Кош Караташ мөңгүсүАтбашы кырка тоосунун түш. капталындагы катар жаткан өрөөн тибиндеги үч мөңгү.

Аксай суусунун (Какшаалдын негизги курамы) алабында жайгашкан. Чыгышындагысынын уз. 3,8 км, аянты 4,7 км2. Башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Ортоңку мөңгүнүн уз. 4,6 км, аянты 5,7 км2. Башы деңиз деңг. 4460 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Батышындагы мөңгүнүнуз. 3,4 км, аянты 3,9 км2. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4410 м. Абляция облусунун аянты 1,7 км2. Алардан Кош Караташ суусу башталып, Аксайга сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2