Коми-пермяктар
Коми-пермяктар (коми морт, коми отир, коми-пермяккез)[1] — Россиядагы финно-угор эли. Алар Пермь крайынын түндүк-батышында Коми-Пермяк округунда жашашат.
Коми-пермяктар язвин, зюздин жана иньвен этнографиялык топторго бөлүнөт.
Жалпы саны 55 786 адам (2021ж.).
Коми-пермяктар | |
Коми-пермяктар. | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 55 786 (2021ж.) | |
Тили | |
Дини | |
Кирет | |
Тууган элдер | |
Келип чыгышы |
Гляденов жана Роданов археологиялык маданияттары |
Этимология
түзөтүү"Пермь" ("пермяндар", "пермяктар") этноними, кыязы, "чет жерде жаткан жер" дегенди билдирген ("пера маа") вепс тилинен алынган.
Тил
түзөтүүКоми-пермяк жана орус тилдеринде сүйлөшөт.
Дин
түзөтүүХристиан дининин православдык багытын тутунушат. Старообряддыктар да бар.
Шаманизмдин элементтери сакталып калган.
Чарбалык иштер
түзөтүүАңчылык, балык уулоочулук жана жыйноочулук менен алектенишкен. Азыркы мезгилде айыл чарбасында жана токой өнөр жайында иштешет.
Тарых
түзөтүүКоми-пермяктардын ата-бабалары Гляденов жана Роданов археологиялык маданияттарынын алып жүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Коми-пермяк урууларынын калыптануу процесси 5-6-кылымдарда башталган.
1462-жылы коми-пермяктар христиан динин кабыл алышат.
1472-жылы коми-пермяктардын жерлери Москва мамлекетинин курамына кирген. Ошондон бери коми-пермяктар орустардын маданий жана тилдик таасири астында. Көпчүлүгү орус тилине өтүштү же жарым-жартылай орустар менен аралашып кетишти. Жергиликтүү тарыхчылардын айтымында, Пермь крайынын, Свердлов жана Киров (түндүк-чыгыш бөлүгү) облустарынын орус тилдүү калкы коми-пермяктардын урпактары.
Коми-пермяктар орустар менен бирге Батыш Сибирди колониялаштырууга катышкан.
Маданият
түзөтүүКудым-Ош жана Пере маданий баатырлары тууралуу эпикалык уламыштар кеңири тараган.