БАСУУ

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюнга даярдануу: Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюн өткөрүлүүчү аралык, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчисинин буйругу боюнча катышуучулар белгиленген аралыктан жөө басып тез өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.

Оюндун башка дагы түрлөрү. Таяк таянып басуу, таякты желкеге коюп басуу, таякты белге коюп басуу, дөңгө басып чыгуу, дөңгө басып түшүү, кумда басуу, сууда басуу, карда басуу, айдалган жерде басуу, ылай жерде басуу, чөптө басуу.

Оюндун эрежеси: Буйруктан мурда басууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, жүгүрүүгө, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюндун мааниси, Күчтүүлүгүнө, чыдамкайлыкка тарбиялайт. Бойду түз, тыкан алып жүрүүгө, келбеттүүлүккө үйрөтөт.


КЫЗ КУУМАЙ

Оюнчулардын сааны 3—15 киши.

Өткөрүүлүчү жер: аятча, спорттук бөлмө.

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар анын артынан бир катар болуп турушат, оюндун шарты жөнүндө алдын ала сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны, Оюн жетекчисинин артынан калбай оюнга катышкандар из кууп жүрүшөт, Жетекчиси басуусун тездетип ийри-буйру басып жүрөт. Оюнчулар анын артынан калбай ээрчишип жүрүшү керек. Жетекчисинин артынан басалбай жанылып калгандар жыдышат да оюндан чыгышып, оюндун бүтүшүн күтүшөт Андан кийин башка жетекчи шайланып, кайрадан башталат. Жаңылбай басып марага келгени гана жеңүүчү болот.

Оюндун убагында бир бирине тоскоолдук кылууга, жанылгандан кийин эрчүүнү улантууга тыюу салынат.

Оюндун тарбиялык мааниси. Күчтүүлүккө, шамдагайлыкка, көңүл коюп басууга, тартипти сактоого үйрөтөт.


ИЗ ТУУРАМАЙ

Оюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны, Жетекчисинин талабы боюнча, катышуучулар белгиленген аралыктан кайсыдыр айбандын бирөөнүн басканын туурап өтүшөт. Оюн өзүлөрү каалаган убакытка чейин уланат да, оюндун шартын жакшы аткарганы жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Тапшырмадан чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюга болбойт.

Оюндун мааниси. Ар кандай ыкма менен басуунун жолдорун үйрөтөт, айбандар жөнүндө кеңири түшүнүк берилет.


КОШ АЯКТАП ЖҮГҮРҮҮ

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар бир катар болуп турушуп алып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин кош аяктап күтүп турушат.

Оюндун баяны. Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар белгиленген аралыктан кош аяктап жүгүрүп өтүү керек. Оюн 2—3 жолу

кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү бар: Маселен, чалкалап, кол жана буттарды ракка окшотуп басуу. Өрдөкчө майпаңдап басуу ж. б.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт. Оюн өткөрүлүүчү жер таза жана тегиз болушу керек. Ойноочулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө талапка ылайык келет.

Оюндун тарбиялык мааниси. Адамда күч, ылдамдык, ийилчээктик чыдамкайлык калыптанат. Алдыга коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.


ӨРДӨК БАШ

Оюнчулардын саны 5—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин, тизелерин бүгүшүп. чочоюп отурушат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, катышуучулар өрдөкчө басышып белгиленген аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи өрдөкчө басып келгени болот.

Оюндун башка түрү: Чочоюп отуруп, секирип жүрүү эки тизе менен басуу.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда баштоого, туруп басууга, аралыкты толук басып өтпөй коюуга бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Адегенде буттардын булчуңдарын жумшартып, кыймылдатып алгандан кийин киришсе болот.

Оюндун мааниси. Күч, ийилчээктик, чыдамкайлык Калыптанат, тартипти сактоого үйрөтөт.


ТАШ ҮСТҮНДӨ БАСУУ

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Өткөрүлүүчү жер: аянтча, таштуу жер.

Оюнга даярдануу Адегенде оюн өтчү жерге таштарды 30 см. 1 м. аралыкта тизип алып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алынат. Ар ким өз кезеги келгенде бир бутун тизеден бүгүп, жерге тийгизбестен, тизилген таштардын үстүндө тең салмагын жоготпой басуу керек. Оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Тең салмагын жоготпой бир буту менен таштарды басып өткөн оюнчу жеңип чыгат.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, таштарды ордунан жылдырууга, тең салмакты жоготкондой кийин таш үстүндө басууну улантууга болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси — тең салмакты сактоого, чыдамкайлыкка, аралыкты туура аныктоого үйрөтөт.


ЭКИ ТИЗЕНИ БҮГҮП ЧОЧОЮП БАСЫП ЖҮРҮП ТҮРТҮШҮҮ

Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө. Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болушуп бир бирин карашып тизелерин бүгүшүп чочоюп отурушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар тизелерин бүгүп басып жана секирип жүрүшүп бир бирин колдору менен түртүшүп жана тартышып тең салмактарынан чыгарып отургузууга аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашышып, оюнду кайрадан каалашкан убакытка чейин улантышат. Атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып көп ирет жыдыткан адам, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Тизелерин түздөп тик турууга, бир бирин муштоого, урууга, колдун манжаларын кайрууга, кийимдерден, чачтардан кармоого, чурулдоого болбойт,

Оюндун тарбиялык мааниси. Күч, шамдагайлык, чыдамкайлыкка тарбияланат, туруктуулукка, тең салмакты сактоого үйрөтөт.


ТУШОО МЕНЕН БАСУУ

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда жип колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп буттарын жиптер менен өтүп, оюн өтчү аралык шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар белгиленген аралыктан тушоолору менен бат басып өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи болуп келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, тушоону чечип аралыктан өтүүгө, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өтчү аралык тегиз, тоскоолдуксуз тушоолор бирдей болушу керек,

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, тең салмакты сактап жүрүүгө, кыймылдарды башкарууга, максатка ынтылууга үйрөтөт,


ЭТЕК ТЕПСЕМЕЙ

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар этектерин артка жайышып, малдаш урунуп тегерек болуп отурушат да оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны, Оюнчулар бутуна шарт туруп кетүүгө аракеттенсе, оюн жетекчиси алардын жайылган этектерин тепсеп, ордуларынан тургузбоого шашылат. Бутуна турганы, оюн жетекчиси менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан баштала берет. Оюн алар каалаган убакытка чейин уланат. Жетекчинин ролун жакшы аткарган катышуучу оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.

Оюндун эрежеси. Этектерин жыйнап отурууга, бир бирине жардам берүүгө же тоскоолдук кылууга, оюн жетекчисин түртүп жиберүүгө уруксат берилбейт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулар бир бирине жакын отурушу керек.

Оюндун мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык калыптанат. Тартипке, ар кандай эрежеге көнүүгө үйрөнөт.