Косово талаасындагы салгылашуу (1389)

Косово талаасындагы салгылашуу (1389) – сербиялык-босниялык аскерлер менен түрк султаны Мурад Iнин ортосундагы согуш. 1389-ж. 15-июнда азыркы Приштина шаарына жакын жерде, Косово талаасында князь Лазарь башында турган 15–20 миң сербиялык-босниялык аскерлер түрк султаны Мурад Iнин армиясынан (27–30 миң) жеңилген. Лазарь туткунга түшүп, өлтүрүлгөн жана 50 миңдей серб аскери мууздалган. Согуштун жүрүшүндө Мурад I өзү да өлүп, (жаш серб Милош Обилич канжар менен сайган), анын ордун баскан Баязид I (Мурад Iнин уулу) туткундарды өлтүрүүгө буюрган. Бул салгылашуудан кийин түрктөргө Дунай, Сава жана Тимока дарыясынын алабындагы аймактар өткөн жана Сербия Осмон империясына көз каранды болуп, 1459-ж. анын курамына толук киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү