Корольков мандалагы, жалтырак мандалак

Корольков мандалагы, жалтырак мандалак (лат. Tulipa korolkowii, Regel (T. nitida Th. Hoog)) - Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5-2,5 см, кара, калың кабыктуу, кабыгынын жогору жагынын ичи кийиз-чачтай түктүү. Сабагынын бийиктиги 10-20 (30) см, түксүз. Жалбырактары 3, ажыратылган, боз, кырлары өтө тармал, учуна шуштугуй. Гүлү бир, сары, гүл коргону кыйшык (имерилген), бийиктиги 6 см ге чейин, ачык-кызыл, ичинен жалтырак, түбүндө кичинекей кара тагы бар. Гүл коргонунун желекчелери негизинен томолок, сырткылары

  • жазы, сүйрү ромб сымал, тармал, ичкилери – тескери-үчбурчтуу-жумуртка сымал, учунда ичке оюкчалуу. Аталыгы гүл коргонунан кыска: аталык жипчеси кара же кызгылтым; чаңдыгы
  • сары. Энелиги кыска мамычалуу, кызгылтым. Кутучасы кыска өсүндүлүү, узундугу 3 см ге, диаметри 1,5 см ге чейин жетет.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Март-апрелде гүлдөйт, июнң-июлда мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт. Жалпыжана өлкөдө таралышы. Түштүк-батыш Тянңшанң, Памир-Алай (Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан). Кыргызстанда Түркстан тоо кыркасында (түндүк беттери) кездешет.

Өсүү шарттары түзөтүү

Кумдуу, шагылдуу жана таштуу тоо этектеринин беттери.

Саны түзөтүү

Жаратылышта саны боюнча маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жогору декоративдүү түр болгондуктан, жергиликтүү калк тарабынан ченемсиз чогултулат. Адамдын чарбачылык иш аракеттери: үнөмсүз мал жаюу, жерлерди өздөштүрүү.

Өстүрүү түзөтүү

Ташкент (1956-жылдан бери) жана Дүйшөмбү шаарларынын (1967 жылдан бери) Ботаникалык бактарында өстүрүлөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казак ССРинин (1981), Кыргыз ССРинин (1985) жана Тажик ССРинин (1988) Кызыл китептерине киргизилген. Атайын коргоо чаралары иштелип чыкпаган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциясынын ареалынын ар башка жерлеринде иликтөө жүргүзүп, түр кеңири таралган аймактарда ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Уруктанганга чейин гүлүн үзүп, пияз түбүн чогултуп, мал жаюуга тыюу салуу абзел.

Статусу түзөтүү

VU. Орто Азиянын эндеми, негизги ареалдары Өзбекстан жана Тажикстан (Батыш Тянь-Шань, Памир-Алай). Сейрек кездешкен, жогору декоративдүү, кооз өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү