Короглы Халык Гусейнович
Короглы Халык Гусейнович (1919, Ашхабад) — филология илимдеринин доктору (1971), профессор (1986), адабиятчы, фольклорчу. 1946-ж. Москва медициналык институтун, 1952-ж. М. В. Ломоносов атындагы МГУнун филология факультетинин Чыгыш бөлүмүн бүтүргөн.
Медицина институтунун алгачкы курстарын Фрунзе шаарында окуган. Түрк жана иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин баатырдык эпосторун салыштырма изилдөөдө зор эмгек сиңирген. Ал 1947 жылдан тартып иран тили жана адабияты боюнча жогорку окуу жайларда сабак бере баштаган. 1954жылдан МГУнун филология факультетинде Орто Азия, Казакстан элдеринин адабияттары боюнча лекция окуган. 1958—71-ж. «Большая Советская Энңиклопедия» басмасынын Тил жана адабият редакциясынын илимий редактору. «Краткая литературная энциклопедия» редакциясынын Чыгыш элдеринин адабияттары редакциясынын башчысы, 1971—85-ж. СССР Илимдер акдемиясынын А. М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун улуу илимий кызматкери болуп иштеген. Анын изилдөөлөрүндө кыргыз фольклорунун, анын ичинде «Манастын» тексти кеңири колдонулат. Айрыкча «Огузский героический эпос» (М., 1976), «Взаимосвязи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербайджана» (М., 1983) аттуу монографиялары жалпы түркологиялык мааниге ээ. Ал Р. 3. Кыдырбаеванын «Генезис эпоса «Манас»» (1980) аттуу монографиясынын жалпы редакторлугун жүргүзгөн.
К. кыргыз фольклору, «Манас» эпосу боюнча адистерди даярдаган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4