Кошой-коргон көрүстөнү – 6–10-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Каракоюн суусунун сол өйүзүндөгү жайылма тектирде жайгашкан. 14 дөбө мүрзөдөн турат. Ушул эле жердеги алгачкы мусулман көрүстөндөрү археолог К. Табалдиев тарабынан 1989-жылы изилденилген. Алардын ар биринин жер алдында сөөк көмө турган жайлары ар башка жана бир канча кишинин сөөгүн бир казанбакка жайгаштыра турган өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”

“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү

...