Корумду мөңгүлөрү (Тескей Ала-Тоо)

Корумду мөңгүлөрүТескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан өрөөн жана татаал өрөөн тибиндеги 2 ири мөңгү. Тоң суусунун оң куймасы – Корумдунун башында. Жалпы узундугу 7,4 км, аянты 10,4 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4420–4460 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3940–3960 м, абляциясынын аянты 2,0–2,6 км2. Мөңгүлөрдөн Тоң суусунун оң куймасы – Корумду суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү