Көчүбаев

Кыргызстандын Араван районундагы айыл
Кочубаев, Араван району‎»‎ барагынан багытталды)

КөчүбаевКыргызстандын Ош облусунун Араван районундагы айыл. Чек-Абад айыл аймагы кирет.

Айыл
Көчүбаев
Район Кыргызстан
Облус Ош облусу
Координаттар 40°30′28″ с. ш. 72°26′44″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 5004[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Көчүбаев (Кыргызстан)

Райондун административдик борбору ― Араван айылынан 8 км батыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 40 км аралыгында жайгашкан. Кыштак 1850-жылы негизделген.

Калкы негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, эки китепкана, клуб, мечит, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айылда Социалисттик Эмгектин Баатырлары Т. Көчүбаев (ысымы ушул кыштагыка берилген), М. Умарова, Д. Рафикова туулган.

Калкы түзөтүү

Калкы ― 5004 киши (2009-жылы)[1], 2007-жылы ― 4963 киши.

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.