Кошоев Өмүрзак (1890, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы — 1971, ошол эле жер) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Кемин районундагы Ильич атындагы совхоздун баш чабаны, 1929-жылдан жылкычы. Ал 1948-ж. 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү