Корумду мөңгүлөрү (Чоң Алай кырка тоосу)

Корумду мөңгүлөрүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы Корумду суусунун төрүндө жайгашкан үч мөңгү (Чыгыш, Ортонку жана Батыш Корумду мөңгүлөрү). Чыгыш Корумду мөңгүсү татаал өрөөн тибинде. Узундугу 6,2 км, аянты 13,9 км2, көлөмү 0,6 км3. Башы деңиз деңгээлинен 5440 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4620 м, абляциясынын аянты 4,0 км2. Ортонку Корумду мөңгүсү өрөөн тибиндеги мөңгүгө кирет. Узундугу 5,5 км, аянты 3,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Башы деңиз деңгээлинен 5330 м, этеги 3820 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4520 м, абляциясынын аянты 1,8 км2. Батыш Корумду мөңгүсү – өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,4 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,3 км3. Башы деңиз деңгээлинен 4700 м, этеги 4020 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4360 м, абляциясынын аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн башталган суулардан КызылСуунун сол куймасы – Корумду суусу куралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Дагы караңыз түзөтүү