Коркунучтуу эксперимент

«Коркунучтуу» эксперимент" Күн сайын эртең менен кимдир бирөө чай, кимдир бирөө кофе ичет. Бирок алардын бири да ошол ичип жаткан көнүмүш нерселердин кандай жол менен биздин турмушубузга келип киргенин капарына алып да койбойт. XVIII кылымда Швецияны башкарган король Густав III сот ишине реформа жасап, окумуштуулар менен сүрөтчүлөргө колдоо көргөзүп, ал түгүл француздарды туурап академияны да негиздеген. Ал бардык ишти француз стилинде жасаганды жакшы көрсө да, өз көз карашы болуп, өз оюнан эч кайткан эмес. Бир жолу ага көпөстөр келишип, кабыл алуусун өтүнүшөт. Мамлекет үчүн соода-сатык иштери зарыл экендигин түшүнгөн король алар менен жолугушат. Көпөстөр жолугушуу маалында өлкөгө кофе менен чайды алып келип, эркин сатканга уруксат сурашат. Бирок Густав III аларды уулуу, зыяндуу деп эсептегендиктен, макул болбойт.

Көпөстөрдүн бүт дүйнө, анын ичинде Франция да чай менен кофе ичерин айтканы королго таасир этпейт. «- Король эч качан жаңылбайт», - деп жооп берет ал, - шведдер дайыма пиво менен чөптөрдүн кайнатмасын ичишкен». Көпөстөр капаланып чыгып кетишкен соң король полициянын начальнигин чакырып, ага өлүм жазасына тартылган эки жаш, ден соолугу чың жигиттерди табууну буюрат. Көп өтпөй ошондой жигиттердин табылып, борбордогу түрмөгө жеткирилгенин билдиришет. Король аларды сыз өтпөгөн кургак, таза, келемиштери жок камераларга камап, таза кийим кийгизип, керебет, стол, стул берип, жакшы тамактандырып, күн сайын эки сааттан сейилдегенге алып чыгууну тапшырат.

Кыскасы, ал жигиттер кадимки адамдардай, бирок айырмасы эле камакта жашап калышат. Өлүм жазасына тартылган адамдарга мындай мамиле жасалганына таң калган полициянын начальниги королдон анын сырын сурайт. «- Булардын мындай жашоосу узакка созулбайт. Алардын бири күн сайын эртең мененки тамакка кошо кофе ичсин, экинчисине чай бергиле, ошентип алар көп узабай ууланып өлүшөт. Ошондо пайда табууну гана көздөгөн көпөстөр менен биздин бүт элибиз кофе менен чайдын кандай уулуу экенине ынанышат», - дейт король. Кылмышкерлердин чын эле кофе менен чайдан ууланарын текшерүү үчүн алардын ар бирине жеке врач дайындап, алар көзөмөл жүргүзө башташат.

Буту-колуна салынган кишенден кутулуп, үстүнө халат, бутуна тапочка алып, нормалдуу тамак жей баштаган эки жигит тагдырларынын мындай кескин өзгөрүп кеткенине таң калышып, адегенде күн сайын таң атканда эшик ачылып, кароолчулар келип, башын алганы баталгага алып кетишин күтүшөт. Бирок күн артынан күн өтүп, аларды өлүмгө өкүм кылууну эч ким ойлоп да койбойт! Камалгандардын бирине күн сайын эртең менен чоң идишке толо жыты буркураган кофе, экинчисине жакшы демделген чай беришет. Алар буга көнүп, ал тургай ырахат ала башташат. Күн сайын текшерүүгө келген врачтар булардын ден соолугун тыкыр карап чыгып, эч кандай оорунун изин табышпаганын королго жеткирип турушат. «- Бир аз чыдап тургула -, дейт Густав, - жакында көрөсүңөр, уу таасир этип жатат, бирок жай таасир этүүдө». Бирок, тагдыр өзүнүн чечимин чыгарат.

Королдун экспериментинин натыйжасы такыр күтүлбөгөндөй болот. Адегенде түрмөдө отургандардын ден соолугун текшерүүгө дайындалган эки врач биринин артынан бири дүйнө менен коштошушат. Андан кийин король Густав III өзү да дүйнөдөн кайтат: бал-маскарад мезгилинде жек көргөн душманы кол салып өлтүрөт. Ал эми «коркунучтуу уу» ичкен адамдардын тагдыры кандай болот? Күн сайын кофе ичкен киши 83 жашка чыгып дүйнөдөн кайтат. Чай ичкени да бир топ карыган кезде өз ажалы менен өлөт. Экөө тең өмүр бою эркиндикке чыгышпайт, бирок «королдун жашоосундай» шартта жашап жүрүп өтүшөт. Густав III нүн өлүмүнөн кийин гана Швецияга чай менен кофени алып киргенге, сатканга жана ичкенге уруксат берилет.


Автору: Мурзакметов Абдымиталип – тарых илимдеринин кандидаты, этнограф.