Котормо (сүрөт)

Котормо‎»‎ барагынан багытталды)

Котормо – көркөм сүрөт практикасында көркөм чыгарманын үстүнөн иштөөнүн баштапкы баскычтарында (этаптарында) колдонулган сүрөттөөнүн негизги контурларын боз кендирге, чекмелик тактага, шыбалган нерсенин үстүнө которуунун механикалык ыкмасы аталат. Сүрөттү которуунун катардагы ыкмалары масштабды өзгөртпөйт, арт жагын атайын боёп алгандан кийин, түп нусканын контурлары чийилип алынат, калька, припорох жасалат. Чоңойтулган масштабда көбүрөөк «сетка боюнча» көз болжом менен тартып алышат, башкача айтканда нускада жана анын үстүңкү бетинде которуу үчүн керек болгон бирдей өлчөмдөгү квадраттарды түзгөн вертикаль менен горизонталь сызыктарды сызып алышат. Живописти реставрациялоодо (кайра калыбына келтирүү) бүт боёк катмарын боёк кыртышы менен (же ансыз) мурунку эскирген негизди жаңы негизге адмаштыруу үчүн көчүрүү К. аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү