Жүрөк

Көп кофе ичкен адамдын жүрөгүнүн ритми бузулат, анткени анын курамында кофеин көп. Дарыгерлер жүрөгү ооруган адамга азыраак өлчөмдө кофе ичүүлөрүн сунушташат.

Кан басымы

2003-жылы Эдинбург университетинде кофенин кан басымына таасири изилденип чыккан. Анда күн сайын 4-5 стакан кофе ичип турган адамдын кан басымы тезинен көтөрүлүп кеткени байкалган.

Ашказан

Кофе ашказандын коркунучтуу ооруларын пайда кылбаса да, андагы кычкыл заттардын көбөйүшүн шарттайт.

Кант диабети

Кофеин кант диабетин көбөйтсө, кофедеги башка зат болгон айрым минералдар кант диабетин жоготот экен.

Мигрень

Кофенин курамы мээдеги айрым клеткалардын тез аранын ичинде мигренге айлануусуна себепкер болот.

Витамин жана минералдардын азаюусу

Кофеин организмдеги темирдин жана башка заттардын жоголуусуна таасирин тийгизет. Айрыкча, кальцийдин заара менен сыртка чыгуусуна себепкер болот. Бул болсо остеопорозду пайда кылат, сөөккө зыян.

Урук системасы

Кофе ичкен аялдардын урук системасы баланын пайда болушуна терс таасирин тийгизсе, бразилиялык окумуштуулардын ою боюнча эркектерге оң таасирин берип спермалардын көбөйүшүн шарттайт экен.

Кош бойлуулук

Кофе курсакта жаткан балага терс таасирин тийгизет. Күндө кош бойлуу аял 300 мг ичсе, жетиштүү болот.

Кофенин пайдалары