Колыма тайпак тоосу, Гыдан – негизинен Магадан облусунун аймагында, Түндүк-Чыгыш Сибирде жайгашкан. Сунтар-Хаята кырка тоосунан чыгышты, Кичи-Анюй дарыясынын өрөөнүнөн түндүк-чыгышты карай Анадырь дарыясынын башатына чейин 1300 кмге созулуп, Колыма дарыясынын алабын Тынч океандын алабынан бөлүп турат. Түштүк-батыш бөлүгүнүн рельефинде платолор, орто бийиктеги (1500–1800 м) кыска кырка тоолор жана граниттүү массивдер басымдуу. Түндүк-чыгышында өтө тилмеленген орто бийик кырка тоолор жана массивдер жайгашып, тектоникалык ойдуңдар менен бөлүнгөн. Эң бийик жери 1903 м (Омсукчан кырка тоосунда). Коркодон жана Олой дарыясынын аралыгында плато сымал зор Омолой массиви өзгөчөлөнүп турат. Негизги кен байлыктары: алтын, калай, сейрек металл кендери, таш жана күрөң көмүр, ысык суу булактары. Өрөөндөрүн жана тоо этектерин кара карагайлуу сейрек токой ээлеп, 500–800 м бийикте бадалдуу жана мамык чөп-эңилчектүү тоо тундрасы менен алмашат (Колыма тайпак тоосунун 2/3 аянтын ээлейт). Өрөөндүн таманына жайылма токою мүнөздүү. Лыжа туризми өнүккөн.

Колыма тайпак тоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү