Коңур-Суу мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 7,6 км, аянты 12,4 км2. Кызыл-Суунун (чыгыш) сол куймасы – Каман суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5840 м, этеги 3640 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4240 м, абляциясынын аянты 5,5 км2. «Тили» морена менен текши капталган (5,6 км2). Мөңгүдөн Камандын сол куймасы – Коңур-Суу башталат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү