Данияров Конокказы (1942, Жети-Өгүз району, Даркан айылы — 1994, ошол эле жер) — инженер-зоотехник, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1993).
1964-ж. Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн.
1983—86-ж. Алма-Ата жогорку партиялык мектебинде окуган.
1964—65-ж. Жети-Өгүз районундагы «Ала-Тоо» колхозунда (Даркан айылы) селекционер-зоотехник, 1965—68-ж. ошол эле колхоздо.
1968—70-ж. Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл тажрыйба станциясында (Челпек айылы) башкы зоотехник, 1970—72-ж. Жети-Өгүз райондук айыл чарба башкармасында башкы зоотехник жана начальниктин орун басары, 1972—76-ж. начальниги, 1976—81-ж. Күйбышев атындагы колхоздун (Саруу айылы) башкармасынын төрагасы.
1981—86-ж. Жети-Өгүз райондук эл депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагасы, 1986—87-ж. Ысык-Көл облустук агро өнөр жайында башкы адис, 1987—91-ж. Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» совхозунун директору.
1991—94-ж. Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз мамлекеттик асыл тукум чарбасынын директору.
1994-жылдан Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын Экономика жана салык боюнча инспектору болуп иштеген. Ал иштин көзүн билген адис, дасыккан уюштуруучу катары белгилүү болгон.
Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.