Корей Эл-Демократиялык Республикасынын түбөлүктү президенти

Корей Эл-Демократиялык Республикасынын түбөлүктү президенти (кор. 조선민주주의인민공화국의 영원한 주석?, 朝鮮民主主義人民共和國의 永遠한 主席?) — 1998-жылдын 5-сентябрында КЭДРдин Конституциясына өзгөртүүлөр кабыл алынгандайн кийин пайда болгон формалдык кызмат. Бул кызмат орду кабыл алынгандан бери Корей Эл-Демократиялык Республикасынын түбөлүктү президенти кызматына 1994-жылдын 8-июлунда каза болгон Ким Ир Сен бекитилген. Бул формалдык жана ыйгарым укуктары жок ардактуу кызмат[1].

Ким Ир Сен
кор. 김일성
Ким Ир Сен
Ким Ир Сен
Корей Эл-Демократиялык Республикасынын түбөлүктү президенти
 
Туулган жылы: 15 -апрель 1912(1912-04-15)
Каза болгон жылы: 8 -июль 1994(1994-07-08) (82 жаш)
Каза болгон жери: Пхеньян
Атасы: Ким Хен Чжик
Апасы: Кан Бан Сок
Жубайы: Ким Сон Э
Балдары: Ким Чен Ир, Ким Пхён Иль, Ким Гён Хи
 
Аскердик кызматы
Наамы: Генералиссимус
 
Автограф: Кол тамгасы

1972-жылы КЭДРдин министрлер кабинетинин төрагасы кызматы жоюлуп, Ким Ир Сен, ал үчүн түзүлгөн КЭДРдин президентти кызматына шайланган жана 1994-жылы каза болгонго чейин бул кызматты ээлеп турган[2][3].

Ким Ир Сен каза болгондон баштап 1998-жылга чейин Президенттик кызмат орду бош турган.

1998-жылы кабыл алынган жаңы конституция төмөнкүдөй тексти курамына камтыйт[4]:

КЭДР жана КЭМ (Кореянын Эмгек партиясы) жетектеген корей эли улуу жол башчы, жолдош Ким Ир Сенди республиканын түбөлүк президенти катары сыйлап, анын иштерин жана идеяларын коргоп, мурастап, өнүктүрүп, революциялык чучхе иштерибизди ийгиликтүү жыйынтыктоого алып барабыз. (조선민주주의인민공화국과 조선인민은 조선로동당의 령도밑에 위대한 수령 김일성동지를 공화국의 영원한 주석으로 높이 모시며 김일성동지의 사상과 업적을 옹호고수하고 계승발전시켜 주체혁명위업을 끝까지 완성하여나갈것이다.)

Ким Ир Сен каза болгондон кийин КЭДР Жогорку Элдик жыйынынын Президиумунун төрагасы катары Ким Ён Нам шайланып, ал формалдык жактан расмий мамлекет башчысы болгон. Бирок, иш жүзүндө КЭДРдин жетекчиси кызматын Ким Ир Сендин уулу Ким Чен Ир алган жана ага Улуу жетекчи наамы ыйгарылган[5]. Ким Чен Ын 2011-жылы каза болгондон кийин өлкөдөгү бийлик анын уулу Ким Чен Ынга толугу менен өткөн[6].

Публицисттер, кээ бир журналистер тарабынан КЭДРде түзүлгөн кырдаалды сүрөттөөдө жогорку бийлик өлгөн адамга таандык болгон мамлекеттик түзүлүштү билдирген «некрократия» термини да колдонулуп келет[7][8].

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү