Контракция
Контракция (лат. contractio – кыйыштыруу) – горизонталдык катарды түзгөн эки коңшу колонна (түркүк), триглиф же башка элементтердин ортосундагы аралыкты атайын кыскартуу. К. негизинен, антик архитектурасында эллинизм дооруна чейин бурчтук интерколонналарды ичкерип кеткен доридалык ордер курулуштарында колдонулган (мисалы, Афиныдагы 447–438-ж. биздин заманга чейин Парфенон периптеринде).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|