Мүйүз уста

Мүйүз уста (мүйүзчү)—малдын жана кайберендердин мүйүздөрүнөн ар кандай буюмдарды жасоочу чебер. Мүйүзчүлүк—элдик көркөм өнөрчүлүктүн бир түрү. Мурунку кезде мүйүздөн, сөөктөн чач тарак, чакча, ат тушамыш (чидер) менен желенин тээги, камчынын, бычактын сабын, түндүктүн чамгарагын, абалак, кыз-келиндердин кооз буюмдары, куту, балдак, уй менен топоздун мүйүзүнөн картык, наштар деген аспаптар жасалган. Жото жиликтен бешиктеги балага шимек көзөлгөн. Айрым буюмдарга оюм-чийим түшүрүлүп, күмүш, жез, алтын менен шөкөттөлгөн.


Булактар:А.К.Койлубаева, В.И.Мусаева, А.К.Койлубаева, А.А.Анапияева