Коми-Пермяк автономия округу

Коми-Пермяк автономия округуРоссия Федерациясынын курамындагы административдик-аймактык бирдик. 1925-ж. 26-февралда Урал, 1935-ж. Свердлов, 1938-жылдан Пермь облусунун курамына кирген. Кама дарыясынын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң км2. Калкы 146,5 миң (2003).

Коми-Перм Өзэркин Ооданы

Негизги маалымат түзөтүү

Административдик-аймактык жактан 6 районго, 1 шаарга, 3 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Кудымкар шаары Приволжье федерация округуна кирет. Автономия округдун шайлоочулары Пермь облусунун шайлоосуна катышууга акылуу. 2007-жылдан Коми-пермяк округу болуп кайрадан түзүлүп, Пермь облусунун курамына өзгөчө административдик-аймактык бирдик болуп кирген.

 
Жайгашуун картасы.

Калкынын негизин коми-пермяктар (60,2%) түзөт, ошондой эле орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Динге ишенгендери православныйлар, эски каада-салтты туткандар жана протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Шаар калкы 26,5%.

 
Театр (Кудымкар).

Табияты калктын жашоосуна орточо жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Январдын орточо температурасы –15°Сден –17°Сге чейин, июлдуку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммге жакын. Башкы дарыясы – Кама (кеме жүрөт). Аймагынын 4/5бөлүгүн тайга ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 2443,3 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 19%, айыл чарбаныкы 39,4%. Токой (өнөр-жай өндүрүшүнүн 51,4%и);өнөр-жай комплекси өнүккөн. Ошондой эле жыгаччылык, тамак-аш (30,3%), электр энергетика (5,8%) өнөр-жай ишканалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 132 миң га, анын ичинде 115 миң гасы айдоо аянты. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа) айдалат. Округдун түндүгүндө териси баалуу айбанаттар асыралат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 1690 км (анын ичинде асфальтталганы 335 км). Пожва жана Майкоп шаарчаларында дарыя порту, Кудымкарда аэропорт бар. Округда жалпы билим берүүчү 154 мекеме, 9 башталгыч жана атайын окуу жайы, 2 Жогорку окуу жайы (анын ичинде Удмурт университетинин филиалы), театр, улуттук маданий борбор, 3 музей (анын ичинде край таануу) иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү