Королдук шекспир театры - Англиянын драма театры.

  • 1879-ж. Стратфорд-он-Эйвондо ачылган.
  • Мында У. Шекспирдин пьесалары коюлуп, фестивалдары өткөрүлгөн.
  • 1961жылга чейин Шекспирдин мемориалдык театры деп аталган.
  • 1960-ж. Лондондогу «Олдуич» театрында филиалы ачылып, анда Англиянын классикалык жана азыркы драмалары коюлат.
  • Админ, жетекчиликти Камкордук совети, көркөм жетекчиликти директор жүргүзүп, ал режиссёр да болуп эсептелет.
  • Ар бир сезондо актёрлор менен контракт түзүлөт. Королдук шекспир театрын режиссерлор Б. Бенсон, Б. А. Пейн, П. Холл ж. б. жетектеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.