Конвенция (лат. conventio — макулдашуу) — эл аралык укук субъектилеринин ортосундагы келишимдердин бир түрү. Анда мамлекеттердин жана эл аралык укуктун башка субъектилеринин саясий, экономикалык, юридикалык, экологиялык, аскердик, гуманитардык, ошондой эле деңиз, аба, космос тармактарындагы укуктар менен милдеттер катталат. Конвенция укуктук жарыя мүнөздөгү документ катары 19-кылымда пайда болуп, алгач саясий же конституциялык милдетти аткарган.

Конвенция институту XX-кылымда өзгөчө өнүгүүгө ээ болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунда конвенция универсалдуу эл аралык документ катары белгилүү.

Булактар түзөтүү