Коминформ - 1947-жылы советтик Коммунисттик партиянын жол башчылыгы менен Белградда негизделген Коммунисттик маалымат бюросу.

Бул бюро Советтик төңкөрүштөн кийин негизделген III Коминтерн уюмун кайрадан жандандырууга багытталган. Максаты Россия, Югославия, Италия, Польша, Венгрия, Чехословакия, Болгария, Чыгыш Германия, Румыния жана Франциядагы Коммунисттик партиялардын ишкердиктерин координациялоо жана башка өлкөлөрдөгү эл аралык коммунизм аракеттеринин пропагандасын уюштуруу болчу.

1948-жылы Югославия менен Россиянын мамилеси бузулгандан кийин Югославия бул уюмдан чыгарылган жана бул уюмдун борбору да жылдырылган. 1956-жылы эки өлкө кайрадан жакындашкан. Ошентсе да ушул жылы Россиянын Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн партияларын көзөмөлдөгөн Коминформу таркатылган.

Кемп девид келишими - 1978-жылы АКШнын министри Картердин аракети жана демилгеси менен жарышкан Египеттин өкмөт башчысы Енвер Садат менен Израилдин премьер-министри М.Бегиндин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишим.

Алар 1978-жылы АКШ дагы Кемп Девидде келишимге кол койгондуктан, бул келишим Кемп Девид Келишими деп аталган. Эки өлкөнүн ортосундагы согушту 30 жылдан кийин токтоткон жана алардын ортосундагы мамилелерди оңдогон бул келишимдин түзүлүшү менен Египет кээ бир басып алынган аймактарды кайра кайтарып алган. Бирок бул бир тараптуу макулдашуу Жакынкы Чыгыштагы башка арап мамлекеттерин жана палестиналыктарды ыраазы кылган эмес жана алар проблемаларды чечүүнү максат кылбаган келишим деп баалашкан.

Ушул себептен Арап дүйнөсү экиге бөлүнгөн жана Кызылдардын Фронту (Арап Чечкиндүүлөрүнүн Фронту) уюштурулуп, бул чечимди тааныган эмес жана буга каршы күрөшкө чыккан. БУУда бул келишимди өтүмсүз деген келишим чыгарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9