Ян Амос Коменский

Коменский, Ян Амос‎»‎ барагынан багытталды)

Коменский, Ян Амос (чех. Jan Amos Komenský, лат. Comenius; Жалга Куран айынын 28-күнү 1592 ж., Нивница, Түштүк Моравия — Жетинин айы 15-күнү 1670 ж., Амстердам) - Чех элинин улуу ойчулу, педагог, коомдук ишмер. Бүт өмүрүн таалим тарбия көйгөйлөрүн иштеп чыгуу, ал аркылуу дүйнө элдери арасында өз ара бири-бирин жакшылап түшүнүп ырыс-ынтымакта жашоосуна багыт берүүгө арнаган Коменьский философиясы («пансофия»-бардыгын бардык нерсеге үйрөтүү) инсанды өнүктүрүүнүн комплекстүү методдору, программалары учурунда утопия катары кабылданып 20 кылымда гана татыктуу баасын алган. Ал «Дидактика» аттуу эмгегинде (1628–30, 1849-ж. жарыяланган) жалпы универсалдуу билим берүү теориясын иштеп чыкан. «Улуу дидактика» (1633–38) аттуу эмгеги узак мезгил орто билим берүүнүн теориялык базасы катары кызмат кылган.

Коменский, Ян Амос
Via Lucis', 1668

Коменьский алгач билим берүүнүн сабак принцибине артыкчылык берүү менен физика, геометрия, география, астрономия, тарых боюнча оригиналдуу окуу китептерди даярдаган. Кийинчерээк адам дүйнө тууралуу билимдердин бир түйүнгө бириккен системасын алышы зарыл деген ишенимге келген. «Тилдердин ачык эшиги» (1631), «Сүрөттөн сезим менен кабыл алынуучу буюмдар дүйнөсү» (1681) аттуу китептерин негиздеп, тилегин ишке ашырууга далалат жасаган. Коменьский педагогикалык чыгармаларынын толук 4 томдук топтому 1654-ж. Амстердамда латын тилинде жарык көргөн.

Дүйнөлүк коомчулук Коменьский педагогика илиминин – негиздөөчүсү катары таанышат. Азыр күндөлүк педагогикалык процессте бекем орун алып, активдүү колдонулган жалпы билим берүү, класстык сабак, көрсөтмөлүү окутуу методу, эне тилде окутуунун артыкчылыгы, танапис, каникул, чейректер, мектеп тизими, мектеп имаратынын физикалык чөйрөсү, мектеп бакчасы, мектеп аянтчасы, дене тарбия, музыканын өзүнчө атайын сабак катары окутулушу жөнүндөгү ж. б. таамай так түшүнүктөр жана өрнөктүү эреже салттар эң алгач Коменьскийдин эмгектеринде аныкталган. Демек, Коменьский теориялык жана практикалык табылгалары 4 кылымга жакын мезгил өтсө да өз наркын, баасын жоготпой тескерисинче актуалдуулугу артып барат.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004