Конго ойдуңуБорбордук Африкадагы ири ойдуң. Байыркы жана азыркы чөкмө тектерге (кумдук, чополуу сланец ж. б.) толгон Африка платформасынын синеклизасына дал келет. Таманы жайпак, диаметри 1000 кмдей. Тектирлүү плато жана бөксө тоолор менен курчалган. Конго ойдуңунун рельефи ярустук түзүлүштө. Эң жапыз (300–400 м бийикте) жана голоценде жаралган төмөнкү ярусу жазы, көбүнчө саздак келип, көптөгөн дарыялардын жайылмалуу өрөөндүү Конго ойдуңунун борбордук бөлүгүндө жалпы бир жайык аллювий түздүгүн пайда кылат. Түздүктү мезгил-мезгили менен суу каптап турат. Андан жогору бир нече деңгээлдеги антропогендик тектирлер жана плиоцен-антропогендеги тектир сымал платолор жайгашкан. Платолор четки бөксө тоолорду карай түндүк жана батышында 500 м бийиктен, түштүк жана чыгышында 1000 мден жогору көтөрүлөт. Саз жерлерди кургатуу иштери жүргүзүлүүдө. Ойдуңду Конго дарыясынын алабы ээлейт. Ысык жана нымдуу экватордук (түндүк жана түш четжакаларында субэкватордук) климат өкүм сүрөт. Айлык орточо температурасы 23–25°Сден 26–27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм жана андан да ашык. Ойдуңду нымдуу дайыма жашыл гилея жана жалбырагы күбүлмө токой (көбү кыйылган), саздак жерлер текши каптаган. Ойдуңда жайгашкан ири Салонга улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Конго ойдуңу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү