң жакшы өз ара мамилелеринин учурунда мүмкүн гана болбостон, ошондой эле зарыл деген көз карашка улам көбүрөөк кошулууда. Чыр-чатакты башкаруу гана керек. Чыр-чатактын көптөгөн ар түрдүү аныктамаларын табууга болот, бирок алардын бардыгы, эгерде сөз адамдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жүрүп жатса, ача пикирлердин формасына ээ болгон каршы пикирлер бар экендигин баса белгилейт.